Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Нарын: туристке кол салгандар камакта


Чад Родхачер
Чад Родхачер

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы АКШнын жараны Чад Родхачерди тоноду деген шек менен эки адамды кармады.

Белгисиз адамдар 20 миң сомдой өзбек сумун, нетбук, фотоаппарат, спутник телефонун тоноп кеткендигин милицияга чет элдик жаран 6-июнда маалымдаган болчу.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 9-июнда бул кылмышка шектүү деп Нарын районунун 20 жана 18 жаштагы тургундарын кармап, ишти тергей баштады.

АКШнын жараны Чад Родхачердин айтымында, ал Кыргызстанга турист катары келген. Мотоцикл менен Нарындан Ысык-Көлгө, андан ары Казакстанга өтүүнү пландаганын айтууда. Ал 5-июнда Нарын районунун аймагында калып, түн кирип кеткендиктен чатыр тигип эс алууга жаткан.

- Уктап жаткам. Бир маалда бирөөлөрдүн үнүнөн ойгонуп кеттим. Саатымды карасам 10 болуптур. Анан эле эки бала кирип келип, башка бир нерсе менен чаап, муунтууга аракет жасады. Ал эми экинчиси баштыктарымды аңтарып, буюмдарымды алып кетти. Жанымда өзбек акчасы бар болчу. Анткени мен Кыргызстанга Өзбекстан аркылуу келгем. Анан Нарын милициясына кайрылдым. Мен туристмин. Борбор Азиядагы жаратылышты сүрөткө тартып, интернеттеги блогума жайгаштырам.

Нарын районунун тургундары Арген жана Ишенбек тоого жумуштары менен барып, чет өлкөлүк жаранды көрүп калып, акча керек болгондуктан ушундай жолго барганын айтышууда. Ишенбек буга чейин Бишкек шаарында ар кандай жумушта иштеп жүргөн:

- Буга чейин мындай туристтер көп каттачу. Анан ушул туристти көрүп калдык. Ошол убакта акча керек болчу. Уктап жатканда эле басып жыгылып, буюмдарын алып, өзүн коё бердик. Азыр өкүнүп жатабыз. Экинчи мындай кайталанбайт.

Нарын районунун тергөөчүсү Жазгүл Жусубалиева Кылмыш-жаза кодексинде тоноо беренеде чет элдик же жергиликтүү жаран деген пункт каралбаганын айтат. АКШ жараны 12-июнда Кыргызстандан кетип жаткандыктан бул ишке өзү ишенген кишини өкүл дайындайт.

- Эгер бул адам өз өлкөсүнө кайта турган болсо, нотариус аркылуу ишенген адамын таштап кетет. Биз ошол киши менен ишти уланта беребиз. Ал эми Чад Родхачердин бизге берген көрсөтмөсү боюнча мыйзамдуу түрдө бажыдан өтүп келаткан. Ар бир өлкөнүн визаларын көрсөттү. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, бул чет элдик жаранды тоногону үчүн Кылмыш кодексинин 168-беренесине ылайык шектүүлөр 5 жылдан 15 жылга чейин темир тор артына кетиши ыктымал, ошондой эле алардын буга чейин сот жообуна тартылганы эске алынмакчы.

Акыркы жылдары Нарын жергесине каттаган туристтердин агымы көбөйө баштаганын өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов белгиледи. Бирок ошол эле убакта алардын коопсуздугу үчүн Нарын облустук ички иштер башкармалыгына тапшырма берилгендигин айтат.

- Туристтер коопсуздугу үчүн бизге кайрылса, сөзсүз түрдө кам көрөбүз. Биздин облуска келген туристтердин көбү каттоодон өтүшпөйт. Ошондуктан ким келип атканын билбей калабыз. Азыр биздин облуска туристтер көп келүүдө. Өткөн жылы Нарын дарыясына экстремалдык спорттун түрү боюнча туристтер келип, быйыл да келебиз деп сүйлөшүп кетишкен. Эми жакынкы жылдары Нарынга лыжа базасын ачууга да аракетибизди жасап, инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Быйылкы жылдын туристтик сезонун 30-майда "ЭкоНарын" деген фестивалды ачуу менен баштап алдык. Кийинки айга шырдак, кымыз, бозо фестивалдарын уюштурууга кам көрүүдөбүз. Бул туристтерди облуска тартуунун бирден бир жолу.

Облуста 44 туристтик фирма каттоодон өтүп, алардын ичинен 9 фирма гана туристтерди тосуу менен иш алып барат. 2014-жылы Нарын облусуна келген туристтердин саны 20 миңден ашып, алардан түшкөн киреше 6,5 миллион сомго чамалаган.

XS
SM
MD
LG