Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Астана аткезчиликтин бетин ачтыбы?


Казакстандын Башкы прокуратурасы тараткан билдирүүдө "кармалган шектүүлөргө жооптуу кызмат адамдары жардам берип турган" деп айтылат.
Казакстандын Башкы прокуратурасы тараткан билдирүүдө "кармалган шектүүлөргө жооптуу кызмат адамдары жардам берип турган" деп айтылат.

Казакстандын Башкы прокуратурасы күч түзүмдөрү 15-16-февраль күндөрү өткөргөн масштабдуу операциянын чоо-жайын маалымдап, кармоо учурунда тартылган видеолорду таратты. Бажы аткезчилигине байланыштуу кармалган 30дан ашуун кишинин арасында кыргыз жарандары, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени тастыкталды.

Казакстандын Башкы прокуратурасы жарыялаган видеодо мекеменин расмий өкүлү Оксана Лоскутова бир нече чек ара өткөөлүндө түзүлгөн туруктуу аткезчилик жолдорунун бети ачылганын билдирди:

- Бүгүнкү күндө 35 шектүү киши кармалды. Арасында Кыргызстандын үч жараны, бажы органдарынын, чек ара кызматынын расмий өкүлдөрү, брокерлер, ортомчулар жана уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бар. Соттун санкциясы менен 33 киши камалды. Атайын операция узакка созулган оперативдүү иштерден кийин жүргүзүлдү. Казак-кытай чек арасындагы "Алтынкөл", "Калжат" жана "Хоргос" бажы посттору, казак-кыргыз чек арасындагы "Кара-Суу" жана "Кордай", Өзбекстан менен чек арадагы "Сарыагаш", "Казыкурт", "Атамекен" жана "Капланбет" участкаларында эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз жол менен ташуу схемаларынын бети ачылды.

​Башкы прокуратуранын өкүлү контрабандалык товар Казакстанга Кытайдан түз эле же жасалма документтер, бажы системасындагы тымызын схемалардын жардамы менен Кыргызстан аркылуу киргизилип турганын белгиледи.

Кармалган шектүү адамдарга чек ара кызматындагы бажы органдарынын жооптуу кызматкерлери жардам берип жүргөн. Алар бажы төлөмдөрүн арзандатып, жүктү коштоону камсыз кылышчу. Андан ары товарлар Казакстан жана Орусиянын ири шаарларына жөнөтүлүп турган.

Лоскутованын айтымында, казак-өзбек чек арасында бажы кызматкерлери жүктү бажыдан өткөрүүнү тездетиш үчүн пара алып келишкен. Бардыгы болуп операциянын жүрүшүндө сегиз кылмыштуу топ жок кылынганы кабарланды. Учурда экономикалык аткезчилик, трансулуттук кылмыштуу топ түзүү, коррупция фактылары боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Андан тышкары 76 жерде тинтүү жүргүзүлүп, чоң суммадагы акча конфискацияланган.

Атайын операция учурунда кармалган кыргызстандык жарандардын арасында Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Дамирбек Асылбек уулу да бар болуп чыкты.

Кыргызстан окуянын чоо-жайын сурап, коңшу өлкөгө нота жибергенден кийин 18-февралга караган түнү Казакстандын Тышкы иштер министрлиги ага жооп берип, депутат колго түшкөнүн ырастаган.

Түз линк

Астанадагы Борбор Азияда демократияны өнүктүрүү фондунун жетекчиси Толгонай Умбеталиева коңшу эки өлкөнүн бийликтери канткенде чек арадагы аткезчилик менен коррупцияны ооздуктап, ачык-айкын система кура аларына токтолду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG