Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

Атамбаев: Исраиловго ишеним артам, бул үчүн аны сындабагыла


Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Улан Исраиловго ишеним артарын айтып, аны көп сынга албоого чакырды.

Бүгүн Бишкекте жыл жыйынтыгын чыгарган пресс-конференцияда сүйлөп жатып мамлекет башчы Исраиловду 20 жылдан бери таанырын айтты:

- ИИМ - бул өтө маанилүү мекеме. Министр 20 миңдей кызматкердин ишин көзөмөлдөйт. Мен билем, Улан Исраилов – чынчыл, таза кадр, ал эч убакта уурдабайт, бирөөгө жамандык кылбайт. Анын өткөндөгүсү таза - бул маанилүү. Бир жыл иштеп көрсүн, анан баа берели. Эгер Атамбаев ишеним артып жаткан болсо, бул үчүн Исраиловду күнөөлөбөш керек. Бул дайындоо канчалык туура болгонун убакыт көрсөтөт, - деди Атамбаев.

XS
SM
MD
LG