Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Апта: "Каралардын" жанданышы, эки Кореянын жакындашы


Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Орусиялык "Фергана" маалымат агенттигине иликтөө материал даярдаган журналист Элнура Алкановага өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Журналистти күбө катары суракка чакырган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызмат бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатканын гана билдирип, эмне үчүн мындай чектөө коюлганын түшүндүргөн жок.

8-январда Алканова суракка барып, Бишкектин БТА банкындагы жашыруун маалыматтын ачыкка чыгышы боюнча козголгон кылмыш иште күбө катары өтүп жатканын ошол жерден билген.

"Мен сурак учурунда тергөөчүдөн "керектүү документтерди, токтомдорду көрсөтүңүз" деп сурасам "сиз күбө катары өтүп жатканыңыз үчүн көрсөтө албайбыз" деп баш тартышты. Ал эми өлкөдөн чыгышыма бөгөт бар экен. Мен: “Күбөгө карата эмне себептен мындай чара колдоносуңар?” десем: “Биз тергөө органы катары өз ыктыярыбыз менен ушундай чараны колдоно алабыз” деп түшүндүрүштү", - деди журналист. Ал ошондой эле өз иликтөөсүндө ачык булактардын маалыматтары гана колдонулганын кошумчалады.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызматтын басма сөз өкүлү болсо журналистке каршы киргизилген чектөө боюнча иштин купуялыгына байланыштуу тергөө ашыкча маалымат бербей турганын "Азаттыкка" жазуу жүзүндө маалымдады.

2017-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен кошо аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Бул боюнча журналисттик иликтөө жүргүзгөн Алканова мүлктү сатууда мыйзам бузулганын, ага премьер-министр Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазып чыккан.

Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал хаус" шаарчасына байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган. Өлкөнүн башкы көзөмөл мекемеси имараттардын сатылышынын мыйзамдуулугун аныктоо боюнча кылмыш ишин ачкан.

Прокуратура 18-декабрда тараткан билдирүүдө журналисттик иликтөөдө Сапар Исаковго байланыштуу маалыматтар далилденбегени айтылат.

Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева журналисттик иликтөөдө келтирилген жүйөлөр Башкы прокуратура тарабынан текшерилип, "алардын чындыкка дал келбегени аныкталганын" коомчулукка билдирген. "Фергана.ру" басылмасына жана журналист Элнура Алкановага кайрылып, маалыматты төгүнгө чыгарышын жана коомчулук алдында кечирим сурашын талап кылдык" - деген Исаковдун кеңешчиси.

Журналист болсо өкмөт башчыдан кечирим суроодон баш тарткан. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызмат "Фергана.ру" сайтында жарыяланган Алканованын иликтөөсүндө "банк сырын ачыкка чыгаруу фактысы бар" деген негизде кылмыш ишин козгогон.

Юристтер жарандын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салуу “шектүү же айыпталуучу абдан олуттуу күмөн жараткан кезде” гана колдонуларын белгилешет. Журналист Алканова “күбө катары өтүп жатканда анын өлкөдөн чыгышына тыюу салуу негизсиз” – деп чечмелейт адвокат Нурлан Садыков.

Сөз эркиндигинин абалы сестендирет

Жума күнү Бишкекте жарандык коом сөз эркиндигинин абалын талкуулаган талкуу өткөрдү. Ага депутаттар, коомдук ишмерлер, эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар, эксперттер, журналисттер катышты.

“Адилет” укуктук клиникасы сөз эркиндиги жана пикир билдирүү укугуна байланыштуу соңку жагдай тууралуу отчетун жарыялады. Анда массалык маалымат каражаттарына, журналисттерге жана укук коргоочуларга коюлган соттук доолор, мыйзамдык нормалар жана алардын колдонулушу анализденген.

Бул уюмдун юристи Тимур Султанов журналисттерге коюлган бир нече миллиондогон сом доолорго токтолду. Юристтин белгилешинче, мыйзамда моралдык чыгым келтиргени үчүн кенемте төлөтүүдө соттор ошол материалдын мазмунуна жана маанисине, маалыматтын таркатылышына байланыштуу жагдайга көңүл бурушу керек деп жазылып турат. Ошону менен катар акыйкат жана акылга сыярлык талаптарга жооп бериши керек.

"Мурда соттор ар-намыска шек келтирди деген дооматты караганда бул эрежени эске алып келишкен. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина "24.kg" агенттиги менен анын журналисти Махинур Ниязовага 5 миллион сот доо койгондо, сот аны карап, 5 миң сом төлөнсүн деген чечим чыгарган. Бул иш Жогорку Сотко чейин каралып, чечим күчүндө калтырылган. 2017-жылы болсо соттор акылга сыярлык жана адилет чечим чыгарууну көздөшкөн жок. Моралдык чыгым үчүн кенемтенин минималдын өлчөмү бир иш боюнча 3 миллион сом болду. Жалпы сумма 50 миллион сомго жетти" - деген юрист Тимур Султанов "жарандар мыйзам алдында бирдей" деген норма бузулуп жатканына өкүнөт.

"Сөз эркиндиги ыйлай турган абалга жетти"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00

Саясий ишмер Равшан Жээнбеков болсо токтоосуз түрдө сот реформасын баштап, институционалдык өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу зарылчылыгы турганына көңүл бурду. "Бардыгы сотко келип такалат. Президент дагы массалык маалымат каражаттарына, жарандык активисттерге же башка көз караштагы саясатчыларга басым жасаганда ал дагы сотко келип жатат. Соттор жараксыз. Биз жаңы сот системасын түзүшүбүз керек" - деди саясатчы Бишкекте жарандык коом өткөргөн талкууда.

2017-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин "кадыр-баркына доо кетирилген" деген айып менен "Zanoza.kg" сайтынын журналисттери Нарын Айыпка, Дина Масловага жана белгилүү укук коргоочу Чолпон Жакуповага жалпысынан 30 миллион сомдук доо коюлган. "Жалган маалымат таратты" деген негиз менен журналисттерге жана укук коргоочуларга ири суммадагы акчалай айып салган дагы эки сот иши бар.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы берген арыздын негизинде "24.kg" агенттиги менен журналист Кабай Карабеков 10 миллион сом доого жыгылышты.

Мындай сот чечимдерин эксперттер жана укук коргоочулар сөз эркиндигин чектөө жана саясий куугунтук катары баалап келишет.

Бизнестин коопсуздугун ким коргойт?

Бейшембиде Жогорку Кеңеште уюшма кылмыш топтордон жабыркап жаткан ишкерлердин маселеси көтөрүлдү жана буга байланыштуу күч органдарынын дарегине курч сын айтылды.

7-январдын түнүндө Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында “Осьминог” деген кафе толугу менен өрттөнүп кеткен эле. Кафенин ээси муну уюшма кылмыш топторунан көргөн. Милиция болсо «газ баллон жарылып өрт чыгышы мүмкүн» деп жоромолдогон.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Бостеридеги окуяга байланыштуу уюшма кылмыш топтордун маселесин көтөрдү. Эл өкүлү “каралар” баш көтөрүп калганын айтып, аларга күч органдары жетиштүү чара көрбөй жатканын сындады.

"​Эч ким уюшма кылмыш топтору боюнча арыз жазбайт. Эгер жазса, алар бир нерсесин өрттөп кетишет. Бир айдан кийинби же бир жылдан кийинби, айтор алар ошону кылышат", - деген депутат маселе буга чейин бир нече жолу көтөрүлсө дагы эч кандай натыйжа жоктугун белгиледи. "Ошол эле Каракол шаарында, көлдө баары эле уюшма кылмыш топторуна «отметка» берип жатышат. Эч ким арыз жазбайт. ИИМ мага дайыма «бизге арыз жазсынчы, бизге келсинчи» дейт. Аларга эч ким барбайт, себеби байланыштары бар экенин билишет", - деген эл өкүлү "каралар" мамлекеттин күчүн текшерип жатат деген пикирин парламент трибунасынан билдирди.

"Осьминог" ресторанындагы өрттүн кесепети.
"Осьминог" ресторанындагы өрттүн кесепети.

Бостеридеги өрт боюнча социал-демократтардын дагы бири Элвира Сурабалдиева күч органдары ишкерлерди коргобой жатканына көңүл бурду. "Кафенин кожоюну «биз уюшма кылмыш топторуна «отметка» кылбай койсок жардырып кетти» деп ачык эле айтып жатат. Биз кайдагы туризмди айтып жатабыз? Кыргызстанда бандиттер жардырып, өрттөп, «отметкага» коюп жатышат. Ушундай учурда кайсы чет өлкөлүк, кайсы ишкер силерге жардам берет?" - деген суроону койду.

Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев мамлекеттик бийликтин уюшкан кылмыштуу топторго каршы катуу позициясы "Батукаев деген "мыйзамдагы ууруну" кетиргенден тарта жумшарып калды" - деген көз карашта. "Анын кандай шартта, кандай узатып жибердик, кимдер аралашканы коомчулукка билинип калды. Кыргыздар айткандай "оюн бузулду". Мына ошол жерден баштап оюн бузулуп калбадыбы, андан кийин кандай иш жүргүзүү керек?" - деди “Азаттыкка” экс-баш прокурор Байтемир Ибраев.

Ал эми өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Узарбек Жылкыбаев окуя болгондон бери бардык иш көзөмөлдө экенин, иликтөөнүн жыйынтыгы жакында коомчулукка жарыяланарын "Азаттыкка" сүйлөгөндө бышыктады.

"Кимдир бирөөнүн тиешеси болсо алар катуу жазасын алат деп ишенебиз. Укук коргоо органдары, УКМКнын, милиция кызматкерлери жакшы иштеп жатышат. Сотко келгенде маселе болуп калууда. Андай окуяларды баарыбыз эле билебиз" - деген облус жетекчиси “Осьминог” кафесинин ээсинин арызы менен кармалган эки кишиге сот шарттуу жаза чегерип, камактан чыгарганын кошумчалады.

7-январга караган түнү көл жээгиндеги Бостери айылынын борборундагы "Осьминог" деген кафе толугу менен өрттөнүп кеткен. Анын кожоюну Аскат Асанкадыров муну кылмыштуу топтордон көргөн. "Ноябрда белгисиз номерден чалып, "сен мунун баарын милиция органдары аркылуу чечүүгө аракет кылдың, бирок сенин колуңдан эч нерсе келген жок. Эми сенин сазайыныңды окутабыз, сен кылган ишиңе өкүнөсүң" деп коркутушкан. Мен булар ачууга алдырып жөн эле чалып жатса керек деп ойлоп койгом. Мына, өзүңөр көргөндөй, жаңы жылдан кийин биздин кафебизди өрттөп кетишти", - деди кафенин ээси.

Былтыр жайында туристтик сезон башталганда андан кылмыштуу топтун мүчөлөрү 500 доллар талап кылышкандан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аймактык бөлүмүнө арызданган. Кылмыш дүйнөсүнүн тили менен айтканда Бостеридеги "смотрящий" менен кошо дагы бир жаран камакка алынган. Иш сотко жеткенден кийин кармалгандар шарттуу кесилип, камактан чыгышкан.

Ысык-Көл облустук милициясы болсо «тиешелүү экспертизанын корутундусу чыга электигин» бейшемби күнү билдирди. Ал эми облустагы өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Замирбек Жумагазиев өрттөн келтирилген чыгымдар эсептелип жатканын айтты.

Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын жакындашы

9-январда Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын жогорку даражадагы делегациялары чек арадагы Пханмунжон бекетинде жолугушту. Эки жарым жылдан бери биринчи жолу Пхеньян менен Сеулдун өкүлдөрү бетме-бет отуруп, Корей жарым аралындагы кырдаалды жана түндүк кореялык спортчулардын Кышкы Олимпиадага катышуусу боюнча маслени талкуулашты.

Пхеньян 9-февралда Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында баштала турган Олимпиадага спортчулардын жоон тобун жөнөтмөй болду.

Эки тараптуу жолугушуу өткөн жылдан бери курчуган Корей жарым аралындагы кырдаалды турукташтырууга маанилүү кадам деп бааланды. Ага карабастан Сеулда Пхеньян терең өзгөрүүгө барарына ишенбегендер арбын.

Гамбургдагы Түштүк Азия институтунун директору Патрик Кёльнердин пикиринде сүйлөшүүлөр Корей жарым аралындагы жагдайды көп деле өзгөртүп жибербейт. «Түндүк Корея өзөктүк-ракеталык программасын өркүндөтө берет. Андыктан кооптонуу дагы эле болот. Ошондой эле позитивдүү жактары да бар. Сеул менен Пхеньян сүйлөшүү үстөлүнө отуруп, дипломатиянын сааты келди. 2017-жылы бардыгыбыз тең аскерий акциялар менен ага жооп катары коркутууларга гана күбө болдук. Андыктан дипломатия роль ойной баштаганы – кырдаалдын жакшы нукка түшкөнүн көрсөтөт» - дейт немис эксперти.

9-январда өткөн жолугушууда Пхеньяндын делегациясын Кореянын тынчтык жол менен биригүү комитетинин төрагасы Ри Сон Гвон, ал эми Сеулдан барган топту биригүү министри Чо Мен Гён баштап келди.

"Биз бүгүн бул жолугушууга чын дилибизден ишенип келдик. Бул сүйлөшүүдөн олуттуу натыйжа чыгарып, бизге үмүт артып турган бир туугандарыбызга бул жылдагы алгачкы белек жасайбыз деген ниеттебиз", - деп билдирди Түндүк Кореянын делегация жетекчиси Ри Сон Гвон.

Пхеньяндын өкүлдөрү Түндүк Корея спортчулардан тышкары Кышкы Олимпиадага жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлерди жана Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрүн жиберүүгө даярдыгын билдирди.

Сеул чыгыш календары боюнча 16-февралда белгиленчү Жаңы жылда корей согушунун айынан экиге бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдү кездештирүүнү сунуштады.

"Бул сүйлөшүүлөр узактан бери сууп калган калган байланыштардан кийин башталды. Жакшы башталыш - иштин жарымы. Эки тарап тең жолугушууда чечкиндүүлүк жана туруктуулук көрсөтөт деп ишенем", - деди Түштүк Кореянын делегация башчысы Чо Мён Гён.

Cеул түндүк кореялык спортчулардын Пхенчханга келүүсүнө шарт түзүү үчүн Пхеньянга каршы киргизилген санкцияларды убактылуу алып туруу маселесин дагы карайт.

Эл аралык олимпиада комитети болсо түндүк кореялык спортчулардын Пхенчханда өтчү оюндарга катышуусун кубаттай турганын өткөн аптада билдирген.

Түндүк Кореянын опузасы канчалык кооптуу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

Эки корей өлкөсүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин расмий Сеул эми жогорку деңгээлде саммит өткөрүү мүмкүнчүлүгүн ишара кылды. Президент Мун Чжэ Ин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугууга даярдыгын да айтып, буларга токтолду:

"Корей жарым аралынын өзөктүк куралдан арылышы - биз карманган негизги позиция, биз мындан эч убакта баш тартпайбыз. Биз кандай формадагы жолугушуу болбосун ага ачыкпыз, бирок жолугушуу жөн эле сүйлөшүү үчүн болбошу керек. Эгер биз саммит өткөрсөк, анын шарттары сакталуусу абзел" - деген түштүк кореялык президент ошол эле маалда Пхеньянга каршы санкцияларга байланыштуу Сеул дүйнөлүк коомчулуктун позициясын колдоорун баса белгиледи.

АКШнын президенти Дональд Трамп «ыңгайлуу маалда жана ыңгайлуу шартта АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү идеясын колдой турганын” Вашингтон администрациясы билдирет.

Соңку айларда Түндүк Кореянын ракета сыноолорунан улам Корей жарым аралында кырдаал курчуган. Түштүк Кореяда болсо 28 миңден ашуун америкалык аскерлер жайгашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG