Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:24

Апта: “Кыргызстанда” "төңкөрүш", КСДП күчүндө...


"Кыргызстан" фракциясынын мурдагы лидери Канатбек Исаев жана анын жаңы төрагасы Алмазбек Баатырбеков.
"Кыргызстан" фракциясынын мурдагы лидери Канатбек Исаев жана анын жаңы төрагасы Алмазбек Баатырбеков.

Узап бараткан жумада Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция тарап, өкмөт кызматтан кетти. "Кыргызстан" фракциясында бийлик алмашты. Кыргызстан Douing Business рейтинги боюнча артка кеткени айкын болду.

Өнөктөштөр "душманга" айланганда...

Жуманын башында президенттик КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыкканын жарыялады. Ошону менен курамында КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” фракциялары бар коалиция бир жылга жетип-жетпеген убакытта тарады.

Коалициянын өмүрү мындан да эки-үч айга кыска болмок, эгерде “Ата Мекен” фракциясы бийликтин кысымы менен коалициядан июль, август айларында чыгып кеткенде. “Ата Мекен” коалициядан чыгуудан баш тартканына байланыштуу КСДП фракциясы өзү андай кадамга барып, башкаруучу коалицияны таратты.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов мындай кадамга Конституцияны өзгөртүүдөгү жана андан кийинки саясий карама-каршылыктар себеп болгонун билдирди:

- Кийинки кездеги окуялар, карама-каршылыктар... Биз бир көпчүлүк коалицияда боло туруп оппозиция жана позиция болуп калдык. Коалициянын ичинде жарымы оппозиция болсо, анда мындай коалициянын өмүрү кыска болуп калат. Ошон үчүн биз ушундай чечим кабыл алдык.

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Коалициядан чыгуу боюнча КСДПнын расмий билдирүүсүндө бир жылдан берки өнөктөштөр мындан да "коюу саясий боектор" менен сүрөттөлдү. Маселен, анда “Өнүгүү-Прогресс” кыйыр түрдө Бакиевдер менен байланыштырылса, “Ата Мекен” Акаев менен байланыштырылган жана мародерчулук боюнча айыпталган.

“Өнүгүүнүн” лидери Бакыт Төрөбаев Конституцияны өзгөртүүдө алардын сунуштары эч эске алынбаганын билдирди:

- Кагаз түрүндө эки жолу 15 берене боюнча сунуш бергенбиз. Ага эч кандай жооп болгон жок. Биз муну биздин оюбуз, биздин тилектерибиз эч кимге кереги жок экен деп түшүндүк.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле бийлик өкүлдөрү Конституцияга өзгөртүүлөрдү талкуулаган фракция жыйынына келбей койгонун да кошумчалады. Ошентип, бийлик “өз пикири” бар фракция лидерлерин четке сүрүүдө.

Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Коалиция тарашы менен жаңы коалиция түзүү укугу адаттагыдай эле 38 мандаты бар президенттик КСДП фракциясына тапшырылды. КСДПнын мурункудай парламенттеги фракцияларды тандап, каалагандай коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү азайды. Анткени “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” коалицияда болбошу анык. Демек, ал калган үч фракция менен гана коалиция түзүшү мүмкүн. Ошондуктан жаңы коалициянын контурлары белгилүү. Ал КСДП, “Республика-Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан түзүлүшү көбүрөөк ыктымал. “Бир бол” фракциясы коалицияга тартылышы мүмкүн. Андагы оппозициялык бир-эки депутат маселе жаратышы ыктымал. Бирок алар өтө аз. Бийлик менен кызматташууга даярлар тескерисинче жетиштүү.

Ал эми “Республика-Ата Журт” КСДПнын негизги өнөгү жана таянычына айланууда. Ошого жараша 28 мандаты бар “Республика-Ата Журт” менен бийлик өкмөттү түзүү жана башка олуттуу маселелер боюнча сүйлөшүүгө барат. Өмүрбек Бабанов да алдыдагы жергиликтүү кеңештерге, андан кийин президенттик шайлоодо ыңгайлуулук үчүн бийлик менен кызматташ болууну көздөп турат.

"Кыргызстандын" кожоюну ким экени эскертилди

Башынан эле КСДПнын “жандоочу” аталган “Кыргызстан” бийликтин ыгынан чыкпайт. Бул бир аз моюн толгогон, саясий дымагын көрсөткөн “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаевдин лидерликтен четтетилип, коалиция боюнча сүйлөшүүлөрдөн сүрүлүп салынышынан ачык көрүнүп турат. “Кыргызстан” фракциясындагы "ички төңкөрүштө" лидерликке Алмазбек Баатырбеков келди. Саясий дымагы жок Баатырбеков коалиция, өкмөттү куроо боюнча сүйлөшүүлөрдө бийлик жана КСДПнын ыгында болот.

Канат Исаев фракция лидерлигинен кетүүсү саясий себептерге байланыштуу экенин ырастады:

- “Референдум жөнүндө” мыйзам долбооруна “Кыргызстан” фракциясынын бир тобу каршы добуш берди. Анын ичинде мен дагы бармын. “Ата Мекендин”, “Өнүгүүнүн” референдумга каршылыгына байланыштуу алар менен мындан ары сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү өтө төмөндүгүн Иса Өмүркулов айтты. Мен референдум боюнча каршы позициямды көрсөткөндөн кийин коалиция боюнча сүйлөшүүлөргө фракция жетекчиси болуп турушум тоскоол болуп калышы мүмкүн.

"Кыргызстанда" лидер алмашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

​Канат Исаев партиялык ишке көңүл буруп, жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен убара болорун кошумчалады.

Исаевди четке сүргөн чечим

Исаевди четке сүргөн чечим

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясында бийлик алмашты. Референдум боюнча мыйзамга каршы добуш берген Канатбек Исаев фракция лидерлигинен кетип, анын ордуна Алмазбек Батырбеков шайланды. Исаев фракция башчылыгынан өз каалоосу менен кеткенин айтканы менен, мындай кадам парламенттеги коалиция куроого байланыштуу экенин саясий эксперттер белгилешүүдө.

​Принцибинде, КСДП менен “Республика-Ата Журт” коалиция түзүүгө кудуреттүү. Мандаттары жетиштүү. Бирок 66 мандат менен андай коалиция туруктуу болбойт, оппозиция тескерисинче кубаттуу болуп кетиши менен опурталдуу.

Ошентип КСДП “Титаник” кемесиндей эле алдыдагы толкунду жиреп, өзүнүн саясий күн тартибин таңуулап баратат. Ал күн тартипке каршы чыккандар мамлекеттик машинанын басымы астында калууда. Маселен, мародерчулук, улутташтырылган мүлктөр, "Мегаком", БНК мунай компаниясы, банк кутучаларын талап-тоноо боюнча депутаттык комиссия ишке киришти. Ал комиссияны КСДПнын мүчөсү Анвар Артыков жетектеди. Бул комиссиянын мизи КСДПнын келишкис душманына айлана баштаган “Ата Мекенге” багытталарын айтылууда.

​Акыркы жумаларда активдүүлүгүн көрсөтө койгон “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев “Эркин-Тоо” басмаканасын менчиктештирүү маселеси боюнча прокуратурага чакырылды. Ал муну саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. Мына ушул окуялар мамлекеттик машина толук кубаты менен “Ата Мекенге” каршы багыт алганын көрсөтөт.

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Douing Business боюнча артка кеткен Кыргызстан

Кыргызстандагы саясий жаңжалдар жылдап уланып, экономика көңүл сыртында кала берүүдө. Өкмөттүн жыл айланбай алмашуусу кандайдыр бир узак мөөнөттүү программа жана пландардын ишке ашпай калуусуна алып келүүдө.

Быйылкы жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Улуттук статистикалык комитет ички дүң продукция 2% өскөнүн жарыялады. Бирок экономиканын реалдуу тармагы болгон энергетика - 8%, өнөр жайы -5% төмөндөгөн. Текстиль -30%, кийим тигүү -16% ылдыйлаган. Өсүш айыл чарба, соода, курулуш тармактарында болгону белгиленген.

Өлкөнүн бюджет жана салык тармагы боюнча түрдүү маалыматтар бар. Өкмөт башчы 24-октябрда Жогорку Кеңеште бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берип жатып, республикалык бюджеттин тогуз айдагы кирешеси 96,5% аткарылганын билдирген. Салык кызматы бул мезгилде 36 млрд 491 млн сом жыйнаса, бажы тармагы 21 млрд 249 млн сом алып келген. Ошону менен мамлекеттин реалдуу кирешеси 57 млрд 740 млн сом болгон. Калган кирешелер грант, чайкоочулук мүнөздөгү баалуу кагаздар жана салыктык эмес кирешелерден түзүлгөн. Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 148 млрд сом деп белгиленгенин эске алганда, бул сандар бюджет реалдуулуктан канчалык алыс экенин көрсөтүп турат.

Инвесторду түрткөн жагдай көп

Инвесторду түрткөн жагдай көп

Кыргызстан бизнес жүргүзүү жагынан дүйнөлүк рейтингде соңку бир жыл ичинде сегиз тепкичке төмөндөдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Doing Business деп аталган жылдык докладында айтылат.

Өлкөнүн мурунку каржы министри, азыркы кездеги депутат Акылбек Жапаров макроэкономикалык көрсөткүчтөр барган сайын төмөндөп баратканын белгилейт.

Дүйнөлүк банктын Douing Business рейтинги боюнча да Кыргызстан көрсөткүчтөрүн кескин төмөндөтүп жиберген. Быйылкы жылы рейтинг боюнча, республика 75-орунга жылган. 190 мамлекет катышкан ал рейтинг боюнча Кыргызстанда электр системасына туташуу жана салык жагы эң кыйын жана начар абалда деп табылган. Электр системасына туташуу боюнча Кыргызстан 163-орунга, салык системасы боюнча 148-орунга татыган. Ал эми ишкананы каттоо, курулушка уруксат алуу, насыя алуу жагынан 30-орундарды ээлеп, алдыңкы катарларда жайгашкан. Кошуна Казакстан Douing Business боюнча бир топ алдыда. Ал жалпы рейтингде 35-орунду ээлеген. Мурунку бийлик учурунда Douing Business боюнча Кыргызстан бир топ алдыңкы орундарды ээлеп келгени белгилүү. Өкмөттүн жыл сайын алмашуусу ишкерликке шарт түзүү боюнча иштерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербей жаткандай. Маселен, апрель айында шайланган Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт коалициянын тароосуна байланыштуу алты айдан кийин кызматтан кетип жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев болсо референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизилери менен ишкерлерге “жыргал заман” келерин убада кылууда:

- Бул өзгөртүүлөр күч структураларында, прокуратурада реформаларды жүргүзүүгө бизге жол берет. Ал өз кезегинде текшерүүчү органдарды кардиналдуу түрдө минималдаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Башкача айтканда, бул бизге Кыргызстанда ишкерлерге бейиш түзүүгө жол ачат. Минимум - текшерүү, максимум - колдоо.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Атамбаев узап бараткан жумада өзүнүн кеңешчиси Икрам Илмияновду "башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу" кызматынан бошотту. Ал КСДПнын штабында иштээри айтылууда. Илмиянов шайлоо өнөктүгү алдында көмүскөгө кетип, ал жараяндарга көшөгө артынан аралашуусу көнүмүш көрүнүш. Өткөн жылы парламенттик шайлоо алдында да ал президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары кызматынан кетип, партиянын штабында иштеген эле. Бул ирет да референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында ошол кайталанууда. Ошондуктан Икрам Илмияновдун референдумдан кийин бери дегенде депутаттык мандат алышы күтүлөт.

Өзбекстандан делегация келди

Узап бараткан жумада регионалдык жана дүйнөлүк саясатта бир катар орчун окуялар орун алды. Регионалдык саясатта Өзбекстандын вице-премьер-министри Адхам Икрамов баштаган делегация жооп сапар менен Кыргызстанга келди. Ошто биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев баштаган аткаминерлер аларды тосуп алды.

Ош: үмүт жандырган жолугушуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:46 0:00

Сүйлөшүүлөр соңунда эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери мамилелерди жакшыртуу, эки ортодогу маселелерди чечүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн билдирди. Өзбек вице-премьер-министри Адхам Икрамов:

- Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы бир миң чакырымдан ашык аралыкты түзөт. Анын көпчүлүгү биздин мурдагы урматтуу президентибиз Ислам Каримовдун тушунда аныкталган. Калган тактала элек бөлүктөр боюнча эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери жана башка органдары иштеп жатат. Жакынкы айларда такталбаган тилкелердин 80% тактап, бир чечимге келебиз. Кудай буйруса, Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерди да калыбына келтиребиз.

Президент Алмазбек Атамбаев болсо, өткөн жумада Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу мамилени өнүктүрүүнү талкуулады.

Дүйнө көңүлү Мосул, Алепподо

Жакынкы Чыгышта Ирактын Мосул шаарын камалоо, Сириянын Алеппо шаарындагы оор абал дүйнө көңүлүнүн борборунда кала берүүдө. Ирак өкмөттүк армиясы жана күрттөрдүн пешмерга аскерлери Мосулга жакындап келип, шаарга кирүү алдында турганы кабарланды. Алепподо болсо Орусия жана Сириянын аба күчтөрү он күндөн бери бомбалоону токтотконун орус расмийлери бейшемби күнү билдиришти. Бирок жума күнү Алеппонун айланасындагы козголоңчулар курчоону бузуу максатында контрчабуул жасаганы маалым болду. Сирия куралуу күчтөрү куралдуу оппозициянын чабуулу майтарылганын жана алар шаарды толук көзөмөлүнө алуудан баш тартпасын билдирди. Мындай билдирүүнү Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем жума күнү жасады. Ал күнү Сирия, Орусия жана Ирандын тышкы иштер министрлери Москвада жолугуп, сүйлөшүү өткөрүштү.

Валид аль-Муаллем АКШ баштаган коалиция "Даишке" каршы күрөшпөй жатат деп сынга алды:

- Биз АКШ баштаган эл аралык каолициядан көп жабыркадык. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшпөй эле Сириянын инфраструктурасына сокку уруп, экономикабызга зыян келтирүүдө.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров министрлер жолугушуусунда Сирияда терроризмге каршы күрөштү улантууга басым жасалды деди:

- Биз биринчи кезекте террористтерге каршы келишкис күрөштү күчөтүүгө басым жасадык. Анын менен кошо гуманитардык кырдаалды жакшыртуу, куралдуу кагылышууну токтотуу режимине кайтуу жана Бириккен Улуттар Уюмунун чечимине туура келгендей эч кандай шарт койбой туруп, Сирия ичинде сүйлөшүүлөрдү жандантууну жактадык.

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Сириянын союздаштары мына ушундай чечимге келгенин жарыялады. Ал эми Батыш өлкөлөрү Алеппо жана анын айланасында тынч жарандар, балдар Орусия жана Сириянын аба күчтөрүнүн курмандыгы болуп жатканын билдирүүдө. Маселен, ЮНИСЕФ 26-октябрда Идлиб провинциясынын Хасс айылында мектепке абадан урулган соккудан 22 окуучу набыт болгонун билдирип, ал боюнча Сирия жана Орусия аба күчтөрүн айыптады. Орусия өз кезегинде ал айыптоону четке кагып, иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылды. Улуттар Уюмунда да Идлибдеги окуяны иликтөө сунушталды.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Стивен О,Брайн Орусия жана Сирия бийлиги Алеппо үчүн күрөштө ачарчылык тактикасын колдонууда деп айыптады:

- Жайкын тургундар Орусия жана Сирия күчтөрү тарабынан бомбаланып жатышат, эгерде андан аман калышса эртең ачарчылыктын азабын тартышат. Бул абийирге сыйбаган, бирок ачык-айкын тактика.

Апийими арбыган Ооганстан

Узап бараткан жумада Бириккен Улуттар Уюму ошондой эле быйылкы жылы Ооганстанда апийим аянты 10%, түшүмү 43% көбөйгөнүн маалымдады. Баңги трафигинде жаткан Кыргызстан үчүн бул жакшы кабар эмес. БУУнун маалыматы боюнча, Ооганстанда быйылкы жылы 201 миң гектарга апийим айдалып, түшүмү 4 миң 800 тоннага жеткен.

Ооганстандын ички иштер министринин орун басары Мухаммад Ахмади өлкөдө үч миллион киши маңзат соодасына аралашканын билдирди. Ооган калкы 30 миллионду түзөт. Демек, бул өлкөдө ар бир онунчу адам баңги соодасы, бизнеси менен шугулданат. Ар бир үй-бүлө орто эсеп менен 5-6 кишиден турат десек, анда Ооганстанда ар бир экинчи үй-бүлө маңзат соодасына аралашат дегенге болот.

Кыргызстан расмийлери республикада расмий катталган баңгилер саны кыскарганын билдирди. Маселен, Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат 2011-жылы катталган баңгилер саны 11 миңге жакын болсо, 2015-жылы алар 9 миңге жакын болуп калганын билдирди.

Кыргызстандык эксперттер болсо чочулоо туудурган жагдайлар тууралуу көбүрөөк айтууда. Маселен, эл аралык деңгээлдеги эксперт Талатбек Масадыков жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде, тартип коргоо органдарынын маңзат соодасына көп аралашканын билдирсе, таанымал эксперт Александр Зеличенко ден соолука өтө зыяндуу амфитамин, экстази, спайс өңдүү химиялык маңзаттар республиканы каптап келатканын эскертүүдө.

Ооганстанда апийим, Казакстанда экстремизм көйгөйү
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:57 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG