Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:55

Казакстанда көчөдөгү дааватка тыюу салынды


Алматы көчөлөрүндө Курман айтты майрамдоо учуру, 1-сентябрь, 2017-жыл

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (12-19-февраль)

Eurasianet басылмасынын Казакстандагы талдоочусу Алмаз Куменов акыркы учурда өлкөдө радикалдык маанайдагы исламчыларга карата бир катар чектөөлөр киргизилип жатканын баяндайт. Узун сакал коюуга, мечиттен тышкаркы жайларда, үй, көчөлөрдө дааватка тыюу салынып, мектепке жоолук оронуп келүүгө уруксат берилбейт.

2017-жылдын этегинде кабыл алынган жаңы эрежелерге ылайык, казакстандык динчилдерге эми өз көз карашын бирөөгө таңуулаган талаш-тартыштарга да катышууга тыюу салынат. Актау шаарынан Алматыга көчүп барган Санат аттуу адамдын мисалында макалада өлкөдө жүрүп жаткан диний реформалар талданган.

Дин иштери боюнча министр Нурлан Ермекбаев радикалдык маанайдагы чакырыктарды жасап, узун сакал коюп, дамбал кийип жүргөндөргө айып салынарын эскертти. Биринчи жолу тартип бузгандарга полиция эскертүү берет. Эгер эскертүүгө карабай, ал адам башкалардын ишенимин кемсинтип, динге үгүттөгөн радикалдуу чакырыктарын жасай берсе адегенде 370 доллар, андан соң 740 доллар айыпка жыгылат.

Макаланын каарманы Санат мындай тыюу анын укугун бузуп жатканын, өзүнө диний эркиндик издеп эми Британия же Чехияга кетүүгө камынып жатканын айткан.

Казакстандагы изилдөөлөр атуулдардын 15 пайызы гана диний жөрөлгөлөрдү үзбөй аткарарын аныктаган. Айрым окумуштуулар экономиканы чыңдоо менен өлкөдө диний толеранттуулукту камсыз кылса болорун айтышкан.

Эрдогандын көзү жетпеген коркунуч

Foreign Policy аналитикалык журналы Түркиядагы чыныгы коркунуч күрттөр эмес, Сирия, Ирактан качкан "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери экенин белгилейт.

Февралдын башында New York Times гезити Ирак менен Сириядан качкан миңдеген жоочулар Түркияда жашынганын кабарлаган. Түркиядагы кырдаалды курчуткан эки топ азыр өлкөдө тымызын иш алып барууда. Алардын бири - жергиликтүү уюшкан кылмышкерлер, экинчиси - кавказдыктар, кытайлык уйгурлар, ошондой эле Борбор Азиядан, Араб мамлекеттеринен, Европадан келип, "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулган жоочулар.

"Түркия мындан ары Ооганстан, Ливия, Сомали сыяктуу кан күйгөн өлкөлөргө согушкерлерди ташыган коридорго айланат. Ушундан улам өлкөнүн коопсуздугуна жооп берген кызматтар, саясатчылар жана биринчи кезекте Режеп Тайып Эрдогандын бийлиги "Ислам мамлекети" террордук тобунун коркунучун терең баамдашы абзел. Буга чейин Эрдоган өлкөдөгү жоочулардын уюшкан топторуна көз жумуп, аларды күрттөр менен күрөштө өз пайдасына колдонуп келген. Мындай саясаттын аягы өтө опурталдуу болот. Анткени Эрдоганды колдогон экстремисттер бир күнү анын күчтүү душманына айланып, саясий мейкиндигине сокку урат" деп жазышты Foreign Policy басылмасынын талдоочулары.

Оксфам кайрымдуулук уюмундагы чыр

Британиянын The Times гезити эл аралык ири кайрымдуулук уюмдардын бири катары таанымал "Оксфамдагы" моралдык кризистен улам уюмдун донорлору азайып жатканын кабарлады.

Британиянын эл аралык өнүгүү департаменти жыл сайын бул уюмга 32 миллион фунт стерлинг, Дүйнөлүк банк 3,5 миллион фунт стерлинг берип келген. Мындан тышкары ондогон бренддер уюмга донор эле.

Узаган жумада "Оксфамдын" 1270 донору уюмга акча салуудан баш тартты. Буга Гаитидеги жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам бергени барган уюмдун кызматкерлери сойкулардын кызматын колдонгон факт себеп болду. Окуя ачыкка чыккандан кийин уюмдун директорунун орун басары Пенни Лоуренс кызматынан кетти.

"Британ өкмөтү ондогон жылдардан бери түптөп келген эл аралык деңгээлдеги уюмдун ишине бир ууч адамдын көлөкө түшүргөнү өтө жагымсыз көрүнүш", - дейт гезиттин аналитиги Филипп Коллинс. "Бирок уюм мындан ары жардам берүү ыкмасын өзгөртүп, фондго түшүп жаткан миллиондогон акчаны муктаждарга керексиз жууркан, төшөк алып коротпой, накталай которсо жакырларга пайдасы көбүрөөк тиймек" деп жазат автор.

Эски кийим сатып байыган жаштар

Economist журналы учурда Интернеттен эски кийимдерди сатуу бизнесине талдоо жасады. Depop аттуу онлайн-дүкөн тиркемеси азыр жаштар арасында абдан популярдуу болуп, Нью-Йорк, Торонто, Лондондун кыз-уландары кийбей калган кийимдерин саткан дүйнөдөгү эң ири "секонд-хэнд" дүкөнүнө айланды.

Уюлдук телефон аркылуу соода кылуу көрсөткүчү Британияда 2016-жылы 47 пайызга өскөн. Кытайда болсо социалдык медиа аркылуу эски кийимдерди, буюмдарды саткан базарда 60 миллиард юандык капитал айланууда.

Интернет соодасы салттуу дүкөндөрдөгү талапты өзгөртүп, эски модадагы кийимдерди жаңылаган мода стили пайда болду. Жаштар азыр мода бренддери чыгарган буюмдарга эмес, социалдык медиадагы атактуу блоггерлер сунуштаган кийимдерди эски болсо да сатып алып жатканын жазат Economist.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG