Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Мамкаттоо: үгүтчүлөргө паспорттун көчүрмөсүн бербегиле


Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоо учурунда талапкерлердин үгүтчүлөрүнө паспорттун көчүрмөсүн жана идентификациялык номурларды бербеш керектигин эскертти.

Мамкаттоонун басма сөз кызматынан маалымдашкандай, үгүт өнөктүгү башталгандан бери айрым талапкерлердин үгүтчүлөрү шайлоочуларды ID паспортун биометрикалык паспортко алмаштырууга чакырып, болбосо шайлоого катыша албай калышарын айтышкан.

"Добуш берүүгө шайлоочу кадимки ID паспорт менен да, алмаштырылган жаңы паспорту менен да киргизилет, айырмасы жок" деп маалымдаган Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды өздөрүнүн аты-жөнүн шайлоочулардын тизмесинен кечикпей текшерүүгө да үндөөдө. Бул үчүн жарандар өздөрү катталган участкалык шайлоо комиссиясына барып же БШКнын расмий сайтынан биле алышат. Мындан тышкары акысыз 119 номуруна түз чалып да билүүгө болот. Ушул эле номурга СМС билдирүү жиберүү аркылуу да аты-жөнү шайлоочулардын тизмесинде бар-жогун аныктай алышат деп билдирет Мамлекеттик каттоо кызматы.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Учурда ага катышууну каалаган 13 талапкер үгүт иштерин жүргүзүп жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG