Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:48

Бабанов Жээнбековго: ниеттерибиз окшоштугуна ишенем


Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов.
Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов.

Парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Өмүрбек Бабанов бүгүнкү бийлик алмашуу боюнча билдирүү таратты. Анда Бабанов Сооронбай Жээнбековду кызматка расмий киришүүсү менен куттуктаган.

- Сооронбай Шарипович, бүгүн сиз чоң миссияны колуңузга алдыңыз. Ал Алмазбек Шаршенович Атамбаев түптөгөн тынчтык менен туруктуулук жолун улантуу. Элибизди өнүгүү жолуна багыттоо, өлкөбүздөгү демократиялык жана укуктук башаттарды күчтөнтүү эми сиздин колуңузда. Кыргызстандын биримдиги жана бүтүндүгү – эң бийик баалуулук, андыктан ниеттерибиздин окшош экендигине ишенем. Таза, акыйкаттуу, жарандардын эрки менен тандоосун алга сүрөгөн башкаруучу элдин ишенимине, колдоосуна сөзсүз ээ болот. Кыргызстан мыйзамдын үстөмдүгүн толук орнотуп, олуттуу реформалар аркылуу өнүгүүгө жетишүү менен аймакта гана эмес, дүйнөдөгү үлгүлүү мамлекет болот деп ишенем, - деп жазылган Бабановдун "Республика-Ата Журт" фракциясы аркылуу таратылган билдирүүсүндө.

Өмүрбек Бабанов 15-октябрдагы президенттик шайлоодо ат салышып, жарышта экинчи болуп келген. КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбековго утулуп калган. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндөгү талапкерлердин теледебатында Сооронбай Жээнбеков президенттикке келсе коррупция менен күрөштү Бабановдон баштарын билдирген.

Башкы прокуратура 4-ноябрда Бабанов менен башка адамдарга Кылмыш кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-берененин биринчи бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча иш козголуп, Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилгенин жарыялаган. Кылмыш иш козгоого Бабановдун үгүт иштери маалында Ошто сүйлөгөн сөзү негиз болгону кабарланган. Депутат өзүнө жалган жалаанын негизинде иш козголгонун айтып, тагылган айыпты четке каккан.

Ал 13-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери кызматынан кеткен. Мындай кадамы тууралуу түшүндүрмө берген учуруда чет мамлекетте ден соолугун чыңдап жатканын айткан, бирок кайсы өлкөдө экенин тактаган эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG