Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Улутташтыруудан ким утту?


"Азаттыктын" архивинен: 7-апрелде окко учкандардын жакындарынын митинги, 13-октябрь, 2010-жыл
"Азаттыктын" архивинен: 7-апрелде окко учкандардын жакындарынын митинги, 13-октябрь, 2010-жыл

Жогорку Сот менен өкмөт “Мегакомдун” менчик укугу боюнча ачык тирешүүгө өтүштү. Өкмөт соттун чечими Максим Бакиевдин кызыкчылыгындагы компаниянын пайдасына оогондугун айыптаса, Жогорку Сот өзүнүн чечиминин мыйзамдуулугун ырастаган билдирүү таркатты.

Ал арада мүлк министри буга чейин улутташтырылган объектилердин эски кожоюндары мурдагы ээликтерин кайтарып алууга аракеттенип жатышкандыгын билдирди.

Мамлекеттин үлүшү жокко чыкты

Мамлекеттик мүлк министри Даир Кенекеев “Мегакомго” байланышкан акыркы сот чечимин мурдагы кожоюндардын менчик укуктарын кайрадан калыбына келтирүүгө жасаган аракеттердин бири катары сыпаттады.

Буга чейин Жогорку Сот “Мегакомдун” мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн 49 пайыз акциясын жокко чыгарган төмөнкү сот инстанцияларынын чечимин күчүндө калтырган болчу.

Даир Кенекеев аталган сот чечими мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келе тургандыгын белгиледи:

- Бул боюнча Жогорку Соттун чечими кабыл алынды. Бирок бул анын акыркы чечими деп айткандан алысмын. Анткени бул бир эле эпизод боюнча болду. Ал эми мындан башка дагы жагдайлар бар. Бирок сот бийлиги бул маселеде кайсы бир күчтөрдүн пайдасы үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы чечим кабыл алып коюшту.

Улутташтырууда кемчиликтер кеткенби?

Анткен менен Жогорку Соттун маалымат кызматы 23-июнда тараткан билдирүүдө “Мегакомдун” менчик укугунун “БиМоКом” компаниясынын пайдасына чечилиши мыйзамдуулукту кармануу менен ишке ашырылгандыгы айтылат. Буга сот 2009-жылдагы алды-саттыда “БиМоКомдун” уюлдук компаниядагы мүлкү үчүн учурунда каражат төлөнбөй калгандыктан менчик ээсинин эркинен сырткары ээликтен чыгып калган деген жүйөнү карманат.

Эсенгул Өмүралиев
Көз карандысыз экономист Эсенгул Өмүралиев “Мегакомдун” акцияларын улутташтырып жатканда анын укуктук өзгөчөлүктөрү эске алынбагандыктан улам ушундай жагдай орун алды деп эсептейт:

- Улутташтыруу башталган учурда эле мурда эле ээрге кыйшык отурган дегендей укуктук жагынан бир катар мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөндөй. Болбосо соттор мындай чечим кабылдоого чамасы жетмек эмес. Анткени ошол учурда мурдагы бийликке тиешелүү деп эле мамлекеттин карамагына өткөрө башташпадыбы. Негизи мына ошол адамдар мамлекеттештирүүгө макул болбогон учурда ал сот аркылуу чечилиши керек болчу.

Буга чейин Убактылуу өкмөт мурдагы бийликке жакын адамдар мыйзамсыз ээлик кылган деген негиз менен 47 объектини улутташтырган болчу. Бул боюнча атайын мамлекеттик программа кабыл алынып, анын он жетисин мамлекеттин карамагында калтыруу жана отузун ачык аукцион менен сатуу жагы мерчемделген.

Аягы көрүнбөгөн айлампа

Мүлк министри Даир Кенекеев улутташтырылган мүлктөрдүн мурдагы кожоюндары сот органдары жана парламент аркылуу аларды кайрадан кайтарып алууга жан үрөп жатышкандыгына токтолду:
Сот бийлиги бул маселеде кайсы бир күчтөрдүн пайдасы үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы чечим кабыл алып коюшту

- Мамлекеттештирилген объектилердин маанилүү экендигин билип туруп, өкмөт бул маселени Жогорку Кеңеш аркылуу бекитүү үчүн эки ай мурун жөнөткөн. Бирок ушуга чейин бул маселе күн тартибине киргизилбей жатат. Маселе карала баштаган учурда эле ар кайсы күчтөр чыга калышып, бул программаны өзгөртүү же ага кирген объектилерди кайрадан алып калууну көздөгөн аракеттер жүрүп жатат.

Ошол эле учурда улутташтырылган объектилердин айрымдарынын мурдагы кожоюндары өздөрүнүн менчик укуктарын калыбына келтирүү боюнча сотторго кайрылышууда.

Буга чейин мурдагы бийлик режимдери кезинде менчиктештирилген мүлктөрдүн мамлекетке кайтарылышы 7-апрелдеги ыңкылаптын башкы жетишкендиги катары айтылып келген болчу. Андыктан серепчилер арасында аталган объектилердин эски менчик ээлерине кайтарыла башташы кайрадан ыңкылаптык кырдаалды жаратпайбы деген кооптонуулар жок эмес.

XS
SM
MD
LG