Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:43

Кыргызстанда президенттик шайлоого үч күн убакыт калды.

Учурда өлкөдө саясий кырдаал кызып, кыргыз-казак чек арасындагы акыркы абал көп талкууларды жаратууда. Өлкөдө президенттик шайлоону тынч, мыйзам чегинде өткөрүү үчүн кыргыз бийлиги жана коомчулугу эмнелерге көңүл бурушу керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна мамлекеттик-саясий ишмерлер Накен Касиев жана Эмилбек Каптагаев катышты.

“Азаттык”: Накен мырза, бүгүнкү күндө эң көп талкууланган тема Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы мамиле, эки өлкөнүн чек арасындагы абал болуп жатат. Казак тарап чек арадагы көзөмөлдү күчөтүп, жарандардын өтүшү кыйындады. Муну расмий Астана кандайдыр бир себептер менен түшүндүрбөсө да, саясий чөйрөдө өткөн апта соңунда президент Алмазбек Атамбаевдин эмоционалдуу билдирүүсүнө жооп катары баалап жатышат. Сиз кандай ойдосуз?

Накен Касиев: Чек арадагы кырдаал баарыбызды абдан тынчсыздандырып жатат. Казак менен кыргыз илгертеден кыз алып, кыз берген боордош эл. Акыркы кырдаал элибизге, анын ичинде ишкерлерге кедергисин тийгизчүдөй болуп жатат. Картошкадан баштап, эт азыктарына чейин бул өлкө аркылуу сатабыз.

Биз ЕАЭБге кирип, жемиштүү кызматташтык жүргүзүп жатканбыз. Ошондуктан азыркы абал абдан түйшөлтүп жатат. Эки тарап тең эмоцияга алдырбай, айрыкча жетекчилер кандайдыр бир чечим кабыл алууда же бир сөз айтарда элдин кызыкчылыгын ойлоп, кырдаалды талдап туруп иш кылбасак, саясатта стабилдүүлүккө доо кетирет.

Өзбекстан менен бир топ жылдан бери салкындап калган карым-катнаш оңолуп, элибиз сүйүнүп турган кези. Ушундай кырдаалда казак тарап да, биз тарап да терең ойлонуп, эртели-кеч калыбына келе турган мамилени тезинен оңдоо зарыл болуп турат.

“Азаттык”: Жаралган кырдаал ири саясий өнөктүк президенттик шайлоонун босогосунда турган Кыргызстандын коомдук-саясий абалына кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Эмил Каптагаев: Биринчиден, азыркы саясий кырдаалды курчутууга бийлик кызыкдар эмеспи деген пикир коомчулукта жаралып жатат. Бул абдан жаман көрүнүш. Мунун артында кандай саясий кызыкчылыктар бар, кандай аракеттер бар - кеп ушунда.

Ал эми экинчи жагы, кандай гана деңгээлдеги шайлоо болбосун сөзсүз кан кызыйт, эрегиш күчөйт. Биздин мамлекетте биринчи жолу чыныгы атаандаштыктын негизинде шайлоо өткөнү жатат. Бул элдин башынан өтө элек шайлоо. Муну көрүп, аягына чыгышыбыз керек. Ошон үчүн жалпы талап - бийлик, бийлик органдары шайлоого катышып жаткан бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп бериши керек. Эл ушуну талап кылууда.

Ал эми азыркы түзүлгөн кырдаал боюнча айтсак, кыргыз-казак мамилеси да шайлоого байланыштуу деп жатышат. Бул жерден бир тууган эл болсок, бир тууганчылык үчүн президенттин айткандарын кечирип эле койбойбу деген сөзгө буруп, күнөөнү коңшу өлкөгө жана башчысына оодаруу аракети болуп атат.

Экинчи жагынан, Казакстан эле эмес, кайсы өлкө болбосун коңшу мамлекеттин башчысы дүйнөгө жар салып, “биздин өлкөдө тополоң чыкканы жатат, көтөрүлүш болгону жатат, мындай коркунуч абдан катуу, ошон үчүн мамлекет башчылары чогулган жерге бара албайм” деп жатса, бизге жакын коңшу Казакстан эмне кылыш керек? Карап отура албаса керек. Мына бул жагынан биз коңшу өлкөнүн мамилесин түшүнүү менен кабыл алышыбыз керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG