Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:50

Сот бошоткон кримтөбөлдөр


коллаж
коллаж

Акыркы убакта кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө чыккан соттук чечимдер саясий чөйрөдө да, коомчулукта да кеңири сөз болуп жатканы эч кимге жашыруун эмес.

“Азаттык” Кыргызстан эгемендик алгандан бери ИИМдин каттоосунда кылмыш дүйнөсүнүн таанымал өкүлү катары каралып, соттор аркылуу акталган же мөөнөтүнөн мурда бошотулган кишилердин аты-жөнүн окурмандардын эсине салып коюуну туура тапты.

Рысбек Акматбаев

Рысбек Акматбаев.
Рысбек Акматбаев.

ИИМге белгилүү кылмыш чөйрөсүндөгү статусу - авторитет. Каймана аты - "Рыся".

Коюлган айыптары: Рысбек Акматбаев баштаган тогуз адам "милициянын полковниги Чыныбек Алиевди жана дагы үч адамды өлтүргөн, кылмыштуу топ уюштуруп, мыйзамсыз курал сактаган" деген шек менен айыпталган.

Сот чечими: 2006-жылдын 24-январында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Рысбек Акматбаевди бардык айыптоолор боюнча актаган чечим чыгарган. Анткени соңку жыйынында сот "Рысбек Акматбаевдин киши өлтүрүү кылмыштарына катышы барын тергөө материалдары далилдебейт" деп тапкан. Ага чейинки сот жыйындарында прокурор өзү Рысбек Акматбаевге коюлган күнөөлөрдү колдоодон баш тарткан.

Рысбек Акматбаев 2006-жылы 10-майда окко учуп киши колдуу болгон.

Камчы Көлбаев

Камчы Көлбаев.
Камчы Көлбаев.

ИИМге белгилүү кылмыш чөйрөсүндөгү статусу - "мыйзамдагы ууру". Каймана аты - "Коля Киргиз".

Коюлган айыптары: Көлбаев "кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган" деп айыпталып 2012-жылдын декабрында камалган.

Сот чечими: Жабыркагандар менен күбөлөр тергөөдө Көлбаевге каршы берген көрсөтмөлөрүнөн сотко келгенде баш тартып, айрым айыптар кыскарган. Бишкек шаардык соту Көлбаевди үч жылга эркинен ажыраткан. 2013-жылы 14-майда Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. 2014-жылдын 8-июнунда Камчы Көлбаев абактагы жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу эркиндикке чыгарылган.

Адилет Касенов

ИИМдин маалыматы боюнча Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун белдүү мүчөсү.

Коюлган айыптары: ИИМдин маалыматы боюнча, Касенов эки шериги менен курал колдонуп 2010-жылдын февралында милиция кызматкерлерине кол салган деп айыпталган. Андан тышкары, ага Кылмыш-жаза кодексинин "Каракчылык", "Ок атуучу курал-жарактарды, ок-дарыны мыйзамсыз сатып алуу, сатуу жана сактоо" беренелери боюнча айып коюлган.

Сот чечими: 5-июнда Касенов сот жаза мөөнөтүн эки эсе кыскартканына байланыштуу №47 жаза абагынан эртелеп бошонгон.

Азиз Батукаев

Азиз Батукаев.
Азиз Батукаев.

ИИМдин маалыматы боюнча кылмыш чөйрөсүндөгү статусу - "мыйзамдагы ууру". Уюшкан кылмыш тобунун башчысы.

Коюлган айыптары: Аламүдүн райондук соту 2006-жылы 3-августта Батукаевди үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыраткан. Ага "киши өлтүрүүгө катышкан, курал-жаракты мыйзамсыз сактаган, мыйзамсыз курал-жарак жасаган, массалык башаламандык уюштурган" деген айып тагылып, Нарында түрмөдө отурган.

Сот чечими: Нарын шаардык соту 2013-жылдын 9-апрелинде Батукаевди ден соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган.

Бошоору менен Азиз Батукаев күч түзүмдөрүнүн коштоосунда "Манас" аба майданы аркылуу өлкөдөн чыгып кеткен.

Кадыр Досонов

Кадыр Досонов.
Кадыр Досонов.

ИИМдин маалыматы боюнча каймана аты - "Женго".

Коюлган айыптары: Кадыр Досонов милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө байланыштуу 2015-жылы кармалган.

Сот чечими: Кара-Суу райондук соту 2017-жылы 6-июлда "Кадыр Досоновдун полковникти өлтүрүүгө буйрук бергени соттук териштирүүдө аныкталган жок" деген негизде аны актаган. 2017-жылы 3-августта Ош облустук соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Алтынбек Ибраимов

ИИМдин маалыматы боюнча каймана аты - "Алтуха".

Коюлган айыптары: Алтынбек Ибраимов "Акча талап кылуу", "Баңгизаттарды сактоо" беренелери боюнча айыпталган.

Сот чечими: 2017-жылдын 1-августунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту "опузалап акча талап кылганы далилденген жок" деп, бул берене боюнча актаган. "Маңзат сактаган" деген айып боюнча төрт жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен, бирок "кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти" деп абактан бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Жабырлануучулар буга нааразы болуп Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан, анда Ибраимов 11, шериги алты жылга кесилген.

Мурсалым Өмүрзаков

Мурсалым Өмүрзаков.
Мурсалым Өмүрзаков.

ИИМдин маалыматы боюнча кылмыш чөйрөсүндөгү статусу - "мыйзамдагы ууру". Каймана аты - "Карышкыр".

Коюлган айыптары: 2010-жылы Мурсалым Өмүрзаков талап-тоноочулук, каракчылык фактысы боюнча Бишкектин Ленин райондук сотунда соттолгон.

Сот чечими: 2012-жылдын декабрында мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган.

2017-жылы ал Орусиянын Архангельск шаарында кармалганы тууралуу видео чыккан. Акыркы маалыматтарда ал учурда Орусияда абакта отурат.

Алмаз Сулайманов

Алмаз Сулайманов.
Алмаз Сулайманов.

ИИМдин маалыматы боюнча каймана аты - "Лимонти".

Коюлган айыптары: Алмаз Сулайманов Нарында эки кишини мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталган жана 1998-жылы Алматыда кармалган.

Сот чечими: Сулайманов 1999-жылы Нарын райондук соту тарабынан атууга буйрук кылынган. Бирок кийин өлүм жазасына мораторий жарыяланып, ал 30 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылган. 2008-жылы апрелде №27 колониянын жетекчилигинин өтүнүчү менен ден соолугуна байланыштуу деген негиз менен Аламүдүн райондук сотунун чечимине ылайык мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Атайын прокуратура бул боюнча иликтөө жүргүзүп, 2011-жылы Сулаймановго кайрадан эл аралык издөө жарыяланган.

Сулайманов 2013-жылы да Казакстандын Алматы облусунан кармалып, Кыргызстанга жөнөтүлгөн, учурда абакта.

Чыңгыз Жумагулов

Чыңгыз Жумагулов.
Чыңгыз Жумагулов.

ИИМдин маалыматы боюнча каймана аты - "Дөө".

Коюлган айыптары: Жумагулов 2016-жылы жайында камакка алынган жана ага "киши өлтүрүүгө катышкан", "бийлик өкүлүнө күч колдонгон", "ээнбаштык кылган" жана "кылмыш тобун түзгөн" деген айыптар тагылган.

Сот чечими: ​Бишкектин Ленин райондук соту 17-январда Чыңгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда шарттуу жаза менен абактан бошотту. Түрмөнүн башчысы Жумагуловду жаза мөөнөтүнөн мурда шарттуу боштондукка чыгаруу мезгили келгендиктен сотко кайрылган жана бул өтүнүч канааттандырылган.

Самарбек Жолдошов

ИИМдин маалыматы боюнча Чыңгыз Жумагуловдун тобуна кирет.

Коюлган айыптары: Самарбек Жолдошев 2016-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал "адам уурдоо", "уурулук", "опузалап акча талап кылуу" жана "автоунааларга мыйзамсыз ээлик кылуу" сыяктуу төрт оор берене боюнча күнөөлүү деп табылган.

Сот чечими: Ысык-Ата райондук сотунун чечими менен Самарбек Жолдошев жатак абакка чыгарылды. Соттун төрагасы Марат Канулькулов билдирди. Анын айтымында, мындай чечим 19-январда кабыл алынып, ага №3 түрмөнүн башчысынын сунушу себеп болгон.

P.S. "Азаттык" аты аталган адамдарды бошотуу тууралуу чечим кабыл алган соттор туурасында иликтөө жүргүзмөкчү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG