Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Маңзатка каршы күрөш кызматкери баңгизат менен кармалды


Ошто маңзат сатууга шектелип Маңзат жүгүртүүгө каршы кызматтын лейтенанты кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ушул айдын башында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Ош облусунун аймагында кызматтык текшерүү жүргүзүү максатында шектүү адамдардан маңзат сатып алышкан. Ал адамдар көп өлчөмдөгү ооган гашишин таап берүүнү убада кылышкан.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында бул адамдарга баңгизатты Маңзат жүгүртүүгө каршы мамлекеттик кызматтын түштүк аймактары боюнча офицери сатып жатканы белгилүү болгон. Бул боюнча кылмыш иш козголуп, аталган кызматкер камакка алынды. Учурда кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча иштер жүрүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG