Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:06

“Мегаком”: Улутташтыруу учугу


"Мегаком" жамаатынын мурдагы жетекчиси Силичти колдогон митинги. Бишкек, 16-март
"Мегаком" жамаатынын мурдагы жетекчиси Силичти колдогон митинги. Бишкек, 16-март

“Альфа-Телекомго” таандык делген “Мегакомдун” 51 пайыз үлүшү эмнеге учурунда улутташтырылбай калган деген суроо коомчулукта кызуу талкууланууда.

Бул маселени иликтеген депутаттык комиссия компаниянын 100 пайыз үлүшүн мамлекетке өткөрүп туруп, андан кийин гана талаш маселени сот аркылуу чечүү бүтүмүн чыгарды.

Улутташтыруубу же “уруп бастыруубу”?

Өткөн жылы 5-майда Максим Бакиевдин санаалаштары деп эсептелген Евгений Гуревичке жана Алексей Елисеевге “Альфа-Телекомдун” өнөктөшү “БиМоКомду” тартып алышкандыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Эки күндөн кийин башкы прокуратура 51 пайыз акцияга тосмо коюп, аны сактоо милдети мурдагы “БиМоКомдун” уюштуруучусу “Penwell” компаниясынын өкүлү Раушана Рыкыновага (бул 1990-жылдардын ортосунда теле алыпбаруучу катары белгилүү болуп, кийин чуулгандуу иштерге аралашты делген бойдон аты чыкпай калган Роза Качиеванын азыркы ысмы экени айтылууда) берилген.

Раушана Рыкынова Убактылуу өкмөттүн укук коргоо органдары боюнча куратору Азимбек Бекназаров уюштурган БЭК партиясынан депутаттыкка талапкер катары, тизмеде төртүнчү болуп шайлоого барган.

Башкы прокуратуранын башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Канат Аманкулов тергөө тобунун мындай кемчилиги алты айдан кийин гана жөнгө салынгандыгын тастыктады:

- Мен сентябрда кызматка кириштим. Анан октябрь айынын башында мурдагы тергөөчүлөр тобунун чечимин жокко чыгартып туруп, компаниянын жүз пайыз үлүшүн бекиттирип туруп өкмөттүн сактоосуна өткөзгөнбүз. Биз ишти иликтегенде Рыкыновага “Альфа-Телекомдун” 51 пайыз акциясын сактаганга берилип калган экен. Анын баарын кийин биздин тергөө топ жокко чыгарып, жүз пайыз мамлекетке өткөзгөнбүз. Мени жанагы гезиттерге чыгарып жатышпайбы Азимбек Бекназаровго байлапчы. Эгерде мен ошондой болсом анда акцияны башкаруу укугун Раушана Рыкыновга эле калтыртып койбойт белем.

“Мегакомдун” 49 пайыз акциясы улутташтырылып, калган үлүшүнүн ээси сот менен аныктала турган чакта анын башкаруу укугу кандайча “Penwell” компаниясынын өкүлүнө ыйгарылып калгандыгы көптөгөн суроолорду пайда кылды. Анткени прокуратура органы ага тосмо коюп, бирок аны ээлик кылууга кызыкдар тарапка башкаруу укугу менен өткөрүп берип койгон. Канат Аманкулов “Мегакомдун” тосмо коюлган акциясын башкаруу укугу Раушана Рыкыновага кызыкдар тараптын негиздемеси менен берилгенин белгиледи:

- Рыкынова учурда Кыргызстандын да, орусиялык да компанияга тиешеси жок. Мурда эки ошол россиялык компания буга ишеним кат берип, алардын кызыкчылыгын коргоо жагы жүктөлгөн экен. А биз болсо жанагы “Альфа-Телекомдун” жүз пайыз акциясы тең Елисеевге таандык болгон деген негизде анын баарына тосмо коюп койгонбуз.

Менчик укугун сак-сактап

Ошол эле учурда “Мегакомдун” 49 пайыз үлүшүн улутташтыруунун башында турган мурдагы убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров муну менчик укугун коргоого багытталган мыйзамдын талаптары менен байланыштырат. Анын айтымында, “Мегакомдун” акционерлерибиз деген тарап 49 пайыз үлүштү гана өз ыктыяры менен беришкен. Анын калган үлүшү мыйзам боюнча соттук териштирүүгө негиз бермек.

Ошол эле кезде Азимбек Бекназаров “Мегакомдун” 51 пайызын алууга кызыкдар “Penwell” компаниясынын өкүлү болгон Раушана Рыкынованын БЭК партиясынан талапкер болуп көрсөтүлгөндүгүн кадимки мыйзам ченемдүүлүк катары мүнөздөдү:

- Биздин партияга кирип жатышат каалагандардын бардыгы эле. Анын эмне тиешеси бар. Мисалы Роза Отунбаеванын иниси КСДПга мүчө болуп же болбосо башка эле бирөө деле партияга киргендей эле нерсе да. Биздин партияга Раушана Рыкынова деген келип киргенин билем. Азыр деле биздин партиянын мүчөсү. Тосмо коюлган нерсени сактоо үчүн жооптуу тарапка өткөзүшү мүмкүн. Мына бул жоголуп кетсе сен жооп бересиң деген негизде. Эми аны акционерлер чечет. Бул жерде ошол учурдагы башкы прокуратуранын эмне тиешеси бар.

Кызыкчылыктар кыя бастырбай...

Анткен менен бул маселени иликтеген Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы “Альфа-Телекомдун” жүз пайыз үлүшү улутташтырылыш керек болчу деген бүтүмүн чыгарды. Анткени 7-апрелден кийин качып кетишкен Максим Бакиевдин өнөктөштөрү “Мегакомду” 2008-жылы толугу менен “Альфа-Телекомго” өткөрүп алышкандыгы аныкталган. Комиссия ал үлүш тартылып алынганбы, же сатылып алынгандыгын сот гана аныктайт деген позицияда.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Өмүрбек Абдрахманов “Мегакомдун” толук улутташтырылбай калышына “Penwell” компаниясынын өкүлү Раушана Рыкынованын тиешеси болгон деп эсептейт:

- Ал Раушана Рыкынова деген бул баягы өзүбүздүн эле Роза Качиева аттуу кызыбыз. Анан ошол Рыкынованын планы боюнча ушундай декрет кабыл алынып жатпайбы. Ошол себептен мүмкүн аталган партиянын шайлоо тизмесине кирип калган болсо керек. Бул жерде жалгыз эле Бекназаров эмес, ошол убакта экономика жагына көзөмөл кылган Роза Отунбаеванын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев да бар. Алар бул маселеге туура эмес мамиле кылышып, ошого макулдук беришип, 49 пайызды гана мамлекетке өткөрүшкөн. Мунун баарын биздин комиссия туура эмес болгон деген бүтүм чыгарды.

Ошондой эле депутаттык комиссия мамлекеттин карамагына толук өткөрүлгөн “Мегакомдун” үлүшүнө дооматы бар компанияларга соттошуу мүмкүнчүлүгүн берүү жагын сунуштады. Жакындан бери “Мегакомдун” калган 51 пайызына “Penwell” компаниясынан сырткары украиналык жана грузиялык инвесторбуз деген тараптар да доомат артып жаткандыгы боюнча маалыматтар чыга баштады.

XS
SM
MD
LG