Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:19

Полковниктерге маңзат ташыткан мафия


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөш кызматынын полковниктери сегиз килограмм нашаа менен кармалды.

Алардын бири Баңгизаттарга каршы күрөш кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары болсо, экинчиси Ички иштер министрлигинин пенсиядагы полковниги болуп чыкты. ИИМ бул операция президенттин өздүк курамды "погончон кылмышкерлерден" тазалоо боюнча тапшырмасынын алкагында жүргүзүлгөнүн жарыялады.

"Өзгөчө тапшырма"

Ички иштер министрлиги милициянын иштеп жаткан жана пенсиядагы полковниктеринен турган уюшкан топ кармалганын жарыялады. Кармалгандарга карата ири өлчөмдө баңгизат алып жүргөнү үчүн 247-берененин негизинде кылмыш иши козголду. Колго түшкөн эки полковниктин бөгөт чарасы катары камакка алуу тандалган.

Министрликтин басма сөз кызматынын расмий өкүлү Эрнист Осмонбаев бул кармоо операциясы президенттин ички иштер органдарынын өздүк курамын "погончон мителерден" тазалоо тууралуу тапшырмасынын алкагында жүргөнүн айтты:

- Президент жакында эле өздүк курамдын катарын "тазалоого" тапшырма берген. Ошол тапшырманы аткаруунун алкагында жүргөн атайын операция учурунда шектүү "Лексус-470" үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, текшерилген. Анын салонунан скотч менен оролгон, салмагы 8 килограммга барабар баңгизат табылган. Унааны айдап бара жаткан адам ички иштер органдарынын пенсиядагы полковниги болуп чыкты. Кийин бул ишке катышы бар деген шек менен Баңгизаттарга каршы күрөш кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги кармалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жээнбеков: "Өзүңөр аралашкансыңар"

Коопсуздук кеңешинин маалыматы боюнча, ички иштер органдары тарабынан 2016-жылы 166 килограмм героин кармалган болсо, 2017-жылы андай оор баңгизаттан болгону 101 килограмм кармалган. Ошол эле учурда БУУнун Баңгизаттар боюнча башкармалыгынын 2015-жылдагы отчеттук маалыматында Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу өткөн "түндүк транзит" каттамы менен ташылган оор баңгизаттардын жылдык жалпы көлөмү бир нече тонна болушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн. Бирок ал баңгизат агымынын аз гана бөлүгү кармалып жатканын сындаган президент Сооронбай Жээнбеков анын негизги себептерин мындайча атаган болчу:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо криминалдык топтор бул иштерди жасай алмак эмес. Эмнеге алардын тамырын үзө албайсыңар? Анткени силер өзүңөр аралашкансыңар! Бул жерде наркокоррупцияны өзгөчө белгилеш керек. Коррупциялык киреше агымдарынын эң чоң булагы наркобизнес менен байланыштуу. Эл аралык деңгээлде белгилүү болгон "түндүк транзит" маршрутунун бар экенин эч ким тана албайт. Аны баары билет. Ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатуудан аябай чоң өлчөмдөгү акча каражаттары айланып, ага көптөгөн адамдар аралашып жатканы маалым. Бирок ага каршы күрөш ойдогудай жүрбөй жатат. Бул фактылар биздин Кыргызстандын эл аралык абройуна шек келтирет.

Анткен менен Коопсуздук кеңешинде ички иштер министри Улан Исраилов өздүк курамды кол таза эмес офицерлерден арылтуу иши жогорку деңгээлде жүрүп жатканын айтып, жооп кайтарган эле.

Министр Улан Исраилов өткөн жылдары ондогон кызматкерлер кыңыр иштери үчүн милициядан айдалганын айтып, муну жашырып-жаппай ачык аныктоону ишинин жыйынтыгы катары баалаган болчу:

- Ички иликтөө кызматы тарабынан коррупцияга аралашкан жана өз милдеттерин аткарбаган кызматкерлерди аныктап, тазаланууну өзүбүздөн баштаганбыз. 2017-жылы ички иликтөө кызматы тарабынан 1614 кызматтык териштирүү иштери өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча 111 кызматкер ички иштер органдарынан айдалган. Ээлеген ордунан 181 милиция кызматкери бошотулган. Башка тартип чараларына тартылгандардын саны 2425 кызматкерди түздү. Бул көрсөткүч жылдан жылга жогорулап жатышы - өздүк курамдагы андай фактыларды жашырбай, ачык-айкын аныктоо менен байланыштуу.

Коркунучтуу чек

Анткен менен анда ички иштер министри Улан Исраилов учурдагы кырдаал баңгизат мафиясы аны менен күрөшчү милициянын полковниктеринин өзүнө баңгизат ташытып койгон деңгээлге жетип калганын билбесе керек. Себеби мурда коомчулукта "милиция баңгизат соодасын калкалайт" деген гана имиштер жүрсө, талдоочулардын айтымында, бул факт милициянын полковниктери эми минтип аны менен өздөрү шугулданып калганын айгинелеп койду.

Абдрахман Маматалиев
Абдрахман Маматалиев

Мурдагы вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев муну коркунучтуу белги катар мүнөздөдү:

- Ал кармалган полковник экөө тең так ошол Баңгизаттарга каршы күрөшө турган кызматында иштеген экен. Анан эми ал күрөштү алып бара турган жетекчилер өздөрү баңгизатын ташып жүргөнү аныкталып жатса - бул аябагандай коркунучтуу чекке жетип калган абалдан кабар берет. Бул Ички иштер министрлигинде өтө чоң көйгөйлөр бар экенинин белгиси. Анан эми президент тапшырма бергенден кийин "кармадык" дегени кандай? Демек мамлекет башчысы айтып, көзгө сайбаса, алар кармабай жүрө беришмек беле? Буга чейин алар кайда жүрүшкөн? Мына ушул жагы түшүнүксүз. Булар натыйжалуу иш алып барыш үчүн президент күндө эскертип, айтып турушу керек окшойт.

Мындан эки жыл мурун өкмөткө караштуу Баңзаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттик жоюлуп, анын милдеттеринин баары Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген эле. Бул чара баңгизаттарга каршы ишти бир мамлекеттик органга берүү аркылуу күрөштү борборлоштуруу зарылдыгы менен түшүндүрүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG