Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Шайлоого жакын өзгөргөн дарек


Мамлекеттик каттоо кызматы башка жерде шайлоого уруксат алуу үчүн толтурулуучу №2 формага байланыштуу арыз-даттануулар түшүп жатканын тастыктады.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын акыркы тизмеси 12-октябрдан кеч калбай аймактык добушканаларга илине турганын билдирип жатат. Байкоочулар бул ирет негизги талаш кошумча шайлоо участоктор менен №2 формага байланыштуу чыгышы ыктымалдыгын билдирүүдө.

Өзгөн жана Кара-Суу райондорунун тургундары журналисттерге кайрылып, алардын шайлоо даректери Ош шаарындагы участоктордо чыгып калганын билдиришти.

Мындай көрүнүшкө 200дөн ашык адам кабылганын айтып, ордуна башка бирөөлөр арызды толтуруп койгонун белгилеп жатышат. Бул жорукту жасады деген кишилер комментарий берише элек.

Шайлоо алдында "дарегин алмаштыргандар" көбөйдү

Шайлоо алдында "дарегин алмаштыргандар" көбөйдү

Кыргызстанда президенттик шайлоодо №2 форма менен добуш берүүнү каалагандардын саны 314 миңден ашты.

"Шайлоо дарегибиз өзгөрүп калды" деп даттангандардын дээрлик баары Dragons тармактык маркетинг уюмунун мүчөлөрү. Алардын бири Өктөм Абдыкадырова Өзгөндө жашайт. Уюмга мүчө болуп кирерде берген паспортунун нускасын пайдаланып, топтун лидерлери №2 формадагы арызды уруксатсыз толтуруп койгонун айтып даттанды. Жаңы дарек боюнча ал Ош шаарындагы “Жомок” балдар бакчасында жайгашкан №5555 шайлоо участогунда добуш бериши керек:

- "Эмне үчүн андай кылдыңар, уятыңар барбы?" деп жатабыз. Шайлоочу өзү эч нерсе билбейт. Паспортторубуздун көчүрмөсүн Анара, Венера, Майрам деген эжелер алышкан. Кагазга биздин атыбыздан ушул эжелер кол коюшкан. Эми качып жүрүшөт.

Алдангандардын дагы бири Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Октябрь айылынын тургуну Айгүл Абдыгапарова:

- Өздөрүнүн билгенин кылып жатышпайбы. Мен Мамлекеттик каттоо кызматынын 119 кызматынан сурасам, дарегим Ош шаарындагы “Жомок” балдар бакчасында экен. Дайыма шайлоого айылдан катышчумун. Өздөрү билип эле биздин добуштарыбызды пайдаланыша береби? Бир ооз сурап коюшпайбы. Ушинтсе нааразы болобуз да.

Бул сыяктуу жагдайга туш болгондор эки жүз чамалуу экени айтылды. Сөз болгон Dragons уюму Оштогу Алиев көчөсүндө 215-үйдө жайгашкан. Топбашы аялдар комментарий берүүдөн баш тартып, "Азаттыктын" кабарчысы барган кезде кеңсени таштап кетип калышты.

№2 формадагы арызга байланыштуу шайлоо даректери алмашып калган аялдар азырынча эч бир органга кайрылыша элек. Алар муну бийлик сүрөгөн талапкердин жактоочулары жасады деп жатышат. Бирок КСДП президенттикке сунуштаган талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ош облусундагы шайлоо штабы муну куру доомат деп атады.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Расул Кадыров жабыркагандар арыз жазышы керектигин, ошондо гана териштирүү жүргүзүлөрүн билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматы айрым жарандардан №2 формадагы арызга байланыштуу мыйзам бузуулар болсо тартип коргоо органдарына кайрылууну сунуштап жатат. Мекеменин жетекчиси Дастан Догоевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, учурда үч адамдан №2 формадагы арызды башка бирөөлөр толтуруп койгону тууралуу арыз түштү.

- Азыркы убакта "№2 форманы биз толтурган эмеспиз, эмнеге анын негизинде башка шайлоо участогуна жылып кеткен?" деген арыз да түшкөн. Мыйзам боюнча бекитилген жобо боюнча ар бир шайлоочу өзү добушканага келип, №2 форманы өз колу менен толтуруп тапшырышы керек. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы аны бышыктап, өзүнүн кол тамгасы менен бекитет. Эгер алар чын эле №2 форманы толтурбаса, анда аны бирөө жасаган дегенди билдириши мүмкүн. Ошондуктан алар тиешелүү укук коргоо органдарына арыз жазып кайрылышы керек. Бул арыздар боюнча текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгын БШКга жөнөттүк. Алар юридикалык баа бериши керек.

№2 форма паспорттогу каттоодон башка жерде шайлоого уруксат алуу үчүн толтурулуучу арыз. Каттоо кызматы мындай арыз менен 314 миң жаран шайлоого катышарын маалымдоодо.

Ал арада 12-октябрдан кеч калбай добуш берүүчү шайлоочулардын акыркы такталган тизмеси бардык добушканаларга илине баштайт. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул тизме мындан ары өзгөртүүгө жатпайт жана тизмеге кирбей калган жарандар добуш бере албайт. Ал эми №2 форма боюнча арыздангандардын маселеси шайлоодон кийин каралышы ыктымал.

- Шайлоочулардын тизмеси шайлоо документи болуп эсептелет. Эгер кимдин ага тиешеси болсо, ал далилденсе документти жасоого тете болуп, административдик жоопкерчилик тартат. Шайлоого чейин биздин мүмкүнчүлүгүбүз деле жок аны териштиргенге. Параллелдүү жүргүзүлүп жатат, бирок ал аныкталганга чейин тиешелүү экспертиза дайындалышы мүмкүн. Териштиргенден кийин баа берүү боюнча чечимдерди кабыл алабыз. Мыйзам боюнча шайлоого үч күн калгандан кеч эмес акыркы тизме илинет. БШК тарабынан шайлоочулардын акыркы тизмеси басылып чыгып, мөөрү менен жер-жерлерге таратылат. Шайлоо тизмеси эртеңден кеч калбай илиниши керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын дагы бир мүчөсү Атыр Абдрахматова элдин нааразылыгын туудурбашы үчүн №2 формага байланыштуу маселени тез арада иликтөөнү сунуштап жатат.

- Чындап эле шайлоочулар арыздарды өздөрү жазганбы же жокпу иликтешибиз керек. Мыйзам боюнча №2 форманы ар бир жаран өзү толтуруп, таштап кетиши керек. Жарым жылдын ичинде эле №2 форма толтуруп, добуш берүү дарегин алмаштыргандар эмне себептен беш эсе көбөйүп кеткени иликтениши зарыл. 2015-жылда ушул эле форманын айынан эл арасында “Кыргыздардын улуу көчү башталды” деген тамаша-чыны аралаш сөздөр айтылган. Анткени ошол учурда Токтогул районундагы шайлоочу Нарындагы тизмеден, Көлдө жашаган адамдар Оштон чыккан учурлар болгон. Натыйжада алар добуш бере албай калышкан. Бул президенттик шайлоодо дагы ушундай көп адамдар чыгып калышы мүмкүн.

Буга чейин коомчулукта айрым талапкерлердин үгүтчүлөрү жарандардын паспорт көчүрмөсүн чогултуп жатканы айтылган. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы паспорттун көчүрмөсүн үгүтчүлөргө бербөөгө үндөгөн. Байкоочулар үгүттүн паспорт көчүрмөсүн чогултуу ыкмасы добуштардын сатылышына жол берип жатат деген тынчсыздануусун билдиришкен.

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев кошумча участоктор бул жолку шайлоодо маселе жаратышы ыктымалдыгын эскертүүдө.

- Паспорттордун көчүрмөсүн чогулткандын жыйынтыгы, ошонун негизи азыр чыгып жатат. Мындай маселе боюнча кайрылып жаткан жарандардын арыздарын текшерип, ким аркылуу толтурулган, ким өткөргөн ошону жоопко тартканга толук негиз бар. Кайсы участокко, ким киргизгенин аймактык комиссия жооп бериши керек. Экинчиден, кошумча шайлоо участоктордун мыйзамдуулугун БШК азыркыга чейин ырастабай жатышат.

Бишкекте 33 кошумча шайлоо участогу ачылган. Ал эми соңку такталган тизмеге ылайык, 15-октябрда боло турган президенттик шайлоого катышуу тизмесине жалпысынан 3 25 770 шайлоочу кирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG