Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Исраиловдун күттүргөн реформасы


Алмазбек Атамбаев Улан Исраилов ИИМде реформа жасайт деп ишендирген.
Алмазбек Атамбаев Улан Исраилов ИИМде реформа жасайт деп ишендирген.

Ички иштер министрлиги 2016-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Милициянын 3-февралдагы коллегиясында айрым жетекчилер иштен алынып, бир катар жооптуу кызматкерлерге сөгүш, эскертүү берилгени маалымдалды.

Убагында Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон Улан Исраиловдун ички иштер министри кызматына дайындалганына үч ай болуп калды. Айрым эксперттер анын эмдигиче реформа тууралуу үн ката электигин белгилешүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы ишиндеги кемчиликтерге байланыштуу 30дай жетекчиге катуу сөгүш, ээлеген кызмат ордуна толук шайкеш келбейт деген өңдүү жазалар берилгенин билдирди. Өтө олуттуу кемчилик кетирди деген башкармалык жетекчилери иштен алынганы маалым болду.

Кызматтан кол жуугандар жана жаза алгандардын аты-жөнү азырынча расмий жарыялана элек. Бир катар маалымдоо каражаттары коллегиянын чечими менен иштен алынгандар арасында Кылмыш иликтөө башкы башкармалыктын жетекчиси Адилбек Ботобаев, Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Каниметов жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков бар экенин жазып чыгышты. Кадрдык өзгөртүүлөр боюнча коомчулукта нааразылыктар айтыла баштады. Айрыкча социалдык тармактарда Жеңиш Жоробеков негизсиз кызматтан алынды деген мазмундагы бир катар кайрылуулар жарыяланды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министрлигинин жыйынында уюшкан кылмыштуулукка, маңзат соодасына каршы күрөштү жетишсиз деп сынга алды.

- Ар бир үчүнчү уурулуктун бети ачылбай калып жатат. Ал эми бети ачылган кылмыштардын ичинен жабырлануучуларга келтирилген зыяндын көбүнүн орду толтурулбаган бойдон калууда. Мындан улам жарандарыбыз милициянын ишине канааттанбаган бойдон калууда. Коомчулукта айрым уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү өлкө ичинде коркпой, ээн-эркин жүрүшкөндүгү тууралуу пикир аралап жүрөт. Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, албетте, кармалууда. Кармалгандардын көбү жаш балдар. Бирок, эмне үчүн уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери кармалбай жатат? Республиканын жетекчилиги жаңы Баңги заттар менен күрөшүү кызматынан олуттуу натыйжаларды күтөт. Сиздердин отчётту үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында угабыз. Патрулдук милиция уюштурулушу менен 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча оңдуу жакка кескин өзгөрүүлөр байкалган жок. Тескерисинче, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган милиция кызматкерлеринин атына бир топ даттануулар келип түшкөн.

Министр Улан Исраилов менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
Министр Улан Исраилов менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Ички иштер министрлигиндеги абалды ичинен билген "Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын маалыматы боюнча, бул мекеменин азыркы абалын жакшы деп айтууга болбойт. Министр Улан Исраилов айрыкча кадр маселелери боюнча чечим кабыл алууда орун басарлары Данияр Абдыкаров, Курсан Асанов менен гана кеңешип-акылдашат.

Бийлик убакытты колдон чыгардыбы?

Милициядагы соңку өзгөрүүлөргө, абалга “Реформа жана натыйжа” жарандык бирикмеси көз салып атат. Бул бейөкмөт уюмдун мүчөсү Урмат Казакбаевдин пикиринде, кадрдык өзгөрүүлөрдү реформа деп атоого болбойт. Азыркы министр өзүн реформатор катары көрсөтө элек дейт ал:

- Эң негизги көйгөй – кадр тандоонун шарттарында турат. Азыр таза деген адамды милицияга алып бара турган болсок ошол системага ыңгайлашат. Же болбосо иштей албай чыгып кетет. Анткени айлыгы аз, шарты абдан начар. Азыркы министр ага чейинки реформа жасай албай турган министрге окшошкон жок. Бирок ошол эле учурда эмдигиче реформа жасай ала турганын көрсөтө элек, программасы менен тааныштыра элек. Эл менен жолугуп же маалымат жыйынын өткөрүп, айтор реформа тууралуу азырынча үн дагы ката элек. Бирок жалпысынан айтканда, бул бийлик, Алмазбек Атамбаевдин бийлиги, милицияны реформалоо боюнча убакытты колдон чыгарды. Реформаны тез арада жакшыраак жана батыраак жасоо мүмкүнчүлүгү бар эле.

Милиция кызматкерлери.
Милиция кызматкерлери.

Мурунку вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев ички иштер органдарын реформалоо үчүн жаңыча көз караш керек деген оюн айтты:

- Ар бир эле келген министр реформа жасап жатам деп жарыялап жатат. Бирок, тилекке каршы, бирөө дагы аягына чыккан, көзгө көрүнгөн натыйжа көрсөткөн жок. Экинчиси, ушул милицияда иштеп, ушул системада чоңойгон адамдар реформага көп барышпайт. Ошондуктан реформа жасоо үчүн сырттан көз караш, мамиле керектей. Коомчулуктун, жарандык сектордун, бүгүнкү кырдаалдын, коомдун абалын эске алып, ошону эске алып реформа жүргүзүү керек. Болбосо бир түзүмдү жоюп, кайра жаңысын түзүп, кадрларды өзгөртүп, бирөөнү иштен алып, экинчисин дайындоодон эч нерсе чыкпайт.

Президенттин үмүтү

Президент Алмазбек Атамбаев былтыр жыл этегиндеги маалымат жыйынында Улан Исраилов анын эң ишенимдүү адамы экенин жарыялаган. Жаңы министр ички иштер органдандарын тазалайт, реформа жүргүзөт деп ишендирген:

- Күч органдарын эми-эми гана өстүрүп, тазалап келе жатабыз. Улан Исраилов татыктуу министр. Эгер Атамбаев бирөөгө ишенсе, ал үчүн ошол адамды күнөөлөбөш керек. Улан Исраиловду көптөн бери билем. Милицияда кадр маселеси өзгөчө татаал болуп турат. Ичинен жакшылап тазалабаса эски адамдар болбойт экен. Исраилов боюнча бир нерсе айтуу эрте. Бир жыл күтөлү. Мүмкүн бир жылдан кийин ким президент, ким премьер болсо дагы аны дагы иштеп бер деп, мүмкүн, суранышат. Анткени бул таза адам. Мен аны 20 жылдан бери билем. Уурдабайт, атын сатпайт. Бирөөнү жамандыкка түртпөйт. ИИМди тазалаганга кудурети жетет. Анын артында “куйругу”, былык-сылыгы жок.

Убагында Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон Улан Исраилов соңку алты жылдан бери жогорку кызматтарды ээлеп келе жатат. Ал 2013-жылы Бишкектеги Свердлов райондук ички иштер бөлүмүн бир жылдай башкарган.

2014-2016-жылдары ИИМдин 7-башкармалыгын жетектеген. 2016-жылы мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрага орун басары даражасындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Андан он ай өтө электе ИИМге келген. Исраиловдун мындай карьералык секириги эң ириде чекисттер, милиция кызматкерлери үчүн күтүүсүз болду. Былтыр министр кызматына жаңы киришкени жатканда ички иштер органдарынын реформасы, структурасына байланышкан суроолорго жооп бере албаганы социалдык тармактарда талкуу жараткан эле.

Исраилов депутаттардын суроосуна жооп берүүдө. 09.11.2016
Исраилов Текебаевдин суроосуна жооп таппады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG