Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

“Кыргызстанга кош келиңиздер!”


Айрым жаш активисттер өнүккөн өлкөлөр үчүн Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат алууда. Бул сунушту учурда Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө жана өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага Борбор Азиядагы эркин базар институтунун мүчөлөрү жолдошкон. Сейитбек Усманов жана Мирсулжан Намазалиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп беришти.

“Азаттык”: Бул демилгени көтөрүп чыгууга эмне түрткү болду?

Мирсулжан Намазалиев: Кыргызстандын өнүккөн өлкөлөр менен карым-катышта болуусун абдан каалайбыз. Себеби алар биз менен кызматташса бизде акча көбүрөөк болот. Туристтер, жеке ишкерлер жана инвесторлор көбөйүп, ишибиз абдан эле алдыга жүрмөк. Туристтердин 80 пайызы визаны оңой алууга боло турган өлкөлөргө көбүрөөк барышат. Учурда Убактылуу өкмөт бул сунушубузду оң жагына чечип берет деп ниеттенүүдөбүз.

“Азаттык”: Бул сунушту ишке ашыруу канчалык деңгээлде реалдуу?

Мирсулжан Намазалиев: Менимче, бул жеңил эле нерсе. Биз сунуштаган 31 өлкөнүн жарандары биздин өлкөгө кирүү үчүн виза албай эле коюшу керек деген документте кол коюлса эле болду. Бирок Тышкы иштер министрлиги буга каршы чыгууда. Анткени алар буга чейин консулдук жыйымдардын эсебинен жан багып келишкен да.

“Азаттык”: Дүйнөнүн кайсы өлкөлөрүнө мындай мүмкүнчүлүк берген жатасыңар?

Сейитбек Усманов: Европа биримдиги, Канада, АКШ жана башка өлкөлөр кирди. Алсак, жакында эле Кытайдан Бишкекке Американын жараны келип, ага визаны 70 долларга эмес, 100 долларга жасап беришти. Аны да жөн бербей, чыгып баратканда да кыйынчылык жаратуу үчүн туура эмес жасап беришкен экен. Демек биздин аэропорттогу консулдук чындыгында жакшы иштебейт. Ошондой эле эгерде Казакстанга же болбосо Өзбекстанга келген туристтер биздин өлкөгө келе турган болсо, аларга оңой болушу керек. Анткени алар чек арадан визаны ала алышпайт.

“Азаттык”: Бул демилге террордук күчтөрдүн Кыргызстанга агылып келүүсүнө шарт түзбөйбү?

Сейитбек Усманов: Биз ошон үчүн өнүккөн гана өлкөлөр үчүн ачып жатабыз. Ал эми, кудай сактасын, террорчулар келем десе келүүнүн бардык жолдорун таап алышат. Кошумчалай кетсем, дүйнөдө туризм эң жакшы өнүккөн тармактардын бири. Биз да туристтерди кызыктырышыбыз керек.

Мирсулжан Намазалиев: Биз визалык тартипти колдонуу менен туристтердин же инвесторлордун келишин гана токтотпостон, өзүбүздүн жарандарга да иш алып барууда кыйынчылыктарды түзүп жатабыз.
XS
SM
MD
LG