Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:18

"Идеал-Хаустун" чыры боюнча иш козголду


Бакиевдин уулуна тиешелүү экени айтылган "Ideal hause" аттуу жердеги үйлөр. 30-октябрь, 2015-жыл.
Бакиевдин уулуна тиешелүү экени айтылган "Ideal hause" аттуу жердеги үйлөр. 30-октябрь, 2015-жыл.

Журналист Элнура Алканованын улутташтырылган «Идеал Хаус» компаниясынын сатылышына байланышкан иликтөөсү боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратура кылмыш ишин премьер-министр Сапар Исаковдун кайрылуусунун негизинде козгогон. Анын алкагында премьер-министрдин бул ишке байланышы бар-жогу, улутташтырылган объектинин менчиктештирилишинин мыйзамдуу же мыйзамсыз экени иликтенмей болду.

Кыргыз өкмөтү "Фергана.ру" агенттигине жана журналист Элнура Алкановага кайрылып, "Идеал Хаус" шаарчасына байланыштуу иликтөөнү төгүндөөнү жана коомчулук алдында кечирим суроону талап кылууда.

Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева журналистке жана басылмага коюлган талап боюнча буларды билдирди:

- Журналисттик иликтөөдө келтирилген жүйөлөр Башкы прокуратура тарабынан текшерилип, чындыкка дал келбегендиги аныкталды. Мындан улам "Фергана.ру" басылмасына жана журналист Элнура Алкановага кайрылып, маалыматты төгүнгө чыгарууну жана коомчулук алдында кечирим сурашын талап кылдык.

Ишти иликтөөнүн учуру

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура "Бишкектеги "Идеал-Хаус" шаарчасын сатуу боюнча чуулгандуу иштин артында ким турат? 2-бөлүк" деп аталган видео тасманы текшерип, анын негизинде жыйынтык чыгарды. Ага ылайык Башкы прокуратура журналист Элнура Алканованын иликтөөсүндөгү премьер-министр Сапар Исаковдун атына байланыштуу жагдайларды жокко чыгарып, ошол эле учурда ал объектилердин мыйзамдуу же мыйзамсыз сатылышын аныктоо үчүн кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын расмий өкүлү Алманбет Абдраманов билдирди.

Ал жагдайларды аныктоого козголгон кылмыш ишинин алкагында гана мүмкүн болот.

- Бул видео роликтин кеңири жайылып жатышына байланыштуу, коомдук резонансты эске алуу менен сатылган мүлктүн чыныгы базар баасын аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо максатында кылмыш иши козголду. Анткени ал жагдайларды аныктоого козголгон кылмыш ишинин алкагында гана мүмкүн болот. Ошол үчүн 304, 307-беренелердин негизинде кылмыш иши ачылып, иликтөө иштери башталды.

Буга чейин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги улутташтырылган "Идеал Хаус" компаниясына таандык 48 коттедж 12,4 гектар жери менен 142 миллион сомго сатылган. Утуп чыккан "ВостокТехКомплект" компаниясы тууралуу маалымат аз. Коомчулук өкүлдөрү мамлекеттин карамагына өткөн ал мүлк "жең ичинен дүңүнөн бааланып, өтө эле арзанга сатылып кетти" деп кабатыр болгон эле.

"Мурдагы качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык" деген негизде 2010-жылы улутташтырылган "Идеал-Хаус" жоопкерчилиги чектелген коомуна караштуу 48 элиталык коттеджди 12,4 гектардан ашуун жери менен арзан баалап, сатып жиберүү аракети алгачкы жолу 2012-жылы байкалган. Анда объектилерди сатыкка чыгаруунун алдында "Славянский Восток" деген баалоо компаниясы ал VIP-коттедждер шаарчасын болгону 58 миллион сомго баалаган.

Соңку сатыкта анын баасы бир топ жогору бааланганын айткан Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик фонддун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков жалпысынан бул улутташтырылган объектилерди сатуу боюнча тогуз жолу ийгиликсиз аукцион өткөнүн билдирди. Болсунбек Казаков кылмыш иши кооомчулукта чуулган жараткан журналисттик иликтөөнүн негизинде гана козголуп жатканын айтып, алды-сатты мыйзам чегинде экенин билдирди:

Болсунбек Казаков.
Болсунбек Казаков.

- Журналист Алканованын иликтөөсүнө байланыштуу эле ушул кылмыш ишин козгоп жатышат окшойт. Ал жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Укук коргоо органдары карап чыксын. Бул жердин бир эле көйгөйү бар. Эмне үчүн анын баасы көтөрүлбөй койду жана тогуз жолу сатыкка чыгарганда дагы өтпөй туруп алды? Анткени ал жерде эч кандай коммуникация жок. Суу жок, электр энергиясы жок. Канализация дагы жок. Жер ошондой жактары болгондо гана баалуу болот да. Бул жерди бир топ курулуш компаниялары көрүп кетишти. Бирок тиешелүү коммуникация болбогону үчүн кызыгышкан эмес. Ошондуктан баасы арзаныраак болду.

Бул VIP-шаарчаны куруу үчүн 2008-жылы жети миң түптөн ашуун алма бак кыйылган. Андагы элиталык коттеждер мурдагы биринчи айым Татьяна Бакиева, Марат Бакиев, Максим Бакиев, Жаныш Бакиев, Искендер Бакиев сыяктуу Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрү үчүн курулганы тергөө материалдарында көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу тергөө ишинде VIP-комплекс мурдагы президенттин жакындарынын коопсуздугу үчүн керек болгону баяндалган.

"Идеал-Хаус" компаниясы аларды бекер куруп берип, анын акысына калган коттеждерди куруп, башка бир чоңдорго сатып өткөрмөк экен. Бирок алардын бул планын 7-апрелдеги кандуу окуя таш каптырган. Ошого карабастан, соңку аукционго "ВостокТехКомплект" жана "Бизнес Про" компаниялары катышып, 142 миллион сунуш кылган "ВостокТехКомлпект" компаниясы жеңүүчү болуп табылган.

Журналистке каршы иш

Журналист Элнура Алканова өз материалында бул компанияга премьер-министр Сапар Исаковдун агасынын аты менен байланыштуу жагдайларга басым жасаган. Ошондуктан журналист Элнура Алканова Башкы прокуратура иштин мазмунун карабай, премьер-министрди коргоого гана аракеттенип жатат деп эсептейт.

Элнура Алканова.
Элнура Алканова.

- Менин иликтөөмдө алар "классташ" деп айтылган эмес. Ал жерде аларды окуткан эжеси аларды "жанаша класста окушкан" деп бизге айтып берген. Мен болгону ошонун айтканын бергемин. Мен аларды өзүм "классташ" деп айткан эмесмин. Анан эле бул факты боюнча Финполиция менин атымды байланыштырып иш козгоп жатат. Негизи банктын ичинде документтер сыртка чыгып кетсе, ага менин кандай тиешем болушу керек? Башкы прокуратура алдын ала эле мени "жалган маалымат таратты" деп атап, иштин өзөгүн иликтебей жатпайбы.

Анткен менен Башкы прокуратура премьер-министрдин жеке кайрылуусунун негизинде чуулгандуу "Идеал-Хаус" шаарчасына байланышкан маалыматтар такталбаганын билдирди.

Мисалы, Башкы прокуратуранын маалыматында журналист Алканованын иликтөө материалы боюнча премьер-министр Сапар Исаков менен "Идеал Хауска" чындап ээлик кылган "БТА Банктын" директорлор кеңешинин төрагасы Рыскуловдун классташ экени аныкталган эмес. Ошол эле учурда Башкы прокуратура козголгон кылмыш ишинин негизинде аталган мүлктүн сатылышынын мыйзамдуулугун аныктап чыгып, коомчулукка жарыялай турган болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG