Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Чек арадагы чектөө ишкерлерге сокку урду


Казакстанга кире албай турган автоунаалардын кезекги 10 чакырымга чейин созулат.
Казакстанга кире албай турган автоунаалардын кезекги 10 чакырымга чейин созулат.

Казакстан менен чек арадагы чектөөлөрдүн натыйжасында кыргызстандык ишкерлердин чыгымдары эсептелүүдө.

Экономика министри Артем Новиков ишкерлер тарткан зыянды калыбына келтирүүгө өкмөт колдоо көрсөтө турганын айтты. Дүйнөлүк соода уюму аркылуу чектөө киргизген тараптан зыянды өндүрүүгө аракет жасаларын да кошумчалады.

Ишкерлер экспорт менен кошо импорттун агымы да кыйындап, чектөөлөр тышкы соодага терс таасирин тийгизгенин айтып чыгышты.

Чыгымдарды төлөө талабы

Кыргыз-казак жана орус-казак чек араларында Кыргызстанга келе жаткан жана сыртка чыга турган жүк менен жүздөгөн унаалардын кезеги бир нече чакырымга созулганы белгилүү болду.

Экономика министри Артем Новиков кыргыз-казак жана орус-казак чек ара тилкелеринде турган Кыргызстандын жүк ташуучу унаалары жумалап кезек күтүп жатканын белгиледи. Мунун натыйжасында ар бир фуранын бир күндүк чыгымы 100 долларга барабар экенин билдирди.

"Айдоочу" коомдук бирикмесинин төрагасы Айдарбек Турсуниязов жүк ташуучулар учураган зыянды төлөп берүү өтүнүчү менен өкмөткө кайрылды:

- Сиздер биздин жүк ташуучуларга да кенемте төлөп беришиңиздер керек. Өкмөт аны өзү төлөйбү, ЕАЭБ төлөйбү же Казакстандан төлөтүп бересиздерби, айтор биз зыяндын ордун төлөп берүүңүздөрдү суранабыз. Биз тарткан чыгымдардын баарын эсептеп чыгып, тизмелерди беребиз. Ошонун баарын төлөп бергиле. Айдоочулар ушул суукта ачка-ток канча күндөн бери чек арада жатабыз. Дагы рахмат, эл-журт бар экен. Элдин колдоосун билдирүүдө. Бул жактагы эле айдоочуларды айтып жатабыз. Тигил жакта орус-казак чек арасында дагы биздин канчалаган жүк ташуучулар кезек күтүп кесерип отурат. Казакстан башка өлкөлөрдүн жүк ташуучуларын өткөрүп туруп, биздин айдоочуларды чек арадан өткөрбөй кармашууда. Кезек күтүп отуруп бир жума дегенде Казакстандын аймагына кирип, андан бери дагы бир топ чыгым болуп жатабыз.

Бишкек-Астана чек ара боюнча мунаса тапкан жок

Бишкек-Астана чек ара боюнча мунаса тапкан жок

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартты.

Кыргызстандан ар түрдүү өнөр жай, тигүү товарларынан сырткары айыл чарба продукциялары чек арадан өтпөй турса, Казакстан тараптан Кыргызстанга кирчү ак май, көмүр, ун жана ун азыктары сыяктуу товарлар киргизилбей жатканы белгилүү болду.

Экономика министри Артем Новиков өлкөдө азык-түлүктүн запасы азырынча жетиштүү экенин айтып, социалдык чыңалууга негиз жоктугун билдирди. Артем Новиков товарлары чек арадан өтпөй зыянга учураган ишкерлерге өкмөт колдоо көрсөтөрүн убада кылды:

- Биз жакында ишкерлер жана жүк ташуучулар тартып жаткан чыгымдарды эсептей баштайбыз. Ошол чыгым тарткан компаниялар боюнча тиешелүү маалыматтар топтолуп чыккан соң биз алардын чыгымдарын калыбына келтирүүгө өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүү механизмдерин сунуштайбыз. Ошол чыгымдарды эл аралык аянтча аркылуу төлөтүүгө келсек, мындай механизм ДСУнун алкагында каралган. Биздин ишкерлердин тарткан чыгымдары ырасталып, уюм тарабынан мына ошондой чечим чыккан учурда доомат коюлган тарап, ал чыгымдын баарын төлөп берүүгө милдеттүү болот.

"Ак жол" бекети
"Ак жол" бекети

Ошол эле кезде "Дордой" жана "Кара-Суу" сыяктуу ири базарларда соода жүгүртүү жайлап, тыштан товарларды ташуу же сыртка ташып чыгаруу кыйынчылыкты жаратып жатканы айтылды.

"Дордой" базарынын кесиптик кошуундар бирикмесинин төрайымы Дамира Дөөлөталиева абалды жөнгө салууга багытталган жол картасына кол коюлбай калганын тынчсыздануу менен кабыл алышканын билдирди:

- Биз жол картасына кол коюларын чыдамсыздык менен күтүп жатканбыз. Тилекке каршы, өзүңүздөр көрүп тургандай, кырдаал аябай эле оорлоп баратат. Биздин соодагерлер жана өндүрүшчүлөрдүн күзгү соода сезону үзгүлтүккө учурады. Биздин ишкерлердин насыялары бар, алар салык төлөш керек. Элестетип көрүңүздөрчү, бир эле "Дордой" базарындагы жоготуулар канча болушу мүмкүн? Базардагы соода азыр толугу менен токтоп жатат.

Үчүнчү тарапка артылган үмүт

Экономика министри Артем Новиков кыргыз өкмөтү учурда чек арадагы абалды ЕАЭБ жана Дүйнөлүк соода уюмунун кийлигишүүсү менен жөнгө салууга ниеттенип жатканын жашырган жок. Артем Новиков ал уюмдар берилген арызды жакын арада карашына үмүт арта турганын билдирди:

- Биздин арыз ЕАЭБ менен бирге эле ДСУга да берилген. ДСУнун регламентине ылайык, биздин ошол маселе анын тиешелүү комитетинин жакын арада өтө турган жыйынынын күн тартибине киргизилиши керек. Биздин арыз мына ошол жыйындын күн тартибине киргизилери менен биздин Кыргызстандын өкмөтү анда чек арадагы жагдай боюнча баяндама менен чыгат.

Жакында Ереванда өткөн өкмөттөр аралык жыйында Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев кыргыз-казак чек арасындагы чектөөлөр Кыргызстан аркылуу биримдиктин аймагына кирип жаткан контрабандалык товарлардын агымын ооздуктоого байланыштуу экенин айтып, абал жакшырмайынча күчөтүлгөн текшерүүлөр токтотулбай турганын билдирген болчу. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков мунун баары жөн эле шылтоо экенин белгилеп, Кыргызстан Казакстан тарабынан соода-транспорттук чектөөлөргө дуушар болуп жатканын айткан эле.

Атамбаев ЕАЭБны сындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:38 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG