Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Атамбаев: Бабановду колдоо үчүн мага 20 млн доллар сунушташкан


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Бул тууралуу бүгүн 15-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте добуш бергенден кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал шайлоочуларды эч нерседен кооптонбой добуш берүүгө үндөп, шайлоо таза өтөрүнө ишенерин кошумчалады.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов тууралуу айтып ал:

- Бабанов ушул жылы дээрлик ар бир жумада, эки жума сайын үйүмө барып турчу. Биздин үй-бүлө жазында, жайында Бабановдун шаар четиндеги чарбасынан кулпунай, бүлдүркөн жеп келишчү. Анан эле 1,5 ай мурда мени “аби” деген (түркчө "ага" – авт.) Бабанов мени жамандап чыкты. “Сиздин жолуңузду мен гана улантам” деген Бабанов “биз башка жол менен баратабыз” деп билдирип чыкты. Мага Бабановду колдоо үчүн анын атынан чет өлкөлүк олигарх келип 20 млн доллар сунуштаган. Мен сатылбай турган нерселер бар экенин айттым.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабы бул тууралуу комментарий бере элек.

Президент Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева менен чогуу Бишкектеги №5 кесиптик-техникалык окуу жайда жайгашкан №1209 шайлоо участогуна келип добуш берди.

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. 11 талапкер ат салышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG