Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Филиппин эми Орусиядан курал алат


Филиппин президенти Дутерте мэр кезинде. Сүрөттө солдон биринчи
Филиппин президенти Дутерте мэр кезинде. Сүрөттө солдон биринчи

Филиппин бийлигинин маңзатка каршы кандуу күрөшүнөн улам АКШ бул өлкөгө курал сатууну токтоткон. Өлкөдө маңзат колдонууга жана сатууга шектелип, сураксыз эле алты миңден ашуун адам атылганы кабарланууда.

2-январда орусиялык эки аскер кеме Манилага сүзүп келген. Андагы экипаж аскерий кызматташтыкты талкуулары айтылган. Кеменин палубасында маалымат жыйынын өткөрүп жатып Орусиянын Филиппиндеги элчиси Игорь Ховаев мындай деди:

- Биз жеңил атма куралдарды, айрым самолеттор менен вертолетторду, суу астындагы кемелерди жана башка көптөгөн куралдарды жеткиргенге даярбыз. Колдонулганын эмес, жаңысын.

Орусия Филиппин менен терроризмге, деңиз каракчылыгына каршы күрөштүн алкагында кызматташары айтылууда. Ошондой эле Филиппин бийлиги 40 жылдан ашуун убакыттан бери ислам жикчилдери аталгандар менен күрөшүп келет.

Бирок алдыда алчу жарактар маңзатка каршы күрөшүү саясатына колдонулушу мүмкүн деген да чочулоо бар. Өткөн жылы июнда шайланган президент Родриго Дутерте маңзат соодасы менен күрөшүүнүн масштабын минтип чечмелеген:

- Гитлер 3 миллион жөөттү кырган. Бизде азыр 3 миллион баңги бар. Мен аларды жок кылмакмын. Германияда Гитлер болсо, Филиппинде мен бармын.

Акыркы маалыматтарга караганда, алты ай ичинде 6 миңден ашуун адам өлтүрүлдү. Анын баары маңзатка каршы күрөш операциясы учурунда, эч бир тергөөсүз, сотсуз атылганы айтылат.

Буга байланыштуу эл аралык укук коргоо уюмдары, БУУ, батыш өлкөлөрү Дутертенин режимин катуу сындап келет. Маңзат боюнча шектелгендерди кылдат тергеп, айыбына жараша жаза берүү чакырыктарына азыркы бийлик анчейин көңүл бөлбөй келет.

Британиялык “Гардиан” басылмасына атын атагысы келбеген жергиликтүү полициячы жогорку жетекчиликтин буйругу менен өлкөдө “өлүм отряды” түзүлгөнүн айткан. Алар маңзат соодагери деп эсептеген адамды түнкүсүн, эч бир күбөсүз өлтүрүшөрүн белгилейт. Өлтүрүлгөн соң башы скотч менен таңылып, жанына “наркобарон” же “наркосоодагер” деген жазууну коюп, таштап кетишерин айткан офицер.

маңзат соодасына шектелип өлтүрүлгөн адам. 2016-жылдын 15-ноябры
маңзат соодасына шектелип өлтүрүлгөн адам. 2016-жылдын 15-ноябры

Ошол эле учурда байкоочулар полициянын айрым кызматкерлери маңзат соодасы менен шугулданарын, Дутертенин радикалдуу саясатын атаандаштан же кыңыр иштерин байкап калгандардан арылуунун эң мыкты жолу катары колдонушарын айтышууда.

Дутертенин каршылаштары бийлик майда-чүйдө маңзатчыларды өлтүргөнү менен ирилерин издебей жатканына нааразы.

Ал эми тарапташтары болсо күрөштүн ушул түрү гана эффективдүү дешет. 71 жаштагы президент Дутерте мурда 22 жыл боюу Давао атуу шаарды башкарган. Ал мэр кезинде башка кылмыштарга каршы деле ушундай күрөш жүргүзгөнүн, өз колу менен адам уурдоого жана зордуктоого шектелген үч адамды өлтүргөнүн Би-Би-Сиге берген маегинде айткан. “Тапанчамдагы октун канчоосу аларга тийгенин билбейм. Бирок, бул иш болгон, аны жалган дей албайм” деген эле Дутерте.

Полициянын огунан өлгөн күйөөсүн кучактаган филиппиндик аял
Полициянын огунан өлгөн күйөөсүн кучактаган филиппиндик аял

Эми ал “эгер кайсы бир баңгини билсеңиз, тартынбаңыз. Аны өлтүрүңүз" деп карапайым элди да шыктандырууда.

Филиппин буга чейин курал-жаракты АКШдан алчу. Алар Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан бери кызматташып, жыл сайын деңиз аскер машыгууларын да бирге өткөрчү.

Бирок маңзатка каршы кандуу күрөш башталгандан кийин АКШ курал сатууну токтоткон. Андан кийин Дутерте куралды башка жактан аларын айткан эле.

синтетикалык метамфетамин
синтетикалык метамфетамин

Өлкөдө эң өтүмдүү деп марихуана менен арзан жана тез таасирин берет делген синтетикалык метамфетамин, же жергиликтүүлөр айткандай "шабу" эсептелет. Филиппиндер бүтүндөй Чыгыш Азия боюнча буларды колдонуу жагынан алдыда. 2013-жылы Филиппиндеги маңзат соодасынын жылдык жыйымы 8,4 млрд доллар деп эсептелген.

Шайлоо кампаниясы учурунда Дутерте бул операцияны алты айда бүтүрүүгө убада берген. Эми канча керек болсо ошончого чейин уланарын айтууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG