Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

“Мегаком” чатагына качан чекит коюлат?


Башкы прокурор миледтин аткаруучу Кубатбек Байболов "Азаттыктын" студиясында, 6-октябрь, 2010
Башкы прокурор миледтин аткаруучу Кубатбек Байболов "Азаттыктын" студиясында, 6-октябрь, 2010

«Мегаком» ишканасына байланышкан чырга башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболовдун жубайынын дагы тиешеси бар деген маалыматтар айтылууда. Кубатбек Байболов “Азаттыктын” “Мегаком” чатагына байланыштуу суроолоруна жооп берди.

- Баш прокуратура эң башында Каржы полициясына «Мегаком» боюнча кылмыш ишин ачууга санкция берди эле. Анда эмнеге кайра ишти токтотуп койдуңар?

- Иш токтотулган жок. Ишти мындан ары Улуттук коопсуздук комитети алып барат.

- Жогорку Кеңештеги «Республика» фракциясы сизди баш прокурорлук кызматтан алуу демилгесин көтөрүүдө. Бул канчалык жүйөөлүү деп ойлойсуз?

- Эч кандай жүйөөсү жок. Бул Текебаев жана «Ата Мекен» партиясы Бабановдун кызматтан кетишин талап кылгандан кийин жооп катары мага чабуул коюлуп аткандагысы.

- Демек муну саясий акция катары эле кабыл алат турбайсызбы?

- Бул саясий акция болуп атат. Катардагы эле алып-сатуу боюнча келишим боюнча аткарылган ишти саясатташтырышып, ошол жактан алынып чыккан акча деп абдан каралашка аракет кылып атышат. Иш жүзүндө чындыктын барын айтпай жатышпайбы. Биринчиден, бул сатып алуу бизге тиешелүү бизнестен сатып алган башка фирма.

- «Мегакомдун» жаңы башкаруучулары сиздин жубайыңыз Нуржамал Байболовага караштуу фирмага 400 миң доллар которулган деп жатат. Сиздер кыймылсыз мүлкүңөрдү «Мегакомго» саткан экенсиздер. Маселе сиздер толук менчик эмес, жарымы мамлекеттин карамагында турган «Мегаком» компаниясына өз мүлкүңөрдү сатканыңардан көтөрүлүп жаткан жокпу?

- Ал «Мегакомго» сатылган жок, башка фирмага сатылган. Анын биз канчалык кимге тиешелүү экенин аныктап эмне кылабыз, мүлктү сатып алабыз дегенден кийин менеджерлер сатышыптыр. Чындыгында ал компания «Мегакомдон» алган экен, бирок февралдын башында акчаны кайра кайтарып берип атпайбы. Демек «Мегакомдон» бир тыйын дагы чыккан эмес. Жөн эле каралап атышпайбы. Айтып атышат, мүлк анча турбайт деп. Бул дагы бир жүйөөлүү нерсе болуп атат. Мүлктүн баасы көтөрүлгөн деп атышат. Шаардын борборунда квадраты 540 доллардан айланат экен, чынында базарда өндүрүштүк бир квадрат метри 600-700 доллар. Ал эми үйдүкү 1000-1200 болуп атат.

- Өз мүлкүңөрдү «Мегакомго» сатуу болду беле, сиздер саттыңыздар беле?

- Мен дагы бир жолу айтып атам, «Мегаком» менен келишим түзүлгөн эмес, башка «Сарамжал транс» деген фирмага сатып атпайбызбы…

- Анда «Мегакомдун» жетекчилигинин сиздин жубайыңызга койгон дооматы негизсизби?

- Албетте негизсиз. Биз өзүбүздүн мүлкүбүздү башка жоопкерчилиги чектелген мекемеге сатып атсак, «Мегаком» менен кандай тиешебиз бар? Ал мекеменин «Мегаком» менен мамилеси болсо болгондур, биз келишимди «Мегаком» менен түзгөн жокпуз да.

- Дагы бир тактай кетчү суроо.Жогоруда «Мегакомго» байланыштуу кылмыш иш жабылган жок дедиңиз. Бирок «Мегакомдун» менчик ээсимин дегендердин бири Андрей Силич Башкы прокуратура кылмыш ишти жапты деген кагазды көтөрүп алып «Мегаком» ишканасына келбедиби. Бул жалпыга маалым болду да. Бул жерде Силич эмнеге таянып атат анда?

- Бул башка иш. Ал жабылган иш мурунку иш. Азыр болсо Улуттук коопсуздук комитети тарабынан акыркы айтылып жаткан акчалардын тегерегинде кылмыш иши козголуп, тергелип атпайбы.

- «Мегакомдо» 51 пайыз акцияга ээ чет элдик компания миллиондогон долларды оффшорго чыгарып кеткенин айтып жатат. Ал эми Кыргызстан прокуратурасы өз өлкөсүнөн эмес, чет жердиктердин таламын талашып жатат деген доомааттар дагы айтылууда. Бул жерде жүйөө кайсы жакта?

- Биз тергөө мыйзамдуу гана өтсүн деген талапты койдук. Ал эми аларды тергебегиле деп аткан жокпуз да. Биздин негизги милдетибиз - тергөө мыйзамдуу түрдө болсун дегенде болуп атпайбы. Себеби Финансы полициясы тарабынан башынан эле кысым астында козголгон иш болчу да. А түгүл мага да кысым көрсөтүшкөн козгош керек деп. Биринчиден, иш жетишсиз жүйөө менен козголгон. Экинчиден, иштеп аткан кызматкерлер жетишсиз жүйөө менен мыйзамсыз жумушунан четтетилген. Ушул негиз менен биз ишти жапканбыз. Ал эми калган чыгарылып кеткен, тиги-бул деген ал башка негиз. Ошол башка негиз менен козгоп тергешсин. Ал туура.

- Сиздин маалымат боюнча «Мегакомдун» 51 пайыз акциясынын ээси ким?

- Азыр белгисиз талаш болуп аткан, соттошуп аткан себеби ушул болуп атпайбы. Бул мындай болгон, башында орустар 100 пайыз ээлик кылган. Кийин Максим Бакиев келип 49 пайызын тартып алган булардан, анан бир аздан кийин толугу менен тартып алган. Элдик өкмөт келгенден кийин 49 пайызын мамлекетке алып, 51 пайызын калтырып декрет чыгарган. Ошол 51и бүдөмүк болуп соттошуп атышкан.

- 51дин ээси ошол бойдон белгисизби?

- Жок, белгисиз эмес. Юридикалык жактан алганда орустар башынан ээлик кылып келген да. Кийин тарттырып ийишкен. Ошолор ээлик кылыш керек да. Талаш болсо сот аркылуу чечип алыш керек эле. Бирок ошого жеткирбей, чагылгандай келип туруп чечип атканы ошондон болуп атпайбы.

- «Мегаком» ишканасынын айланасындагы чырга качан чекит коюлат деп ойлойсуз?

- Коюлат да эми. Тергөө башталса, тергөөнүн мөөнөтү эки ай, анан белгилүү болот.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG