Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Нарын: тейлөө жаатында кемчилик арбын


Жылдан жылга Нарын жергесине саякаттап келген чет жердиктердин саны өсүп келет. Бирок облустун туризм тармагында чечилбеген көйгөйлөр бар.

Чет элдик саякатчылар көбүнчө Соң-Көл, Таш-Рабатка келишет. Теңир-Тоодогу айрым малчылар бир иштен эки иш кылып малын жайлап, аны менен катар чет элдиктерди тосуп, киреше табат. Соң-Көл жайлоосунда көбүнчө 7-8 үй биригип коом түзүп, Бишкектеги туристтик фирмалар менен иштешет. Жалгыз иштегендер болсо боз үйүнө "Мейманкана" деген жарыя илип коюшат.

Адистер болсо чет элдик эс алуучуларды ар ким өзү билгендей тейлөөгө алышы туризмдин келечегине терс таасирин тийгизет деп кабатыр.

“Конок үйлөр” бирикмесинин жетекчиси Айсалкын Карасартованын айтымында, акыркы жылдары Нарын шаарында мейманканалар көбөйүп калды. Дээрлик баары менчик болгондуктан бири-бирине атаандашып шарты да, тейлөө жагы да жакшырып жатканы байкалат. Бирок саякатчынын мейманканга жеткенге чейинки көйгөйлөрү эске алынбайт:

- Туристтердин көбү жалгыз аяк жол менен келишет экен. Мото же велосипед тээп келе жатканда жол боюнда маалымат берчү такталар жок. Бизге ушуну көп айтышат. Анан европалыктарга биздин дааратканалар жакпайт. Бул жагын дагы эске алыш керек.

Облуста кыркка жакын чакан туристтик уюм иш алып барат. Булардын ичинен конокту тейлөө жагынан кемчилик кетиргендери да бар. Себеби, бир дагы туристтик уюмда тейлөө маданиятын атайын окуудан өтүп, үйрөнгөн адистер иштебейт. “Турна” саякат агенттигинин жетекчиси Талант Ниязбековдун пикиринде, азыр Нарында тейлөө жагы бир нукка салына элек.

- Нарында мейманканалар жана транспорттук тейлөө кызматы жакшы өнүккөн дешет. Бирок андай эмес, мисалы, турист келсе аны Таш-Рабатты көрсөтүп кел деп таксистке дайындап коюшат. Ал таксист жолдон тамеки чегет, түшүп алып басып кетет. Бул саякатчыны иренжитет да. Туризм өзү чоң долбоор. Буга олуттуу мамиле керек.

Нарын дубанында туризм тармагы жаңыдан өнүгүп келе жаткандыктан туризм менен алектенген уюмдар байып, өнүгө элек. Андыктан мамлекеттин колдоосуна муктаж. 26-февраль күнү Нарын шаарындагы туризм боюнча жыйынга катышкан Маданият министрлигинин Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиев жергиликтүү бийлик тараптан бул тармакка кошкөңүл мамиле жасалып жатканын белгиледи:

- Азыркы учурда жергиликтүү бийликтер бул тармакка кошкөңүл карайт. Ар бир жерде өзүнчө эле иштей берет экен. Фестивалдарды бийлик өткөрөт, бирок ага уюмдар катышпай калат. Бири-бири менен байланышып, иштешкенде жакшы натыйжа бермек.

Нарын шаарында туризм тармагында иш алып барган 100дөй ишкер бар. Нарын облусуна былтыр 27 миң саякатчы келип, 11 миллион сомдон ашык каражат эл чөнтөгүнө түшкөн. Адистердин айтымында, келгендердин саны мындан да көп болушу мүмкүн. Анткени, айрымдары эч жерде катталып отурбай эле жалгыз-жарым боз үйлөрдө түнөшөт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG