Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:57

"Майлуу" мүлктөргө көз арткандар көп


Бакиевдерге таандык делген пансионаттын курулушу бүтпөй турат.
Бакиевдерге таандык делген пансионаттын курулушу бүтпөй турат.

Жогорку Кеңеш сессиянын акыркы күнүндө апрель окуяларынан кийин улутташтырылган мүлктөргө байланыштуу токтом кабыл алды.

Токтомдо Убактылуу өкмөттүн декрети менен мамлекетке кайтарылган бир катар объекттердин тагдырын сот аркылуу чечүү тапшырылган. Соттор аркылуу коррупциялашкан жолдор менен ал мүлктөр таламайга түшөт деген кооптонуулар жок эмес.

7-апрелдеги ыңкылаптан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн №1 декрети менен Курманбек Бакиевдин бийлиги токтотулуп, Убактылуу өкмөттүн бийлиги орнотулган эле. Андан кийин башка багыттагы декреттер чыгып, жалпы өлкө декреттер аркылуу башкарылып калган. Мына ошондой декреттердин бири менен мурдагы президенттин жакындарына таандык деп эсептелген 47 объект мамлекетке кайтарылган.

Убактылуу өкмөт жана азыркы өкмөт мына ошол объекттердин бир бөлүгүн ачык аукцион аркылуу сатып, ал эми калгандарын мамлекеттин менчигинде калтырарын айтып келген.

Бирок 30-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдо ал мүлктөрдүн эң эле "майлууларынын" тагдырын сот аркылуу чечүү жагы буйрулган.

"Майлуу" объекттер

Токтомго ылайык, 15 объекти соттун кароосуна жиберилет.
Алар:
1) Чолпон-Ата шаарына караштуу 4.73 гектар жер.
2) Чолпон-Ата шаарына караштуу 4.91 гектар жер.
3) Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан 10 гектар жери менен “Аврора плюс” комплекси.
4) 31 коттедж жана көп бөлмөлүү конок үйү бар “Аврора грин” туристтик комплекси.
5) Чок-Тал айылында жайгашкан 91 кыймылсыз мүлкү бар 9.32 гектар жер.
6) Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы дыйканчылык багыттагы жердеги курулуштар.
7) "Нарынгидроэнергокурулуш" акционердик коомунун 90% акциясы.
8) “Нарынгидроспецэнергомонтаж” акционердик коомунун 71.4% акциясы.
9) “Континент принт” жоопкерчилиги чектелген бирикменин 65% бөлүгү.
10) Як-40 учагы.
11) “Чакан ГЭС” АКнын 100% акциясы.
12) “Каприз” жоопкерчилиги чектелген коомдун 28.34% бөлүгү.
13) “СК Ресурс” жоопкерчилиги чектелген коомунун 35% бөлүгү.
14) “СК Ресурс” жоопкерчилиги чектелген коомунун 35% бөлүгү.
15) “Ташкөмүр” жоопкерчилиги чектелген коомунун 97.03% бөлүгү.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Азимбек Бекназаров бул объектилер негизинен Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык экенин белгиледи:

- Мисалы, көл жээгиндеги “Аврора плюс” бул Бакиевдердин бир туугандарынын жери жана коттедждери. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Арыктын үстүндөгү “Идеал хаус” да Бакиевдердин үй-бүлөсүнө, жакындарына тиешелүү шаарча.

Ошондой эле “Аврора грин”, “Континент принт” дегендер Меняйлова дегенге жазылган. Ал Бакиевдин улуу баласынын келинчеги. Андан башка Ширшовго байланыштуу “Чакан ГЭС”, “Нарынгидроэнергокурулуш”, Чок-Талдагы 91 коттеджи бар “Витязь” комплекси
.

Азимбек Бекназаров парламент бул токтомду кабыл алып жатканда өкмөт өкүлүнүн үн чыгарбай калышы бул коррупция жыттанган иште өкмөт да аралашкан деген шек жатаарын кошумчалады.

Өкмөт тааныша элек

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков парламенттин токтому кабыл алынып жатканда тиешелүү документтер депутаттардын колуна тийбей калганын белгиледи:

- Документтерди бизге тараткан эмес. Оозеки түрүндө гана окулуп, добушка коюлду. Депутаттар эмнеге добуш бергенин билбей жатып эле добуш берип жиберишти. Ошондуктан биз бул маселеге кайрылып келишибиз керек.

Жээнбековдун пикиринде сот аркылуу маселени чечүүнүн артында чоң коррупция жатат. Ага депутаттар, өкмөт да аралашкан болушу мүмкүн.

Фарид Ниязов

Өкмөт башчынын кеңешчиси Фарид Ниязовдун айтымында, бир катар объекттердин тагдырын сот аркылуу чечүүнү көздөгөн адамдар өкмөткө чыгып, кызыкчылыктарын көрсөтүп жатышкан. Алардын арасында Ширшовго жакын адамдар болгон. Бирок өкмөт бул обьекттердин бир бөлүгү мамлекеттин колунда калсын, калган бөлүгү ачык аукциондо сатылсын деген позицияда турган. "Парламенттин токтому менен өкмөт тааныша элек" дейт Ниязов:

- Биз парламенттин чечимин ала элекпиз. Ал чечим колубузга тийгенден кийин карап көрөбүз. Бизге азыр белгисиз алар кайсы обьектерди сот аркылуу чечилсин дегени.

Парламент кабыл алган токтомго бүтүмдү бюджет жана финансы комитети чыгарып, анын төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Ал токтом төрага Ахматбек Келдибековдун сунушу менен добушка коюулуп, талкуусуз жана документтерсиз депутаттар чечим кабыл алышты.

Булардан сырткары 10 объект азырынча мамлекеттин колунда кала турсун деген чечим чыгарылган. Алардын катарында “Дастан” акционердик коомунун 44% акциясы, эл аралык "Манас" аба майданында жайгашкан май куюучу комплекс, Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы 10 гектар жер жана башка объектилер бар.

Өкмөт ачык аукциондо сата турган объектилер

Өкмөт менчиктештирип сата турган объекттердин саны 22. Алардын катарында Буланды-Сөгөттө жайгашкан үч кабаттуу курулушу бүтө элек үй, 6.5 гектар жери менен “Достук” эс алуу үйү, “Каприз” эс алуу борборундагы бир коттедж, Жалал-Абаддагы чакан эки-үч жер тилкелери бар.

Өкмөткө ошондой эле “Пирамида”, “25 кадр” телекомпаниялары, бир нече унааларды менчиктештирүү буйрулган. Өкмөт эми ушул объекттерди ачык аукциондо сатышы мүмкүн. Бирок аларды сатуу менен 4 млрд. сомдон ашык каражат алышы күмөндүү.

Белгилүү болгондой, өкмөт мамлекетке кайтарылган мүлктөрдү сатуу менен бюджет тартыштыгына 4 млрд. сомдон ашуу каражат алууну пландаштырып жаткан.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG