Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Маңзат ташыган чекисттер кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте Улуттук коопсуздук комитетинин маңзат соодасы менен алектенген кызматкерлери кармалды. Алар героин сатууга аракеттенген деп айыпталууда. Буга чейин бир нече жолу мыйзамсыз маңзат соодасы менен шугулданган күч кызматкерлери кармалган эле.

Мыйзамсыз маңзатты сатуу менен шугулданган коопсуздук комитетинин учурдагы жана мурдагы кызматкерлери 7-мартта кармалды. Аларды кармоо учурунда жанынан жети килограммдан ашык героин табылган. Бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө башталганын УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" ырастады:

- Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин учурдагы жана мурдагы кызматкерлери кармалды. Алардын маңзаттарды мыйзамсыз айлантуу менен шугулданганы такталып жатат. Иш-чараны иликтөө боюнча жүргүзүлгөн аракеттин негизинде кармалган адамдардын жанынан 7,5 килограмм маңзат алынды. Бул заттын героин экени аныкталды.

Учурда кылмышка шектүү чекисттер Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайында отурушат. Аларга козголгон кылмыш ишин Ички иштер министрлиги тергеп жатат. Аталган министрлик иш тергелип жатканын айтуу менен гана чектелүүдө. Буга байланыштуу атайын кызматтын канча кызматкери кармалганы жана аты-жөнү ачык жарыялана элек.

Маңзатты канал менен акырын өткөрүп коюп, акчасын алгандар көп. Себеби Кыргызстанда бир баа менен сатылса, башка өлкөлөргө өткөн соң баасы абдан өсөт.
Рафик Мамбеталиев

Бул окуя коомчулукта түрдүү талкууларга жол ачты. Себеби Кыргызстанда буга чейин маңзат сатуу кылмыштарына тартип коргоо кызматкерлеринин катышы айтылып келсе да, атайын кызмат өкүлдөрү катышкан окуя көп каттала элек болчу.

Өлкө коопсуздугун сактоо милдети жүктөлгөн атайын кызмат өкүлдөрүнүн мыйзамсыз иштер менен алектениши жалпы УКМКнын кадыр-баркына доо кетирери айтылууда. Коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев ушундай пикирди колдогондордун бири:

- Тилекке каршы мындай окуялар атайын кызматтын кадыр-баркы түшүп, жөндөмсүз жетекчилер башкарганынан кабар бергендей. Анын үстүнө УКМКга кадрларды тандоодо талаптар төмөндөп кетти. Буга байланыштуу ар кыл максаттагы адамдар да иштеп калып жатат. Ошондуктан бу окуядан тиешелүү жыйынтык чыгаруу зарыл.

Кыргызстан маңзат сатуу боюнча транзиттин боюндагы өлкөлөрдүн катарына кирет. Ооганстанда өндүрүлгөн маңзат Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Европа жана башка аймактарга ташылары айтылып келет.

Ооганстандагы Жалалабад провинциясында апийим өстүрүлгөн талаа
Ооганстандагы Жалалабад провинциясында апийим өстүрүлгөн талаа

Маңзат аткезчилиги кирешелүү бизнес болгонун сандар эле айтып турат. Бир килограмм ооган апийими Кыргызстанда 2 миң долларга чейин, Казакстанда 12-15 миң долларга, ал Орусияга жетсе 25 миң долларга чейин сатылат.

Мына ушундай кирешелүү тармактан пайдага туйтунууну каалагандар арасында тартип коргоо органдары бар экени буга чейин маалым болчу.

Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын мурдагы жетекчиси Рафик Мамбеталиевдин ырасташынча, күч органдарынын кызматкерлеринен куралган ар кыл каналдар бар:

- Күч органдарындагы маңзат каналдарын аныктоо боюнча буга чейин аракет көрүлүп келген эле. Себеби алардын арасында ушундай каналды уюштуруп койгондор бар. Маңзатты канал менен акырын өткөрүп коюп, акчасын алгандар көп. Себеби Кыргызстанда бир баа менен сатылса, башка өлкөлөргө өткөн соң баасы абдан өсөт.

Кыргыз бийликтери былтыр маңзатка каршы күрөш тармагында айрым реформаларга барган. Ага ылайык, өкмөткө караштуу Маңзатты көзөмөлдөө кызматы толугу менен жоюлуп, бул милдет Ички иштер министрлигине жүктөлгөн эле. Бийликтер мындай кадамды аталган органдын дурус жыйынтык көрсөтпөгөнү жана күч түзүмдөрүндөгү бирин-бири кайталаган мекемелерди кыскартуу зарылдыгы менен түшүндүргөн. Бирок бийликтин мындай чечимин сындагандар өзгөрүүлөр наркотрафик менен күрөшкө терс таасирин тийгизерин айтышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG