Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Интернеттен чалма ыргыткан маңзат соодасы


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте синтетикалык маңзат жасап, тараткан деген шек менен уюшкан топ кармалды. ИИМ аларды психотроптук затты даярдап, аны интернет аркылуу сатып келген деп айыптап жатат.

Милиция тараткан маалыматка карасак, кармалган топ жашыруун маңзат сатууну мыкты уюштурган. Алар дрондун жардамы менен үйдүн тегерегиндеги абалды билип турушкан. Бишкектен лыжа базасына бараткан жолдо, тоо тараптан психотроптук зат көмүлгөн сегиз жай аныкталып, ал жерлерден 80 грамм спайс чыккан. Ал эми аларды кармоо маалында 1,5 грамм спайс, 208 миң сом жана 395 миң рубль, компьютер, Visa картасы, телефон дрон табылган.

Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандарынан турган бул топ акчаны “Qiwi-капчык” аркылуу алып, капчыктын эсебин өзгөртүп турушкан. Спайс сатуудан түшкөн электрондук акча Казакстан аркылуу Армения менен Москвага которулуп, кайра накталай түрдө Visa картасы менен Орусия, Казакстан, Кыргызстандан алынган.

Бул топту Ички иштер министрлигинин мыйзамсыз маңзат ташууга каршы күрөшүү кызматы аныктаган.

Анын негизинде кылмышка шектүү деп Орусиянын 26 жаштагы жараны жана анын жарандык никедеги жубайы, Чүй облусунун 24 жаштагы тургуну 5-октябрда кармалып, камакка алынган. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Эрнис Осмонбаев:

- Буга чейин спайс тараткандардын майдалары кармалчу. Биз көптөгөн ыкчам издөө иштердин артында негизги уюшкан топту кармадык. Бул топтун айрымдары Алматыдан алып келип, калганы Кыргызстанда жайылтып турган.

Бишкек шаарында акыркы төрт-беш жыл ичинде жаштар арасында спайс колдонгондор арбып баратканы айтылып келет. Маң болгон жаштардын видеолору кээде интернетке да тарап жүрөт.

Бишкектеги жарыялардын бири
Бишкектеги жарыялардын бири

Айрым учурда бул маңзаттын сатуучулары окуу жайларда, көчөлөрдө жарнамаларын ачык эле жазып кетет. 19 жаштагы атын атагысы келбеген студент өзү курактуу теңтуштары ар кандай отуруш, көңүл ачуу үчүн аталган маңзатты колдонушарын, аны табуу оңой экенин айтып берди.

- Дубалга калтырган эсепке акча которсоң, бир дарекке катып кетишет. Мен билгенден скайп даректери менен дагы сатышат. Анан алар даректерин бат-бат алмаштырып турат. Спайсты тартканда адам өзүн башкара албай калат. Кээ бирлер чеги менен колдонот, бирок биринчи колдонгондор аябай жаман болот.

Спайс - өлүмгө бир кадам жакындоо

Адистердин айтымында спайс (Spice) - бул химиялык аралашма. Учурда дүйнө жүзүнө тарап жаткан спайстын курамын химиялык уулуу заттар түзөт.

Александр Зеличенко
Александр Зеличенко

Эксперт Александр Зеличенко бул психотроптук затка маңзаттардын эң коркунучтуусу, бул айрыкча өспүрүмдөрдүн ден соолугун талкалайт деп баа берди.

- Бул өтө коркунучтуу зат. Башка маңзаттар психологиялык жактан жабыркатса, бул башка органдардын иштөөсүн дагы бузат. Ага байланып калганга убакыт да жетпейт. Бат эле өмүрдү алат.

Психолог Самат Алканов өспүрүмдөрдүн, жаштардын маңзат азгырыгынын алдын алуу үчүн биринчи кезекте ата-энелердин ролу чоң экенин белгилейт. Маңзаттарга тыюу салынганы менен “жашыруун базарды” таптакыр жоюу мүмкүн эмес. Ата-энелер балдары өткөөл куракка жеткенде кыраакы болушу зарыл деди:

- Өспүрүмдөр эмнеге маңзат чегет? Алар кызыгат, кайгырганда көңүл ачкысы келет же ашыкча кубанууга зар болушат. Анан баланын айлана-чөйрөсүнөн көз каранды. Ата-эне баласына жакшылап көз салып тарбиялашы керек. Мыйзам менен тыйган жакшы, бирок андан жашыруун саткандар тыйылбайт.

2006-жылы пайда болуп, химиялык формуласы маал-маалы менен өзгөртүлүп турган аралашмага Европанын бир нече өлкөлөрүндө, Орусияда да тыюу салынган.

Кыргызстанда 2015-жылы Жогорку Кеңеш спайсты коркунучтуу маңзаттар тизмесине кошуп, аны колдонууга каршы мыйзам кабыл алган. Мыйзамда мындай аракет үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG