Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Жетекчисин айыптаган милиционер иштен кетти


Иллюстрация
Иллюстрация

Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери жетекчисин кылмышкерлерди калкалап жатат деп айыптоодо.

Жетекчинин жумушка кийлигишүүсүнөн улам милиция кызматкери убактылуу ишин таштоого аргасыз болгон. Азыр бул ишти облустук прокуратура тергөөгө алууда. Ал эми милициянын облустук башкармалыгы болсо баарын төгүнгө чыгарууда.

Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн баңги заттарды көзөмөлдөө тобунун оперативдүү кызматкери Равшан Матиев үч айлык тыныгуудан кийин эки күн мурда ички иштер органдарынан кетүү тууралуу арыз жазды. Анын себебин ал тартип сакчыларынын тартипсиздигине жана мыйзамсыз аракеттерине каршы чаралар көрүлбөгөндүгү менен байланыштырат.

- Эч бир жерде акыйкаттык жок экен. Ошого байланыштуу "кызматтын кулу болгончо эркин жүргөнүм жакшы" деп арызымды жазып чыгып кеттим.

Матиев төрт жылга жакын убактыттан бери Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүндө эмгектенип келген. 2016-жылдын жаз айларында кызматка келген жаңы башчы менен тил табыша албай, акыры ушул чечимге келди. Ал "баңги зат менен кармалган кылмышкерлерди жетекчи кийлигишип бошотуп жиберчү" деди.

- Убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси Куштарбек Чопоев менен Зулуев Эркинбек деген участковыйлар 2016-жылдын июль айында Ош облусунун Маматов Урмат деген тургунун маңзат менен кармашкан. Бул окуя боюнча мен телефон аркылуу жетекчиликке кабар бергем. Тийиштүү кагаздарды бүтүрүп жаткан учурда жетекчи Калык Айтбаев "мага уяттуу кишилер чалып жатат, аз эле өлчөмдөгү маңзат менен кармалыптыр, бошотуп жибергиле" деп буйрук берди. Анан биз ал баланы бошотконбуз. Бул материалдарды чогултуп, мен жетекчимдин үстүнөн арыз менен УКМКга жана прокуратурага кайрылгам. Анткени бул иштер биринчи жолу эмес болчу.

Кара-Көл шаардык прокуратурасы Матиевдин арызынын негизинде текшерүү иштерин жүргүзүп, милициянын жооптуу кызмат адамына Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш ишин козгогон. Бул тууралуу облус прокурорунун улук жардамчысы Талгат Тойтонов мындай дейт.

- Ички иштер министринин өздүк коопсуздук кызматына жана УКМКнын облустук башкармалыгына Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн оперативдүү кызматкери кайрылып, маңзатка байланыштуу окуя боюнча маалымат берген. Аталган билдирүүнүн негизинде Кара-Көл шаардык прокуратурасы текшерүү иштерин жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш ишин козгоп, облустук прокуратуранын тергөө бөлүмүнө өткөрүп берген. Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Матиев жетекчинин жумушуна кийлигишүүсүнөн улам аны менен бирге иштеше албастыгын айтып, үч ай мурда облустук ички иштер башкармалыгына башка регионго которуу боюнча рапорт жолдогон. 28-декабрда бул багытта “Азаттыкка” маалымат берген соң гана Матиевди эртеси күнү Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлугуна которгон. Бирок милициянын лейтенанты жаңы жумушуна чыккан жок.

- Мен башында турмуш шартка байланыштуу Ноокен районунда жашагандыктан ушул жерге жакынырак район-шаарларга которууну сурангам. Кылмышкерди калкалаган жетекчинин мага берген сөгүшү менен жумушумдан төмөндөтүп, Аксыга айдап жиберишиптир. Анын өзүнө ички иштер органдары эч кандай чара көргөн жок. Кара-Көлдө буга чейин үч жетекчи менен иштештим, алар менен мындай мамиле болгон эмес. Келгенине беш ай болбой экөөбүздүн жумуштан улам мамилебиз ушул даражага жетти. Азыр эми менин арызым боюнча козголгон ишти УКМКга жөнөтүшүптүр. Жакшылап карап, ага карата да жаза колдонушу керек.

Кыргыз тартип сакчылары.
Кыргыз тартип сакчылары.

Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Калык Айтбаев “Азаттыкка” комментарий берүүнү каалаган жок. Ал эми облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Матиевдин айткандарын оозеки түрүндө гана төгүнгө чыгарды.

Тийиштүү кагаздарды бүтүрүп жаткан учурда жетекчи Калык Айтбаев "мага уяттуу кишилер чалып жатат, аз эле өлчөмдөгү маңзат менен кармалыптыр, бошотуп жибергиле" деп буйрук берди.

Милициянын эс алуудагы ардагери Сейдалы Жаналиев тартип коргоо кызматынын жетекчилери кылмышка шектүүлөрдү гана эмес, ири бизнеси бар байларды да коргоого алат деген ойдо:

- Бул эмне деген шумдук окуя! Азыр бардык эле жерде ушундай көрүнүш. Кызматкери араң кылмышкерди кармаса, жетекчиси билмексен болуп кое берип жатат. Милициянын жетекчилери өздөрү коррупциялашып кетишти. Ошол себептүү алардын коомдо аброю жоголуп баратат. Азыр алардын ири бизнестери да өркүндөп жатат. Жашагандарын карасаң укмуш, кантип ошол айлыкка жашап жатат дейсиң. Буларга да люстрация мыйзамын колдонуш керек. Илгери 10 миң сомдон ашып кеткен киреше үчүн катуу жооп беришчү. Азыр кызмата иштеп жатып миллион сом тапса деле эч кимдин иши жок. Укук коргоо органдарынын жетекчилерин кызматка тандоодо ак пейилдигин, кол алдындагы кызматкерлери, эл менен иштөөсүн жана маңдай тери менен тапкан гана айлыкка жашаганына карап тандап алыш керек.

Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча бир топ жыл мурун демилге көтөрүлгөнү менен ал ишке ашпай келет. Коомчулукта болсо укук коргоо органдарынын ичинде мыйзамга каршы аракеттер орун алары айтылып, кээде ачыкка чыгууда.

Былтыр жылдын башында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жооптуу кызмат адамы ири өлчөмдө курал-жарак сатууга аракеттенип, УКМК тарабынан кармалган. Бул аракеттерге ал жалгыз эмес, жетекчиликтеги кызмат адамдарынын катышуусунда барары айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG