Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Атамбаев ЕАЭБны сындады


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык биримдигине ишенүүгө болбой калганын айтты.

Президент ЕАЭБ тууралуу пикирин Ак үйдө бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып билдирди.

Уюмга көз каранды болуп калбоо үчүн өкмөт башка өлкөлөр менен товар алмашуу жагын ойлонушу керектигин белгиледи. Экономисттер Кыргызстандын жаңы рынокту табуу аракети узак жылдарды аларын айтканы менен демилгени колдоого алышууда.

ЕАЭБдин багыты элчилерге айтылды

Президент Алмазбек Атамбаев 27-октябрда 12 өлкө жөнөткөн элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Евразия экономикалык биримдиги үмүттү актабаганын, ага Кыргызстандын экономикалык келечегин байлоонун кажети жоктугун билдирди:

- Тилекке каршы кыргыз-казак чек арасындагы абал биздин ЕАЭБге өтө эле көп үмүт артып алганыбызды көрсөттү. Албетте келечекте деле Кыргызстандын стратегиялык шериги Орусия болуп кала берет. Бирок акыркы кырдаал бизге экономикалык өнүгүүдө өзүбүздү алдап, ЕАЭБге өтө эле ишене бербешибиз керектигин далилдеп жатат. Себеби, бир адамга көз каранды болгон союз эч качан ишенимдүү болбойт.

Ушундан улам президент өкмөткө ЕАЭБ рыногуна тиешеси жок башка кошуна өлкөлөр менен товар алмашуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү туурасында тапшырма бергенин кабарлады.

- Айыл чарба продукцияларын чыгарууга альтернативдүү рынок катары алыска барып кереги жок. Жаныбызда 32 миллион калкы бар Өзбекстан турат жана 1,5 млрд эли менен Кытай турат. Ошондуктан өкмөт тез арада ушул өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү башташы керек, - деди Алмазбек Атамбаев.

Кара жолдон темир жолго

Кыргызстандын экономикалык блокададан чыгуунун бир аргасы катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун атаган Алмазбек Атамбаев айрым депутаттардын популисттик билдирүүлөрү долбоорду токтотконго салым кошконун айтууда.

Өзбекстан темир жолдун курулушуна ынтызарлыгын билдирген соң долбоор башталышы керектигин, өкмөт тез арада насыя табууга тийиштигине токтолду.

Алмазбек Атамбаевдин элчилерди кабыл алды. 27-октябрь, 2017-жыл
Алмазбек Атамбаевдин элчилерди кабыл алды. 27-октябрь, 2017-жыл

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу андан ары Түркмөнстан, Иран өлкөлөрү аркылуу Араб деңизине чейин чыкканга шарт түзөт. Маалында өкмөт бул долбоорду ашыргандан коркуп койгонун бүгүн жашырбай айтам. Анткени кээ бир депутаттар ала турчу насыяны сындап, колу-бутту байлап туруп алышкан. Бирок бул депутаттар маалында популизм менен иштегенин азыр турмуш көрсөтүп жатат.

Атамбаев темир жолду куруу үчүн Кытай жана Кыргызстандан түзүлгөн биргелешкен ишканага Өзбекстандын өкүлдөрү кириши керектигин, өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин долбоор боюнча макулдугу бар экенин кошумчалады.

Мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев кыргыз тарап Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курулушун тездетүүнү кааласа, Кытай сунуштап жаткан долбоор менен курулушту баштаса болорун айтты:

- Кыргызстанда буга чейин бул темир жолдун курулушуна суроо талап анчалык эмес болчу. Аны менен Кыргызстан темир жол курулса дагы Ат-Башы аркылуу деп айтпады беле. Бирок долбоорду тездеткибиз келсе, башка маршрут менен кете берсек деле болот. Эми мына Өзбекстан дагы макул болуп жатат. Демек 2019-жылга долбоорду жылдырып отурбай, келе жаткан жылдан баштап эле салып баштасак болот.

Темир жол демекчи президент кыргыз-казак чек арасы жабык кезде айыл чарба азыктарын Орусияга темир жол аркылуу жеткирүүгө болорун айтууда. Бул боюнча Орусиянын президенти Владимир Путин менен макулдашуу бар экенин да кошумчалады.

ЕАЭБ үмүттү актабай жатабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:17 0:00
Түз линк

Жаңы рынокту ЕАЭБден чыкпай издейбиз

Кыргызстандын ЕАЭБге киришине башынан эле каршы чыккандардын бири, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Евразия экономикалык биримдиги саясий уюм экенин коомчулук эми араң түшүнө баштады деген ойдо. Бирок Кыргызстан эми ЕАЭБден чыгып кетүү боюнча кызуу кандуулукту мындай коюп, уюмдун алкагында эле башка өлкө жана экономикалык уюмдар менен алакаларды жандантууну активдештириши керек деди:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

- Туура, биздин келечегибиз бул Өзбекстан менен жакшы мамилени кармашыбыз керек. Себеби Өзбекстан казак жана орустардай эле биздин маанилүү шеригибиз болуп эсептелет. Мындан башка Кытай менен мамиле түзгөнгө аябагандай кызыкдар болушубуз керек. Ошондой эле Европа мамлекеттери менен алаканы жакындатуу зарыл. Каалайбызбы же каалабайбызбы жаңы технология, завод-фабрикалар жөнүндө сөз болгондо бир гана Европадан бизге жакшы инвесторлор келиши мүмкүн.

Ушул жылдын 10-октябрынан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн. Алгач муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырса, 25-октябрда расмий Астана чек арадагы кырдаал кыргыз тараптын бажыдагы аткезчиликти көзөмөлдөй албагынан курчуганын айткан. Бирок коомчулукта коңшу өлкөнүн бул кадамы 8-октябрда Кыргызстандын президенти казак бийлигин сындагандан улам жаралганын айтылууда.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 2015-жылдын август айында толук кандуу мүчө болуп кошулган. Анда Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Кыргызстан аймагында товарды бажы көзөмөлүсүз сатууга шарт түзүү каралган.

Атамбаев ЕАЭБны сындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:38 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG