Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Түнкү клубда тамыр жайган маңзат соодасы


"Гараж 312" түнкү клубу (сүрөт клубдун соцтармактагы барагынан алынды).
"Гараж 312" түнкү клубу (сүрөт клубдун соцтармактагы барагынан алынды).

“Гараж 312” түнкү клубунун беш кызматкери тыюу салынган маңзаттарды сатып келген деп шектелип жатат.

ИИМ бул маалыматты Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы аталган клубда атайын операция өткөргөндөн кийин билдирди. Текшерүү учурунда айрым эс алуучулардын маңзат колдонгону аныкталган.

Чуулуу клубдун эшиги чапталуу

“Гараж 312” түнкү клубунун эшиктери чапталып, бүгүн имараттын жанына жологон киши жок. Шаар чекесинде жайгашкан түнкү клубдун жанындагы имараттын кароолчусу, өзүн Роза деп тааныштырган айымдын айтымында, 21-январга караган түнү атайын бөлүктүн кызматкерлери автомат менен клубга кирип келип, элүүдөй кишини кармап кеткен.

- Клубдун ичи дүрбөп чуу болуп жатты. Мен кайтарып аткан имарат менен клубдун ортосун болгону бир дубал бөлүп турат. Автобус токтоп турду, ыкчам топ автоматтар менен келип баарын салып кетти. Бүгүн кээ бир кызматкерлери, ашпозчусу келип, эшик бек экенин көрүп кайра кетип жатышат. Күзөтчүсү дайыма ушул жерде турчу эле, ал да жок.

"Гараж 312" клубунун сырты. 22-январь, 2017-жыл.
"Гараж 312" клубунун сырты. 22-январь, 2017-жыл.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматы операцияны 21-январда түнкү саат бирде жүргүзгөн. Анда клубдун жетекчиси баш болуп беш кызматкери наркотикалык жана психотроптук затты мыйзамсыз сатып жүргөн деген шек менен камакка алды.

Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, текшерүүнүн жыйынтыгында клубдагы эс алуучулар да наркологиялык текшерүүдөн өткөн.

- Операциянын жүрүшүндө түнкү клубдун алып баруучусунан, барменден жана айрым официанттардан тыюу салынган маңзат алынды. Клубдагы 32 эс алуучу текшерүүдөн өтүп, төрт кишинин канынан наркотикалык зат чыкты.

Карима Аманкулова “Гараж 312” түнкү клубунун алып баруучусу оюн-зоок учурунда эс алуучуларга ар дайым спирт ичимдиги менен катар маңзат сунуш кылып келгенин кошумчалады. Маңзатты клубдун дааратканасында пайдаланууга да уруксат берилип келген.

Психотроптук дарылар клубдарды каптады

Борбор Азиядагы Баңгизатка каршы саясат борборунун директору, эксперт Александр Зеличенконун айтуусунда, соңку жылдарда Кыргызстанда “спайс” деген синтетикалык зат көмүскө сатылган учурлар көбөйгөн. Ал ушул тапта көпчүлүк эс алуучу жайлардан психотроптук дарыларды сатып алуу кыйынчылык жаратпай тургандыгына токтолду.

Александр Зеличенко
Александр Зеличенко

- Экстази - бул дарыга окшош. Аны “клубдун маңзаты” деп атап коюшат. Аны ичкен адам бийден чарчабайт, бирок ага көз каранды боло баштайт. Алгач бир таблеткадан ичишсе, барган сайын алымсынбай көбүрөөк колдонушат. Ал эми “спайс” өтө коркунучтуу синтетикалык зат, анын аягы өлүмгө алып барышы мүмкүн. Ал дагы көмүскө сатылып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Токтошев Ички иштер министрлиги көзөмөлдү мындан ары күчөтүп, башка түнкү клубдарга күтүүсүз кирип баруудан тайманбашы керек деген пикирде. Бирок ал мындай түнкү жайлардын артында таасирдүү адамдар тургандыктан көпчүлүк мыйзамсыз фактылар ич ара көмүскө соодалашуу менен бүтүп калышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

- Бул маселени парламенттин комитетинен көтөрүп чыгышыбыз керек. Муну көзөмөлгө күч органдары алып койсо болот, бизде түнкү клубдар саналуу эле да. Тилекке каршы, биринчи жолу мындай текшерүүнү көрүп жатабыз. Мындан ары дагы башка клубдарды текшереби же жокпу, билбейм, себеби бизде күч органдары түнкү клубдарды калкалаган көрүнүштөр арбын. Ошондуктан парламенттен да көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылабыз.

Күч органдары жарандарды маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кандай гана маалымат болбосун милицияга кабарлоого чакырды.

“Гараж 312” түнкү клубундагы факты боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 247- ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга бирдей заттарды же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же берүү"), 252 - (Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү") беренелери боюнча иш козгоду. Шектүүлөр камакка алынып, учурда милиция синтетикалык жана химиялык маңзаттар кандай жол менен ким аркылуу Бишкекке ташылып келгенин иликтеп, каналды тосууга аракет кылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG