Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:29

БУУ маңзат коркунучун эскертти


Ооганстанда апийим жыйнап жүргөн адамдар.
Ооганстанда апийим жыйнап жүргөн адамдар.

2015-жылы дүйнө жүзүндө 250 миллиондой киши же калктын 5% бир жолу болсо да маңзаттарын пайдаланган.

Улуттар уюму маңзатка жана наркоаткезичиликке каршы Эл аралык күндү утурлай чыгарган жылдык докладда дүйнөдөгү бул жаатта болуп жаткан тенденциялар тууралуу баяндаган. Анда бүгүнкү күндө жаңы заттар жайылып баратканы, мыйзамсыз маңзаттарын ташуунун жана сатуунун жолдору да өзгөргөнү айтылат.

1987-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы жыл сайын 26-июнь күнү Мыйзамсыз баңги заттарын колдонуу жана маңзаттардын аткезчилигине каршы эл аралык күндү белгилөө жөнүндө резолюция кабыл алган.

Быйыл бул өнөктүк жаштардын жаман адатка берилүүсүн алдын алуу үчүн биринчи кезекте аларга колдоо көргөзүп, көйгөйлөрүн угуу керек деген маселеге өзгөчө көңүл бурулууда.

Улуттар уюму бул күндү утурлай чыгарган докладда дүйнөдө 250 миллиондой киши маңзаттарын бир жолу болсо да колдонгону, алардын арасынан 29,5 миллион киши баңгиге айланганы айтылат.

Адистер көпчүлүк өлкөлөр баңгичиликти алдын алууга, маңзаттарына берилген оорулуу адамдарды дарылоого жана реабилитациясына жетиштүү көңүл бурбай жатат деп белгилешет. БУУ маңзаттары ден соолукка, дүйнө жүзүндөгү жалпы өнүгүүгө, тынчтыкка жана коопсуздуккка чоң коркунуч жаратканын дагы бир ирет белгилейт.

Жыл сайын наркотик пайдалануудан келип чыккан проблемалардан кеминде 190 миң киши дүйнө менен кош айтышат. Опиоддер, анын ичинде героин мурдагыдай эле эң кооптуу зат бойдон кала берүүдө.

Аларды ашыкча колдонуу адам өлүмүнө алып келет, андан тышкары ийне менен сайылгандыктан гепатит С же ВИЧ өңдүү оор илдеттерди жуктуруп алуунун бир жолу болот. Муну менен катар опиоиддер психикалык оорулардын булагы болушу мүмкүн.

"АКШда фармацевтикалык опиоиддер, героин жана фентинилди колдонуу эпидемияга айланып баратат. Опиоид керектөөдөн каза болгон адамдардын саны жылына жол кырсыктары же зордук-зомбулуктан көз жумган адамдардан көп болот", - дешет БУУнун адистери.

Докладда бүгүнкү күндө жаңы заттар жайылып баратканы, мыйзамсыз баңги заттарын ташуунун жана сатуунун жолдору да өзгөргөнү айтылат. Коррупция да маңзаттарынын аткезчилиги менен алектенген уюшкан кылмыштуу топторго жакшы өбөлгө түзүп жатат.

Доклад авторлору айрым экстремисттик уюмдар маңзат аткезчилигинен тапкан кирешенин эсебинен көбүрөөк жан сактап калганына басым жасашат. Ал каражат негизинен курал-жарак сатып алууга, теракттарды каржылоого жумшалат.

Мисалы, "Талибан" кыймылы өз казынасын маңзат сатуудан түшкөн каражат менен толуктап турат. Ооганстанда өндүрүлгөн апийимдин 85 проценти талип согушкерлеринин көзөмөлүндөгү аймактарда өстүрүлөт.

Жалпысынан 2016-жылы апийим өндүрүү мурдагы жылдагыга караганда, дээрлик 30 процентке өскөн, эң чоң үлүшү Ооганстанга туура келет.

Дүйнөлүк алкактан алганда 2013-2015-жылдар аралыгында кокаин рыногу да негизинен Колумбиянын эсебинен өсүп жатты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG