Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:07

Кримдүйнөгө каршылардын кылмышы


Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш алып барган эки кызматкери ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип кармалып, камакка алынды.

Аларга паракорчулуктан сырткары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча дагы кине коюлууда.

Бул кармоо операциясы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жана ички иштер органдарынын ички тескөө кызматы тарабынан жүргүзүлдү.

Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшө турган бул мекеменин кызматкерлеринин паракорчулукка шектелип, кармалышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты.

Колго түшүрүү операциясы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 19-октябрга караган түнү Ички иштер министрлигинин мурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы деп аталган криминалдык милиция кызматынын башкы имаратында ыкчам иликтөө иш-чарасын жүргүздү. Буга ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча жабырлануучу тараптан түшкөн арыз жана ага байланыштуу топтолгон далил материалдары негиз болду.

Чекисттердин ыкчам тобу криминалдык милиция кызматынын 3-бөлүмүнүн эки кызматкерин кылмыштын үстүнөн колго түшүргөн.

Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Бакыт Сейитов бул окуянын чоо-жайын айтып берди:

- Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы биздин ички тескөө кызматы болуп түзүлгөн мурдагы ички коопсуздук кызматы биргеликте пара талап кылуу фактысы боюнча атайын иш-чараларды жүргүздү. Мына ошонун алкагында кечинде Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын эки кызматкери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Аларды кармоо учурунда жанынан 400 доллар өлчөмүндө пара катары берилген акча табылган.

Ички иштер министрлигине караштуу Кылмыш иликтөө жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мурдагы башкы башкармалыктары криминалдык милиция кызматына бирикен.
Криминалдык милиция кызматына караган 3-башкармалыктын камакка алынган эки кызматкерине карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Анда пара талап кылуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

"Эми гана ачыкка чыга баштады"

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Рафик Мамбеталиев кызматкерлердин пара менен кармалышын мекемедеги тартиптин жана көзөмөлдүн начарлашы менен байланыштырды:

- Мен иштеп турган учурда бул башкармалыктан ушинтип бирөө дагы кармалган эмес. Мен жетектеген эки жыл аралыгын көтөрүп көрсөңүздөр бир дагы жолу буга окшогон чыр-чатак болгон эмес. Биз өзүбүздүн тикелей жумушубуз менен гана алектенчүбүз. Башка иштер менен баш оорутканга убакыт дагы жок болчу. "Милицияны реформалайбыз" деп жасагандардын жыйынтыгы мына ушул... Мурун баары көзөмөлдө болчу. Тартип бар эле. Ошондуктан буга окшогон терс көрүнүштөр болчу эмес. Эми ким кылмыш жасаган болсо, ал моюну менен тартышы керек. Андан көрө ошол көзөмөлдүн абалы боюнча сурооңорду азыркы жетекчилерге бербейсиңерби. Мурун биздин астыбызда так тапшырмалар бар болчу. Азыр алардын астында кандай тапшырмалар бар экенин айта албайм. Биз уюшкан кылмыштуулук менен тынымсыз күрөшүп келдик. Бирөөдөн акча талап кылып, сураган оюбузга дагы келген эмес.

Иллюстрация
Иллюстрация

Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы милициянын алдыңкы элиталык түзүмү катары белгилүү болчу. Бирок коомчулукта жана ишкер чөйрөдө бул түзүмдүн кызматкерлерине карата пикирлер бир кылка эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов пара талап кылуу жана мажбурлоо сыяктуу терс көрүнүштөр бул мекемеде бүгүн эле чыкпаганын айтып, болгону мурдатан калыптанып калган "өнөкөт оору" эми гана ачыкка чыкканын төмөндөгүчө белгиледи:

- Мына ошол кармалган кызматкерлер ал мекемеге бүгүн эле барып, иштеп калган жок да. Алар бул системада мурдатан бери эле иштеп келишкен. Ошондой нерселерге эбактан бери эле көнүп алып, мурдатан эле калыптанып калган да. Мына ошондой кылыктардын бардыгы жабык болуп келе жатып, анан эми гана айрымдары ачыкка чыга баштады окшойт. Бул мурункудан калган адаттардын жана жорук-жоосундардын саркындысы. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, ошентип качандыр бир учурда чыгып калат. Азыр ал жакта жакында эле реформа болуп, кызматтар өз-өзүнчө бөлүнүп-кошулуп жатпайбы. Буюрса, мына ошонун негизинде тармакта тазалануу болуп, татыктуу жана таза кесипкөй адистер келет деген ишенимдемин.

"Күрөш кагаз бетинде калды"

Уюшкан кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш жарыялоо демилгесинин алкагында 2011-жылдан 2013-жылга чейин Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы уюшкан кылмыштуу топтордун 200дөн ашуун мүчөлөрүн кармап, камакка алган болчу. Бирок айрымдарынын иши тергөөдө "далилденген жок" деп жабылса, көпчүлүгү кийин сот аркылуу эркиндикке чыккан.

Рафик Мамбеталиев уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү соңку төрт жылда бир топ солгундаганын белгиледи:

- Биз иштеп жүргөндө баарыбыз жаныбызды оозубузга тиштеп алып, кылмыштуулук менен чын дилибиз менен күрөшчүбүз. Коркунучтуу кылмышкерлердин баарын кармап, аёосуз камачубуз. Мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартканбыз. Кийин убакыт өткөн соң мына ошолордун көбү соттор аркылуу эркиндикке чыгып кетишти. Анан биз эмне кыла алмак элек? Биз ошол кезде милиция кызматкерлерине, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө кол салып жүргөн бандиттер менен күрөш жүргүзүп турдук. Анан уюшкан кылмыштуу топтор менен күчөтүлгөн тартипте, аёосуз күрөшүүгө негиз бере турган мыйзамды ишке киргизебиз дегенбиз. Мына ошонун баары кийин кагаз бетинде калды.

Интернет булактарында кармалган эки кызматкерден сырткары, бул ишке милициянын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшкөн башка эки кызматкеринин дагы катышы бар экени жана алар кармоо учурунда качууга үлгүрүшкөнү айтылууда. Кармалгандардын бири бөлүмдүн жетекчи кызматтарында иштегени кабарланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG