Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Маңзат кумары: нашаа чеккен өспүрүмдөр


Иллюстрация (Сүрөттүн автору: Дастан Үмөттегин)
Иллюстрация (Сүрөттүн автору: Дастан Үмөттегин)

Кыргызстанда окуучулар арасында тыюу салынган маңзаттарды колдонгондор, тагыраагы нашаа чеккендер бар экени иликтөөдө аныкталды.

Алардын арасында кыздар да жок эмес. "Кыргыз Республикасындагы Чыгыш-Батыш СПИД фонду" өлкө боюнча 57 мектепте окуучулар арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Ал ортодо эксперттер маңзаттардын мыйзамда көрсөтүлбөгөн жаңы түрлөрү кеңири жайылып жатканын айтышууда.

"Кыргызстандагы Чыгыш-Батыш СПИД фонду" жүргүзгөн сурамжылоо Кыргызстанда 15-16 жаштагы окуучулардын басымдуу бөлүгү кара куурай тобундагы маңзаттарды жана башка психотроптук каражаттарды колдоно турганын аныктады.

Өкмөткө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча координациялык комитеттин катчысы Тимур Исаковдун пикиринде, иликтөөнүн жыйынтыгы тынчсызданууга негиз бар экенин көрсөттү.

Тимур Исаков.
Тимур Исаков.

- Бул иликтөө жаштардын, өзгөчө мектеп окуучуларынын тамекиге, ичкиликке, психотроптук заттарга жана маңзатка канчалык жакын экенин, аралашканын аныкташ үчүн жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы Европа өлкөлөрүнө салыштырганда Кыргызстанда абал жакшыраак экенин көрсөтөт. Бирок бул айсбергдин бизге көрүнгөн гана тарабы. Толук иликтеп чыгыш үчүн чоң күч талап кылынат. Сурамжылоодо көрсөтүлгөндөй, нашаа чегип көргөн балдардын саны 3,5 пайызга жакын болсо, кыздардын 1,2% жок дегенде бир жолу маңзаттын бул түрүн колдонуп көрүшкөн.

Окуучулар арасында мындай иликтөө өлкөдө биринчи жолу жүргүзүлгөндүктөн, адистер тыюу салынган маңзаттарды колдонгон өспүрүмдөр көбөйгөнүн же азайганын билүү кыйынга турарын белгилеп жатышат.

Сурамжылоого каржылык колдоо көрсөткөн Евробиримдиктин Борбор Азияда маңзаттардын тарашына бөгөт коюу программасынын (CADAP) координатору Александр Зеличенконун айтымында, Кыргызстанда нашаадан башка да зыяндуу заттар каптаган.

Александр Зеличенко.
Александр Зеличенко.

- Учурда маңзаттардын жаңы түрлөрү пайда болду. Алар Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да пайдаланылып келген классикалык нашаа менен героинге катар эле келатат. Спайс, метамфетамин, экстази сыяктуу бир катар психоактивдүү заттар, дизайндык маңзаттар пайда болду. Булардын тизмеси абдан узун. Мыйзам боюнча тыюу салынган заттардын тизмеси бар. Аны БУУнун Баңгизаттарды көзөмөлдөө комитети түзөт. Ага дүйнө жүзү боюнча жаңы чыккан заттар киргизилет. Мурда ошол тизмеге жалпысынан 134 зат кирген. Бул тизме көп жылдан бери өзгөрбөй келген. Соңку үч-төрт жыл ичинде эле тизмедеги заттар 900дөн ашты. Бул базар кандай деңгээлде өнүгүп жатканын көрсөтөт. Бул дизайндык маңзаттардын эсебинен болуп жатат. Мисалы, ванна үчүн туз сатып алып, туздуу ваннага жатып денеси, териси аркылуу организм маңзатты сиңирип алат. Ушуга чейин жетти.

Адис айтып жаткан дизайнерлик маңзаттар - күчүндө турган мыйзамдарды айланып өтүү максатында кайсы бир табигый заттын эс-мас кылуучу сапаттарын өзүнө толук камтыган, аларга окшош башка синтетикалык заттар.

Зеличенко маңзат колдонуудан кийинки кесепетти жоюу, дарылоо иштери Кыргызстанда жакшы жолго коюлганы менен алдын алуу иштери дээрлик жок экенин белгилөөдө. "Мектептерде лекция окуп, тыюу салынган заттардын зыянын айтып кеткенден кийин окуучуларда ого бетер кызыгуу пайда болушу ыктымал. Ошондуктан күрөшүүнүн башка жолун ойлонуш керек", - деп эсептейт эксперт.

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Фатима Алымбекова окуучуларга туура жолдуу көрсөтүү маанилүү экенин "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.

- Мисалы, ар кандай рейд учурунда балдар клей жыттап, тамеки тартып жаткан учурда кармалып калган учурлар болот. Андай учурда биз балдарды урушуп же ургубуз келбейт. Биз кайсы жолду тандап алса жакшы болорун түшүндүрүп, көрсөтөбүз. Ийгиликке жеткен спорт адамдары менен жолуктуруп, класстык саат учурунда наркологдор өздөрү келип түшүндүрүп берет. Ошондой эле алар сабактан кийин эмне кылып, эмне менен алек болгону да маанилүү. Кандайдыр ийримдерге катышуу, спорт менен машыгууга тартуу зарыл. Бул багытта ата-энелер менен чогуу иштеш керек.

Ал эми эксперт Александр Зеличенко маңзат, психотроптук заттар базарындагы абал тынымсыз өзгөрүп аткан шартта бул багытта иштеген адистерди, милиция кызматкерлерин да иштин мүнөзүн өзгөртүүгө чакырууда.

- Мурда маңзат кандай жол менен келерин жана иштелип чыга турган системасын билчүбүз. Азыр чийки заттын, апийимдин кереги жок болуп калды. Учурда дизайндык маңзат үчүн чийки затты мыйзамдуу түрдө эле дарыканадан, турмуш-тиричилик үчүн керек болгон химиялык заттарды, айыл чарбасына керектүү заттарды саткан дүкөндөн, базардан алышат. Эгер Интернетти жакшы билсе эки сааттын ичинде кантип даярдаш керек экенин үйрөнүп алышат. Азыр Интернетти көзөмөлдөш абдан кыйын. Ошондуктан милиция мунун баарына жетишүү үчүн иштин мүнөзүн, системасын өзгөртүшү керек.

Мындан тышкары, сурамжылоо 15-16 жаштагы өспүрүмдөрдүн 28,6 пайызы өмүрүндө жок дегенде бир жолу тамеки чегип көргөнүн, 30% жакыны ичкилик ичип көргөнүн белгилешкен.

Булардын арасында алардын даамын 13 жашында жана андан кичүү куракта татып көргөндөр да бар. Сурамжылоого катышкан өспүрүмдөрдүн дээрлик 70 пайызы толук үй-бүлөдө жашайт. Ошол эле кезде жарымына жакыны үйүндө ата-энелери орноткон эрежелер бар экенин белгилешкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG