Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Дутерте Трампты ыраазы кылды


Президенттер Дутерте менен Трамп Маниладагы саммитте, 13.11.2017.
Президенттер Дутерте менен Трамп Маниладагы саммитте, 13.11.2017.

Дүйшөмбүдө АКШ президенти Дональд Трамп Азия саммитинде Филиппиндин лидери Родриго Дутерте менен жолукту. Укук коргоочулар америкалык президентти Филиппинде адам укуктары тебеленгени үчүн катуу позицияны карманууга үндөшкөн. Маниланын көчөлөрүндө Трампка каршы демонстрацияга чыккандарга полиция күч колдонду.

АКШ президенти Дональд Трамп Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттердин башчыларынын Манилада өтүп жаткан саммитине катышып, Филиппиндин популист лидери Родриго Дутерте менен жолугушкандан кийин “алакалар бекемделгенин” билдирди. ​"АСЕАН саммитин Филиппиндин президенти мыкты уюштурду" - деген Трамп Маниладагы сапарынан "ырахат алып жатканын" айтты.

Карама-каршылыктуу эки лидердин жолугушуусу Маниладагы саммит маалында көптүн назарын бурду. Анын алдында укук коргоочулар Трампты Филиппинде маңзатка каршы жарыяланган согушта миңдеген адамдарды өлтүрүлгөндүгү үчүн президент Дутертеге каршы бекем позицияда турууга үндөшкөн.

Эки президент кездешкенде адам укуктары маселеси көтөрүлбөгөнүн Дутертенин маалымат катчысы Гарри Роке “Адам укуктары, мыйзамсыз адам өлтүрүүлөр тууралуу эч кандай сөз болгон жок. Филиппиндин маңзатка каршы согушун президент Дутерте кенен түшүндүрүп берди” - деп айтты.

Ал маалда Маниланын көчөлөрүнө миңдеген адамдар Дональд Трампка каршы демонстрацияга чыгышты. 500гө чукул куралчан полиция кызматкерлери жаалдангандарды Азия саммити өтүп жаткан жайга жакындатпай жолду бөгөштү.

Өткөн жылы июнда шайланган президент Родриго Дутерте маңзат соодасы менен күрөштү баштап, кармалгандарды суроо-сопкутсуз эле ошол жерден атып салууга буйрук берген. Май айында Трамп филиппин лидери мыйзамсыз маңзат соодасын тыюну ийгиликтүү жүргүзүп жатканын айтканда катуу сынга кабылган.

Манилада нааразылык акциясына чыккандардын бири, Жаңы патриоттук альянстын башкы катчысы Ренато Рейес “алардын жолугушуусунан Филиппин элине эч кандай пайда жок. Тескерисинче, адам укуктарынын бузулушунун жаңы эпкинин жаратып, өлкөнү жаңжалга түртөт” - деди.

Тартип коргоочулар менен демонстранттар кагылышып, бир полициячы жарадар болгону кабарланды. Филиппиндин бийлиги саммит маалында коопсуздукту сактоого 60 миңдей атайын күчтөрдү тарткан.

Манилада Азия саммитинин конокторуна берилген сый тамак үстүндө Дутерте махабат жөнүндө ырдап, аны АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Трамптын буйругу менен аткарганын айтканда отургандар кубаттап кол чабышты.

Филиппинде АКШ президентинин Азия континентинин беш мамлекетиндеги 12 күндүк сапары карыйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG