Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Борбор Азияны тоногондордун жүзү ачылды


Британиядагы Максим Бакиевге таандык деп айтылып жүргөн үй. Булак: Global Witness
Британиядагы Максим Бакиевге таандык деп айтылып жүргөн үй. Булак: Global Witness

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (11-18-декабрь).

"Global Witness" уюмунун талдоочусу, лондондук эркин журналист Томас Майн "Eurasianet" басылмасына "Бейиш барактары" Борбор Азияны тоногондордун жүзүн ачып бергенине кайрылат.

Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму ноябрдын башында салыктан жашырып акчасын чет жакка каткан байлардын тизмесин жарыялап баштаган.

Учурда ханыша Елизавета баштаган дүйнөдөгү чириген байлардын офшордук эсептерине байланыштуу миллиондогон маалыматтар ачыкка чыгууда. Анын ичинде Казакстандагы мамлекеттик ишмер, убагында өлкөнүн мунай, газ секторун жетектеген Суат Мынбаевдин көмүскө ишмердиги, Түркмөнстандагы Немис Банкы көзөмөлдөгөн миллиард доллардык мамлекеттик долбоорлордун маркум Сапармурат Ниязовдон кийин Гурбангулы Бердымухаммедовдун жеке офшордук эсебине өтүп, андан уулу Сердар Бердымухаммедовго мураска калышы, Тажикстандагы мамлекеттик алюминий компаниясына таандык 100 миллион долларга президенттин күйөө баласынын "Boeing 737" учактарын сатып алышы, кыргызстандык Максим Бакиевдин мамлекеттен уурдаган акчага Британиядан 3,5 миллион фунт стерлингге үй сатып алганы, Өзбекстандан Гүлнара Каримованын 1 миллиард доллар пара алганы сыяктуу документтерди тапса болот.

"Бейиш барактары" деп аталган документтер мындай кылмыштуу акча жүгүртүүнү Европада расмий иштеген адвокаттык фирмалар каттап, адалдаганын да ачыкка чыгарды. Британияда көптөн бери чет элден келген "арам" акчаны жүгүртүү мыйзамдарын жаңылап, жемкорлуктан түшкөн каражатты кайра өлкөсүнө кайтаруу боюнча демилге көтөрүлүп келет.

Быйыл жыл башында Англия Австралия менен Ирландиядагыдай "Булагы билинбеген байлыкты камакка алуу" мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык өлкөдө кимдир-бирөө ашкере кымбат баага соода кылса, каражаттын булагы жакшылап текшерилиши керек. Автор дал ушундай мыйзамдар Франция, Норвегия, Нидерланд, Украина, ж.б. өлкөлөрдө да иштеп баштаса, мамлекеттин башында туруп жеке капчыгын толтургандар азаярын божомолдойт.

Трамп "Грин картка" асылды

АКШ президенти Дональд Трамп апта соңунда сүйлөгөн сөзүндө "Грин карт" программасына токтолуп, бул системаны сындаганын "Newsweek" журналы кабарлайт.

Трамп: "Лотерея менен виза алгандар дүйнөдөгү эң начар адамдар. Нью-Йорктогу терактты уюштургандардын экөө тең ошол программа менен келиптир. Кайсы өлкө эле бизге эң мыкты атуулун берсин? Бир да мамлекет жакшысын сыртка чыгаргысы келбейт. Лотерея менен иргелип отуруп, эң начары гана бизге туш болууда. Бизди таштанды кутудай көрүшөт", - деди.

"Грин карт" лотереясы - 1990-жылдан бери иштеп келген мамлекеттик программа. Аны алкагында жылына 50 миң чет элдикке АКШда жашап, иштөөгө укук берилет. Ага катышкандар чүчүкулак аркылуу тандалат. Ички коопсуздук департаменти лотерея менен виза берүүдө деле дыкат текшерүүлөр жүрөрүн эскертет.

Маселен, чүчүкулактын формасын толтурган чет элдиктер жогорку билимдүү, иш тажрыйбасы бай болушу керек. Азыркы бийлик "Грин карт" берерде Канада менен Австралиядагыдай кишинин жеке талантын, билим деңгээлин, англис тилин билүү даражасын текшерүү боюнча сунуш киргизүүдө.

"Фейсбук" социалдык желе адамга зыян экенин жарыялады

"Business Insider" журналына "Фейсбук" компаниясы социалдык тармакка убакытты көп коротуу саламаттыкка зыян экенин жарыялады.

Азыркы тапта "Фейсбукка" 2 миллиарддан ашуун киши кирет. Андагы ар түрдүү посттор, кайрылуулар, видео-сүрөттөр адамдын психикасына олуттуу зыян тийгизерин компаниянын илимий талдоочулары аныкташты. Ушундан улам адамдарга социалдык медианы туура пайдалануу жолдорун үйрөтүү зарылдыгы келип чыкканы белгиленет.

Ар бир колдонуучу орто эсеп менен күнүнө 50 мүнөтүн тармакта коротот. Ноябрь айында "Фейсбуктун" биринчи президенти Шон Паркер өзү курууга катышкан компанияга: "Адамдардын эң алсыз жерине сокку уруп жатабыз. Балдардын мээсинде соцтармак эмне кылып жатканын Кудай билет", - деп баса белгиледи. Компаниянын мурдагы жетекчилеринин бири Камаз Палихапития социалдык медиа коомдун иштөө механизмин талкалап жатканын айткан.

Мындан ары "Фейсбук" адамдардын өз ара байланышын камсыз кылып, убакытты текке коротпошуна кам көрүү ыкмаларынын үстүндө иштемей болгону маалымдалат.

Миллионердин кызын поездге түшүрбөй коюшту

Лондондо Жеймс Тимсон аттуу миллионер-ишкердин өспүрүм кызын темир жол станциясынын кызматкерлери поездге түшүрбөй коюшкан.

"The Telegraph" гезити кабарлагандай, 15 жаштагы өспүрүм кыз Юстон темир жол бекетинен балдар үчүн билет сатып алып, үйүнө кетмекчи болгондо станция кызматкерлери токтотушкан. Алар Юстондун жашы 15те экенине ишенишпей, бекетте бир сааттай кармап турушкан. Акыры кыздын атасы Жеймс Твиттерге окуя тууралуу жазып, өспүрүм кечкисин жалгыз калгандан коркуп жатканын, мыйзамдуу билети бар болсо да сапарын токтоткон кызматкерлерге ачууланганын кабарлаганда гана өспүрүмдү поездге коё беришкен.

Британияда 16 жаштан кичүү жүргүнчүлөр поезд билетин жарым баасына сатып алышат. Окуядан кийин "Virgin Railway" компаниясы миллионерден расмий кечирим сурады. Бирок ишкана мыйзамдарга ылайык өспүрүмдөр ким экенин, жашын ырастаган документти ала жүрүшү керек экенин эскертти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG