Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Видео менен байыган алты жашар миллионер


Toysreview каналындагы Райан
Toysreview каналындагы Райан

Кезектеги дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (2017-жылдын 4-11-декабры).

Жыл соңунда Business Insider журналы You Tube каналынан эң көп киреше тапкандардын тизмесин чыгарды. Алардын катарында алты жашар Райан аттуу бала да бар.

Онлайн музыка каналында ар түрдүү оюнчуктар менен ойноп тартылган видеосу Райанга жылына 11 миллион доллардык киреше алып келүүдө. Мындай жыйынтык менен алты жашар бала Forbes журналынын Youtube каналынан марыган миллионерлердин катарын да толуктады.

Баланын видеолору 2015-жылдын март айынан тарта интернетте таркай баштаган. Былтыр да ал эң жаш миллионерлердин сап башына чыккан. "Пиксар" фирмасынын оюнчуктары менен ар бир видеосунда ойногон Райандын көрүүчүлөрүнүн саны азыр 800 миллионго жетет.

Мындан ары бул канал оюнчуктардан тышкары момпосуйлар жана балдардын азык-түлүгүнө байланыштуу видеолорду да жүктөмөкчү. Эгерде You Tube каналындагы бир видеону 10 миллион киши көрсө, аны жүктөгөн кишинин акчалай кирешеси 1 миллион доллар болорун жазат Business Insider.

Жемкорлук чеңгелиндеги Олимпиада

Узаган жумада Орусиянын Олимп оюндарынан четтетилиши дүйнөлүк басма сөздө кызуу талкуу жаратты. The Guardian гезитинин талдоочусу Саймон Женкинс "Албетте, орус спорту коррупциялашкан, бирок Олимпиада да андан калышкан жок" деген аталыштагы макала жазды.

"Владимир Путинге боорум ачып турат. Анын Эл аралык Олимпиада комитети менен мамилеси жакшы эле. Комитет орусиялык атлеттер кызытма колдонорун билип туруп, бир нече жылдан бери көзүн жумуп келген. Орусия - Олимпиада комитетине окшош өлкө. Анткени көйрөңдүктү акчадан, акчаны спорттон өйдө койот. Эгерде Путиндин ордунда болсом, Томас Бахтан "үч жыл мурда спортчуларым таза, быйыл эле канынан кызытма чыгып калдыбы?" - деп сурамакмын", - деген автор допинг чырынын өзөгү акчада экенин кошумчалайт.

Кызытма Олимпиада тарыхында баары бир болорун жана мындан ары деле аны колдонуп, жеңишке жеткен спортчулар чыгарын айткан Женкинс спортчулар үчүн Олимп оюндары бир өмүргө барабар окуя деп баалайт. Маселен, Британияда медал алган спортчуга мамлекет акча берип, сый-урматка бөлөсө, жеңишке жетпей калганы жазаланып, жылдык кирешеси кыскартылат. Мындай жазалоо Советтер Союзу учурундагы спортчулардын абалын элестетет.

Буга кошумча оюндарды өткөргөн шаардагы курулган имараттардын киреше алып келгени азырынча көрүнө элек. Мисалы Рио, Афинадагы стадиондор талкаланып, лондондуктар чөнтөгүнөн төлөгөн салыктын 20 миллион фунт стерлингине курулса да, азыр киреше алып келбей бош калган Стрэдфор стадиону турат. Ушундан улам Олимпиада капчыгы калың байдын дүңгүрөгөн той өткөрүп каражатсыз калуусуна окшош, деген тариздеги оюн ортого салат The Guardian гезитинин аналитиги.

Үмүт берген кыргызстандык дарыгер

Forbes журналына кыргызстандык дарыгер Жеңишбек Назаралиев ачкан клиника тууралуу кеңири макала чыкты. Калың элде "Үмүттүн акыркы шооласы" деген ат менен таанымал профессор Назаралиевдин ооруканасы 1991-жылы ачылып, азыр анда дарыланууга мурдагы СССРдин курамына кирген бардык өлкөлөрдүн атуулдары кезекке турууда.

Ачылгандан бери 20 өлкөдөн 17 миң баңги жана аракеч дарыланып чыгышты. 1994-жылы АКШнын Маңзаттар боюнча улуттук институту Назаралиевдин аракечтик жана баңгиликтен арылуу ыкмасын илимий негизде изилдөө үчүн 1 миллион доллар берүүнү сунуштаган. Бирок Назаралиев АКШнын интеллектуалдык менчик боюнча мыйзамдарына ишене бербестигине таянып, бул сунушту четке каккан.

2010-жылы Назаралиев "Дүйнө сага муктаж" деген эл аралык өнөктүк баштап, ага Сауд Арабиясы, Египет, Алжир, Түркиядан бейтаптар барышып, йемендик укук коргоочулар кыргызстандык дарыгерди Тынчтык боюнча Нобел сыйлыгына көрсөтүү идеясын ортого салганын Forbes баяндайт.

Обама: эркектердин көйгөйү көп, аялдарды шайлаш керек

АКШдагы акыркы окуялардан улам мурдагы президент Барак Обама бийликтеги гендердик теңсиздик жана америкалыктарда жалбырттап жаткан ашынган улутчулдук боюнча оюн билдирди. Обаманын айткандарын The Telegraph жана Time журналдары жарыялашты.

"Эркектер азыр эмнегедир көп көйгөйгө батып калгандай. Бийликке аялдарды алып келиш керек. Анткени Америкадагы аялдардын дарамети күчтүү", - деген Обама Париждеги сапары учурунда.

Обама Францияда Эмануэл Макрон менен бейрасмий жолугушканы маалымдалат. Ашынган улутчулдук боюнча оюн Барак Обама Чикагодогу экономикалык клубда айткан. Германияда Гитлердин таасири "көңүл бур... добуш бер" деген чакырык менен башталып, акыр аягы трагедия менен аяктаганын, ашыкча улутчулдук өлкөнүн кыйроосуна өбөлгө болорун АКШнын экс-президенти эскертип айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG