Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

Түркмөнстанда туристтерден күнүмдүк салык алынат


Ашхабад шаарындагы Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун эстелиги.
Ашхабад шаарындагы Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун эстелиги.

Тажикстанда интернет колдонуучулар көзөмөлдөнөт, Түркмөнстанда туристтер күнүнө 2 доллар салык төлөшөт, ал эми өзбекстандыктардын дээрлик жарымы мамлекеттик органдардын ишине нааразы. Орусиялык басылмалардагы Борбор Азия темаларына сереп.

Регнум агенттиги Тажикстандын атайын кызматтары жарандардын интернеттеги иш-аракеттерин көзөмөлгө ала тургандыгын жазды. Күч органдарына мындай мүмкүнчүлүктөрдү берген мыйзамды тажик парламенти кабыл алды. Мыйзамды өзгөртүүгө президент Эмомали Рахмондун улуу кызы, президенттик аппараттын башчысы Озода Рахмон башкы демилгечи болгон. Тажикстандыктардын интернетте окуган сайттарын, катталган социалдык тармактарын көзөмөлгө алуу экстремизм менен терроризмге каршы күрөшкө көмөктөшмөкчү. Парламентте депутат Журахон Маджидзода үч миллион тажикстандыктардын интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин, алардын 80% экстремисттик жана террористтик сайттарга кирерин билдирген.

EurAsia Daily басылмасы Түркмөнстанда чет өлкөлүктөргө күнүмдүк салык киргизилип жатканын баяндады. 1-августтан тарта чет өлкөлүк туристтер Түркмөнстанда жүргөн ар бир күнү үчүн эки доллардан салык төлөшөт. Макалада салыктан түшкөн каражат Туризм боюнча мамлекеттик комитетине жөнөтүлөөрү айтылат. Ал эми чет өлкөлүк ишкерлерге жана жарандыгы жок адамдарга кандай талап коюлары азырынча аныктала элек. Түркмөнстанда жарандыгы жок жашаган адамдар көп экендиги белгиленет.

Росбалт басылмасы Өзбекстандагы калктын жарымы мамлекеттик органдардын ишине нааразылык билдиргени жөнүндө жазды. «Ижтимоий фикр» коомдук пикирди аныктоочу борбору өлкөдө сурамжылоо жүргүзгөн. Анда калктын жарымы жашаган жериндеги муздак суу, жаратылыш газы менен камсыздоого, таштанды чыгаруу иштерине нааразылыгын билдиришкен. Ар бир үчүнчү өзбекстандык үйү борбордук жылытуу, ысык суу жана газ системасына байланышпаганын айткан. Ошондой эле калктын дээрлик жарымы мамлекеттик органдардын ишине канааттанбагандыгын билдирген. Бир гана укук коргоо жана тартип сактоо органдарынын ишине жогорку баа берилген. Ал эми сурамжылоого катышкандардын 85% акыркы кезде ишкердик чөйрөсүндө жылыштарды белгилеп, жеке ишкердикке ыңгайлуу шарттар түзүлүп жаткандыгын билдирген. ​

Интерфакс Орусия менен Казакстан «Байкоңур» космодромунда өрт коопсуздугунун шарттарын күчөткөнүн жазды. Июлда космодромдон Орусиянын "Союз-2.1а " ракетасы учурулат. Өткөн айда ракета учуруу маалында анын арткы бөлүгү ажырап жерге түшүп, Караганда облусунда 10 миң гектар жерде өрт чыкканы маалымдалган. Кырсыкта эки казак жараны каза тапкан. Эми өрт коопсуздугун сактоо үчүн абадан жана жерден атайын аппараттар менен жабдылган техникалар тартылары айтылат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG