Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Сарыбаев: "Кайыр сураганды" токтотуш керек


Айылчы Сарыбаев
Айылчы Сарыбаев

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБдин алкагында Казакстан убада кылган 100 миллион доллар грантты алуудан баш тартты. Өкмөт мындай кадамды аталган каражатка муктаждык жок калганы менен түшүндүрүүдө. Ушул темага байланыштуу “Азаттык” экономиcт Айылчы Сарыбаевди кепке тарткан.

“Азаттык”: Айылчы мырза, кыргыз өкмөтү ЕАЭБдин алкагында Казакстан бере турган 100 миллион доллар грантты алуудан баш тартты. Сиз кыргыз бийлигинин бул кадамын кандайча баалап жатасыз?

Айылчы Сарыбаев: Кыргызда бир жакшы сөз бар, “өзүн бага албаган, ата-энесин эч качан бага албайт” деген... Анын сыңары “өз жанын, өз элин бага албаган өлкө” ал өлкө эмес. Бул чоң мааниси бар сөз. Анткени кыргыз эли ушул кезге чейин жарытылуу өлкө башчыларына ээ боло албай, башка өлкөлөрдөн, түз маанисинде кайыр сурап келатат. Президенттер каякка барса эле акча сурайт, кайда барса эле жардам сурайт. СССРдеги 15 өлкөнүн ичинен эң алсыз, эң чабалы биздин республика болуп калды.

Экинчи жагынан алганда, бизде көмүскө экономика абдан чоң деңгээлде, 60-70% чейин жетет. Ошону легалдаштырып, ачыкка чыгарып, бардык салыкты мамлекеттик чөнтөгүнө төктүрүп коюшса эле, биздин өлкө да башка өлкөлөрдөн акча сурабай турган деңгээлге жетет элек.

Андыктан бийликтин азыр кабыл алган чечими бир жагынан, экономикалык жактан алганда туура. Биздин өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук колдонсок, ошонун баарын иштетсек, бул акыбалдан чыгып кетебиз. Экинчи, саясий жагынан алганда, ЕАЭБге киргенден кийин бардык өлкөлөрдө шарт бирдей болушу керек эле, эки киши айтышып калды деп, эки өлкөнүн ортосуна чуу салбаш керек эле. Ал болбогон иш.

Чек аранын тосулушу бул биринчи жолу болуп жаткан жок, мурда да болгон. Андыктан биз да кичине башыбызды өйдө көтөрүп, өзүбүздүн байлыктарыбыз, өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүз менен оокат кылабыз дешибиз керек.

Үчүнчүдөн, биз ушул чек ара, жол маселесине келгенде абдан акырын, ташбака жүрүш менен жүрүп жатабыз да. Бул толук биздин өкмөттүн күнөөсү. Диверсификация деп коет, төрт тарабыбызда төрт өлкө бар. Эмне үчүн ушул күнгө чейин ошолорго чоң-чоң жолдорду курбайбыз. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолу турат, аны эмнеге создуктуруп жатабыз. Эмне үчүн ушул кезге чейин өлкөнүн ичинде логистикалык борборлорду кура элекпиз? Мына ушул сыяктуу маселелер алдыда турат, аны создуктурбай, тезирээк чечүү керек.

Анан биз негизи ЕАЭБден көп нерсени күтүп алганбыз, бирок анын баары аткарылышы кыйын экени көрүнүп калды. Бир уюмга бириккенибиз менен биздин ортобузда мамиле азырынча өтө начар экенин сезип калдык. Буга чейин мындай мамиле Орусия менен Беларустун ортосунда да болгону буга далил.

“Азаттык”: Азыр өкмөт мүчөлөрү “бул акчага муктаждык жок, ал акча жумшалмакчы болгон лабораториялар курулуп бүттү” дегендей мааниде айтып жатпайбы. Сиздин байкооңузда лабораториялар чындап эле талапка жооп бере ала тургандай курулуп бүттүбү?

Айылчы Сарыбаев: Курулуп бүтпөсө, бүтүрүш керек. Эгер алар Кыргызстан лабораторияны кура албайт дешсе, өздөрүнө курдуруп, анан алып чыгып кете тургандай кылыш керек. Мунун толтура формула, толтура жолдору бар.

Экинчиден, биз өзүбүздүн ички рыногубузду азыр толтура элекпиз. Кезек күтүп турган жүк ташуучу унаалардын ичиндеги товарларды ушул Кыргызстандын ичинде сатса да болот, ушул жерде эле кайра иштетсе да болот. Биз ошону ойлобой жатабыз да. Биздин бүтүн өлкө өндүргөн продукция менен биз Кытайдын бир шаарын да чапчый албайбыз. Бул жагын да караш керек. Бул жагы Өзбекстан, Тажикстан, тиягы Түркия, Иран турат. Эмне үчүн биз алар менен деле мамиле куруп, жол салып, карым-катыш жасап, экономикалык маселелерибизди чечсек болбосун.

Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

“Азаттык”: Сиздин оюңузча акыркы кыргыз-казак чек ара кризисин кантип чечүү керек?

Айылчы Сарыбаев: Азыр мына Орусияга бүт дүйнө санкцияларды киргизип кысып жатпайбы, булар ошондон пайдаланып, жанталашып экономикасын бир топ чыңдап жатышат. Биз да ошого окшоп, жалгыз эле казактарды карап олтурбай, алардын чек араны жабышынан пайдаланып, жанталашып, башка жолдорду табыш керек. Биз бул кризисти мүмкүнчүлүк катары да карап, аракетти күчөтүшүбүз керек.

Андыктан кыргыз-казак чек арасындагы соңку маселеге кейибеш керек. Муну менен өкмөт ойлонуп, жаңы жыйынтыктарды чыгарып, ал жаңы бир стратегиялык кадамдарды ойлонууга түрткү бериши зарыл. Мындан ары кандай иштешибиз керек, эмне чараларды көрүшүбүз керек деген суроолорду ойлонуп, эмне үчүн такай эле Казакстанга көз каранды болуп турушубуз керек деген маселени кабыргасынан коюп, ошондон бүтүм чыгаруу кажет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG