Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Чет элдиктерди тоногон погончондор


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте чет элдик жарандарды коркутуп, акча талап кылган деген шек менен эки милиция кызматкери тергөө абагына эки айга камалды. Иликтөөдө алар чет өлкөлүктөргө кыздарды салып берип, опузалап акча алып келгени ачыкка чыккан.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 29-мартында болгон. Милицияга арыз менен кайрылган пакистандык жаран кафелердин биринен чыгып баратканда тартип сакчыларына телефонун тарттырып жибергенин айткан.

Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр аныкталып, бир кыз жана эки милиция кызматкери кармалган. Иликтөөдө алар негизинен чет өлкөлүктөрдү опузалап акча алып келгени ачыкка чыккан.

Бир нече жабырлануучу кафелерде кыз менен таанышып, андан кийин мейманканага барышканын, ал жакта селки кыйкырып, телефон чалганын, бир нече убакыттан кийин милиция кызматкерлери келип чет элдиктерди кармаганын жана акча талап кылганын айтып беришкен.

Чех ишкерлеринин тонолушу иликтенүүдө

Чех ишкерлеринин тонолушу иликтенүүдө

Бишкекте чех ишкерлери тонолгонун айтып чыгышты. 7- ноябрь күнү өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырган беш киши ишкерлердин колун кайрып, документ талап кылган.

Окуяга шектелген эки милиция кызматкерин Ленин райондук соту №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу чечимин чыгарганын шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди:

- Пакистандык жарандын арызынын негизинде эки милиция кызматкери камакка алынды. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат.

Адыловдын айтымында, кармалган милиция кызматкерлеринин экөө тең 1990-жылы туулган. Бири ИИМдин Күзөт башкармалыгында, экинчиси Бишкек шаардык патрулдук милицияда иштеген. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, териштирилүүдө.

Чет өлкөлүктөрдү милиция кызматкерлери тоногон фактылар буга чейин эле катталып келген. Бир ай мурда Бишкекте чет элдиктерди тоноп жүрөт деген шек менен кылмыштуу топ кармалган. Алар Түркиянын жана Германиянын жарандарынын арызынын негизинде колго түшкөн.

Иллюстрация
Иллюстрация

Мындан улам Бишкекте окуп, иштеп же конокко келген айрым чет өлкөлүк жарандар кыргыз милициясынын мамилесине нааразычылыгын билдирип келишет. Алар милиция себепсиз токтотуп алып, паспортун текшерген, акча доолаган, тоноп алган учурлар көп болгонунан даттанышууда. Үч жылдан бери Бишкекте окуган түркиялык студент Тунч окуясы менен бөлүштү:

- Буга чейин милиция кызматкерлери паспортумду тартып алып, визаң туура эмес деп айып пул талап кылышкан. Бирок документимде эч кандай ката жок эле. Макул болуп төлөйүн десем, бул жакта камера бар деп башка бөлмөгө алып киришти. Ошондо мен мыйзамсыз экенин билип калдым. Чөнтөгүмдө болгону 500 сом бар болчу, аны алгандан кийин кое беришти. Бул жалгыз учур эмес. Бул жактагы досторумдун көпчүлүгүнөн минтип акча талап кылган учурлар көп болгон.

Бирок Тунч жана анын достору окуя боюнча бирөөгө айтып же милицияга арыз жазган эмес. Муну алар тартип сакчыларына болгон ишенимдин жоктугу менен түшүндүрүшөт. Укук коргоочу Рысбек Адамалиев дал ушул себеп милиция кызматкерлерин жазасыз калтырып жатканын белгиледи:

- Жаран өз укугун мыйзам ченемдүү коргоо үчүн укук коргоо органдарына арыз жазыш керек. Бирок ал өзү тартип сакчыларынан жапа чексе кайра алардан жардам сурап кантип кайрылат? Тажрыйба чет өлкөлүктөрдүн көпчүлүгү ушундан улам укугун коргобогонун көрсөтүп жатат. Мындай иштерди прокуратура, тиешелүү органдар көзөмөлгө алып, аягына чыгарышы керек. Жазаланбай калган учурлар кылмыштын санын көбөйтөт.

2016-жылдын жайында Ысык-Көлдө Орусиянын, күзүндө Бишкекте Чехиянын жараны тонолгон. Байкоочулар мунун айынан Кыргызстандын меймандос өлкө деген туристтик кадыр-баркына шек келип жатканын белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG