Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

ИИМди ириткен кадр саясаты


Иллюстрация
Иллюстрация

Ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери министрликтеги кадрдык дайындоолор кызмат орундарын сатуу аркылуу жүрүп жатканына даттанып, кайрылуу жолдошту.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы арызда көрсөтүлгөн маалыматтар текшериле турганын билдирип, министрдин орун басарынын дарегине айтылган маалыматтардын көбүн жалган жалаа катары сыпаттады.

Кызмат орундарынын баасы

Ички иштер министрлигинин өздүк курамынын атынан жазылып, президентке, премьер-министрге жана парламентке жолдонгон кайрылууда милициядагы кадрдык саясат сынга алынган.

Анда ички иштер министри Улан Исраилов орун басары Данияр Абдыкаров жана ички териштирүү кызматынын башчысы Скандарбек Көчөрбаев менен биригип алып, кадр саясатын жүргүзүп жатканы көрсөтүлгөн.

Ички иштер министри Улан Исраилов президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда.
Ички иштер министри Улан Исраилов президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда.

Кайрылууда ички иштер бөлүмдөрүнүн, башкармалыктардын жана кызматтардын башчылык кызмат орундары 5 миң доллардан 40 миң долларга чейин бааланып, кызылдай акчага сатылып жатканы белгиленген. Арыз ээлери адистештирилген мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орду 60 миң АКШ долларына бааланганын мисал келтирген.

ИИМ бир жактуу иш алып барганы жана анын саясатташып кеткени буга чейин эле байкалып калган.
Жанарбек Акаев

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев жагдайды министрликти жетектөөдөгү кесипкөйлүктүн жоктугу менен байланыштырды:

- Ички иштер органдарынан иштин көзүн билген кесипкөй генералдар кетип, алардын ордуна даярдыгы начар жетекчилердин келип калганы мына ушундай кадрдык ашмалтай саясатка алып келди. Албетте, парламент муну карап чыгып, тиешелүү комитет текшерүү уюштурушу зарыл. ИИМ бир жактуу иш алып барганы жана анын саясатташып кеткени буга чейин эле байкалып калган. Ички иштер органдарында реформа жүргүзөйүн жана милиция кызматкерлеринин маянасын жогорулатайын, элдин милицияга ишенимин кайтарып келейин деген бир ынтызарлык жок.

Мындан тышкары кайрылууда жакында Тажикстанга "Лексус-570" унаасын сатып өткөрүп, 60 килограмм гашиш жана 30 грамм апийим менен кармалган Жаныш Абдыжапаров жана Манас Гапыров аттуу кызматкерлер мына ошол абалга далил экени айтылган.

"Жалаага" толгон кайрылуубу?"

Ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан жазылган айрым кызматкерлердин арызында ошол эле кезде кесипкөй жана дасыккан кызматкерлер себепсиз жумуштан айдалып жатканы көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын башчылары бат-баттан алмашып, кадр саясатынын ашмалтайы чыкканы белгиленген.

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров айрым кызматкерлерди куугунтуктаганы айтылат. Министрликтеги көзөмөлдүн жана тартиптин начардыгынан өздүк курамда маңзат ташууга, пара алууга жана коркутуп-үркүтүүгө байланыштуу кылмыштар катталып жатканы белгиленген.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев экинчи ирет жолдонуп жаткан бул арыз жалган жалаа экенине токтолду:

- Албетте, текшерүүлөр болот. Бирок алардын айтканынын баарын эле туура дегенге болбойт. Кайрылууда калпты ышкыртып, жалаа жапкан учурлар көп экен. Жазганын окуп отурсаң министрлик такыр эле болбой калгандай сүрөттөшүптүр. Биздин жетекчилик менен алардын кандайдыр бир маселеси болсо тынч жол менен чечип алышса болмок. Данияр Абдыкаров биздин министрликте опеартивдүү кызматтардын үстүнөн карайт. Аны кесиптештери дайыма жакшы жагынан гана мүнөздөп келишет. Президенттин колунан сыйлык да алган. Тажрыйбалуу жетекчи болгону үчүн министрдин орун басарлыгына чейин жетти.

Президент былтыр Ички иштер министрлигине Улан Исраиловду дайындап жаткан кезде, мамлекет башчысы андан милицияны толугу менен реформалоону талап кылган. Мына ошол реформанын алкагында башкармалыктар жана кызматтар бири-бирине кошулуп, ирилештирилген жаңы кызматтар түзүлдү.

Ички иштер органдары реформаланбай калганын белгилеген саясат талдоочулар мындай абал коррупциялашкан система үчүн ыңгайлуу экенин мисал келтиришкен.

Патрулдук милиция ишенимди актай албай жатат

Патрулдук милиция ишенимди актай албай жатат

Жогорку Кеңеште жол коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн жаңыдан түзүлгөн патрулдук милициянын ишмердиги сынга алынды.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов өкмөттүн дарегине кандай гана арыз түшпөсүн, ал толук каралып, мамлекеттик тилде жооп болорун белгиледи:

- Кайрылуу премьер-министрдин дарегине келип түшкөн болсо, анда ал алгач тиешелүү бөлүмдүн кароосунан өтөт. Ал жакта кайрылуу катта келтирилген фактылар канчалык чындыкка жакын экенин териштирип, текшерип чыгышат. Мына ошонун негизинде гана кандайдыр бир чечим кабыл алынышы мүмкүн. Эгерде кандайдыр бир татаал маселе болсо, анда өкмөттүк деңгээлде атайын комиссия дагы түзүлүшү мүмкүн.

Ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан жазылган кайрылууга Туйтуков, Максүтов, Осмоналиев жана Абдыкалыков деген милиция кызматкерлери кол коюшкан.

Кайрылуунун аягында туура эмес жүргөн кадрдык саясаттын айынан өздүк курам учурда оор абалда экени айтылып, министрликтеги кыңыр иштерди иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүү жагы өкмөткө сунушталган.

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аталган кайрылуусу интернет сайттарга жарыяланган. Мына ушундай эле мазмундагы кайрылуу буга чейин дагы чыккан болчу. Бирок ага карата өкмөттөн жооп болгон эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG