Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Чек ара: чыгым тарткан ишкерлерди ким ойлойт?


Кыргыз-казак чек арасындагы бекет.
Кыргыз-казак чек арасындагы бекет.

Кыргыз өкмөтү чек арадагы жагдайдан жабыр тарткан ишкерлерге, дыйкандарга кенемте төлөп берүү маселесин чече элек.

Өткөн аптада Экономика министрлиги зыяндын көлөмү аныкталат деп маалымдаган болчу.

Мындан эки апта мурун Казакстан Кыргызстан менен чек арасындагы өткөрмө бекеттерде текшерүүнү күчөткөн, ошондон тарта кыргыз тарапта жүздөгөн жүк ташуучу унаа шыкалып турат.

Экономика министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы соңку кырдаалдан зыянга учураган ишкерлердин чыгымы 18-октябрдан тарта эсептеле баштайт деп маалымдаган. Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков мекемелер аралык комиссия түзүлө электигин айтып, чыгымды эсептөө Астанада эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгына жараша болот деп билдирди:

- Бүгүнкү күндө комиссия түзүлө элек. Анткени азыр эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатпайбы. Ошол сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин чечим кабыл алынат. Мындан башка менде маалымат жок, эч нерсе деп айта албайм.

Ушул тушта Кыргызстандын вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов баштаган өкмөт өкүлдөрү Казакстандын Астана шаарында жүрөт. Анда беш күндүн ичинде казак-кыргыз чек арасындагы абалды жакшыртуу боюнча атайын протокол иштеп чыгып, макулдашып, кабыл алынат деп маалымдалган.

Жогорку Кеңештеги Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы, "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев өкмөт кенемте төлөп берүү жагына басым жасашы керек деп эсептейт:

- Кенемте сөзсүз берилиши керек. Мага дагы бир топ ишкерлер кайрылып жатат. Мисалы, кара өрүк ташыгандардын товары бир жума гана сакталат экен. Буюрса биз үчүнчү күнү парламенттин жалпы жыйынында сөзсүз муну көтөрөбүз.

Парламенттеги Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев бюджетте мындай учурларга кошумча каражат каралбаганын айтып, маселе оор экенине токтолду:

- Биздин көптөгөн жарандар зыянга учурады. Айрыкча тез бузула турган товар өндүргөн дыйкан-фермерлерибизге оор болду. Биз дагы парламенттен өкмөткө тапшырманы беребиз. Өкмөт деле бул тууралуу, зыян тарткандарга жардам бергенди ойлонуп жатат. Эми муну бюджеттен караш татаал. Өкмөт кандай чечимге келет, ошону карайлы. Эгер туура эмес чечимдер болсо парламентте да каралат. Алар биздин жарандар. Кандай жардам болоорун өкмөт дагы карап чыгышы керек, парламенттен дагы сунуштар болот.

Азамат Арапбаев.
Азамат Арапбаев.

Кыргызстандагы Бизнес ассоциациялардын улуттук альянсынын башчысы Улук Кыдырбаевдин пикиринде, кыргызстандык ишкерлердин материалдык чыгымдан сырткары ишкерлик беделине чоң доо кетти:

- Ар бир компания, ар бир ишкер кадыр-баркын бекемдөө үчүн көп иш кылат. Себеби ар бир базарда "ким менен иштесе болот, анын кадыр-баркы кандай, ишенсе болобу же жокпу" деген суроолор болот. Кыргыз-казак чек арасында "форс-мажор" окуя болду. Биз Казакстан аркылуу көп мамлекетке товар ташыйбыз. Ошол мамлекеттерде бизден барган товарларды күткөн кардарлар же өнөктөштөр кыргызстандык ишкерлер менен иштешүүдө эки анжы ойдо калышат. Эгер кайра эле ушундай окуялар катталса, чек ара дагы жабылса, кандай болот деген ойдо калышат. Бул абдан чоң зыян.

Буга чейин чек арада зыян тарткан ишкерлерге жана дыйкандарга кенемте төлөп берүү маселесин акыйкатчы Кубат Оторбаев көтөрүп чыккан. Ал өкмөттү чукул арада комиссия түзүүгө чакырган эле.

Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан 23-октябрда “Азаттык” радиосуна кабарлашкандай, “Ак-жол” жана “Ак-тилек” өткөрмө бекеттеринде тыгын уланууда, ал эми “Чалдыбар” жана “Чоң-Капкада” кезек күткөндөр жок.

Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариева:

- “Ак-жол” өткөрмө бекетинде 300дөн ашуун адам кезекте турат. Бул саат 10:00дөн кийинки кадимки көрүнүш болууда. 15-20 мүнөттө 30дай адамды өткөрүп жатышат. Ал эми машиналар жарым саатта 7-8ден өтүүдө. Жеңил унаа, маршруттук такси жана автобустардын саны 40ка жакын. “Ак-тилекте” жүк ташуучу автомашиналардын тыгыны дагы эле бар. Учурда 400дөн ашуун машина турат. Казак тарап саатына сегиздей фура киргизүүдө. Ал эми “Чоң-Капка” жана “Чалдыбарда” тыгын жок, - деди.

Оор жүк ташыган айдоочулар бирикмесинин өкүлү Максатбек Дүйшеев да жөө жүргүнчүлөр жана жеңил машинелердин чек арадан өтүүсү жеңилдегенин, бирок оор жүк ташуучу автоунааларга дале кыйын болуп жатканын маалымдады.

Премьер-министр Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып, казак өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев менен жолугушкан.

Натыйжада казак тарап 19-октябрдан тартып жөө адамдардын, жүргүнчү ташуучу, бош жүк ташуучу автоунаалардын өтүү тартибин мурдагыдай кылып жеңилдеткен. Бирок жүк ташуучу автоунаалардын көйгөйү толук чечиле элек.

Астанада болгон 18-октябрдагы жолугушууда казак өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын аткарбай жатканын билдирип, аны кыргыз тарап да мойнуна алганын айтып чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG