Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 08:34

Батыштын санкцияларынын айынан Орусия Ички дүң өндүрүмүнүн бир пайызын жоготуптур. Бул учурда Борбор Азия өлкөлөрү канчалык зыян тартты, дегеле акыркы үч жылда кайсы бир өлкөнүн экономикасынан көз каранды болуу тобокелдигинен арылууга жетиштүү аракеттер көрүлүп жатабы?

Ушул айларда Евробиримдик Орусияга салган санкцияларын узартуу же узартпоо маселесин чечет. Акыркы маанайларга караганда анын узартылышы күтүлүүдө. Ушу тапта АКШ Сенаты Орусияга карата санкцияларын кеңейтти жана бекитти.

Батыштын санкцияларынан улам 2014-жылдан бери Орусия 55 млрд доллар же Ички дүң өндүрүмүнүн 1% жоготту деп БУУ эсептеп чыкты.

Бул учурда Борбор Азия өлкөлөрү канчалык зыян тартты, дегеле ушул акыркы үч жылда кайсы бир өлкөнүн экономикасынан көз каранды болуу тобокелдигинен арылууга жетиштүү аракеттер көрүлүп жатабы?

Тажикстан парламентинин каржы экономика комитетинин төрагасы Шариф Рахимзода, Казакстандан экономика илимдеринин доктору Магбат Спанов жана Кыргызстандан экономист Искендер Шаршеев менен талкууладык.

Шариф Рахимзода
Шариф Рахимзода

Санкциялардын кыйыр таасири

Рахимзода: Мигранттардын салымы да, сатылган өндүрүмдүн каражаттары да кеминде 40% азайды. Булар Орусияга салынган ошол санкциялардын терс таасири. Орус экономикасынын төмөндөшүнөн улам биздин мигранттардын бир бөлүгү кайтып келүүгө аргасыз болду. Калгандары мурдагыдай эле акча таап жатышат, бирок рублдин долларга карата курсу түшүп кеткенине байланыштуу алардын кирешеси эки эсе азайды. Ооба, мунун экономикага да таасири болду. Айрым тармактар жабыркап атат. Маселен, айыл чарбадагы өсүш мурдагы жылдарга караганда төмөн.

Кантсе да Орусия бул биримдиктин локомотиви болчу да. Бирок азыр Орусия локомотив болуу ордуна ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн эсебинен сырткы соода балансын жакшыртууга аракеттенүүдө.

Спанов: Адегенде санкциялар киргизиле баштаган 2014-2015-жылдары анчейин деле таасири болгон эмес. Бирок кийинчерээк Орусияга инвестиция, кошумча каржы ресурстарын алууда олуттуу сокку урула баштаганда бул бүтүндөй Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдүн соода алакасына терс таасир этти. Кантсе да Орусия бул биримдиктин локомотиви болчу да. Бирок азыр Орусия локомотив болуу ордуна ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн эсебинен сырткы соода балансын жакшыртууга аракеттенүүдө. Жалпысынан экономикалык өсүү жагынан алып караганда акыркы жылдары биздин өлкөлөрдө абдан негативдүү тенденциялар байкалууда. Демек санкциялардын таасири азыр олуттуу. Мындай жагдай дагы узакка сакталат деп күтсөк болот.

Бирок ошол эле учурда Орусия да кандайдыр кадамдарды жасап жатат. Мисалы, жакында эле Пакистан менен Индиянын Шанхай кызматташтык уюмуна кириши Орусия бул күтүүлөрдү жокко чыгарышы үчүн экономикалык резервдерди издеп жатат дегенди көрсөтөт. Башкача айтканда, өлкө инвестицияга өтө муктаж. Аны мурда үчүнчү өлкөлөр деп айтылчу Кытай, Индия, Пакистандан алууну көздөп турат. Бул экономикалык күрөш, бул дайыма күчөй берет.

Альтернативалуу базарлар, инвестиция булактары

Искендер Шаршеев
Искендер Шаршеев

Ушу тапта Кыргызстанга инвестициянын келиши татаал болуп жатат. Анткени азырынча кыргыз базарларына ишенген чоң инвесторлор жок.

Шаршеев: Эгер өкмөт ишин өзгөртпөсө, базар өзгөрбөсө, эгер өкмөт ишкерлерди Кытай, Индия сыяктуу өлкөлөрдүн базарларына үндөбөсө санкциялардан улам кыйындаган абал сактала берет. Кытай, Индия, Ооганстан, Пакистан менен иштешүүгө аракет кылган ишкерлер бар. Бирок алар кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Мисалы, Кытайда базар катуу көзөмөлдө, жөн кире албайсың, базарларын коргойт. Индияга логистика маселеси кыйынчылык туудуруп жатат. Анткени ал жакка Тажикстан, Ооганстан аркылуу же Кытай аркылуу өтүшү керек. Бүгүнкү күндө эң чоң маселе - бул логистика. Кыргызстандан товарды өндүрүп алып баруу кыйын болуп жатат.

Ушу тапта Кыргызстанга инвестициянын келиши татаал болуп жатат. Анткени азырынча кыргыз базарларына ишенген чоң инвесторлор жок. Ишкерлер “базарыңар чакан, өкмөтүңөр Вьетнам, Камбоджа, Кытайдагыдай шарттарды түзгөн жок, элиңер инвесторлорду сүйбөйт” дешет. Ушундан улам көп инвесторлор келбейт. Ошентсе да мамлекеттик инвестициялар келип жатат. Бүгүнкү күндө Кытай бизге чоң инвестор болуп калды.

Рахимзода: Негизинен кытайлыктар Тажикстандын кен тармагына инвестиция салып жатат. Алтын жана түрдүү минералдар кендерине. Ошондой эле жеңил өнөр жайга да кызыгып атышат. Учурда ири текстиль фабрикасын курушууда. Азыр 3 миң гектарга жакын жер алышып, ал жерде пиязды жаңы ыкма менен өстүрүп, гектарынан алтымыш центнер түшүм алып атышат. Биз гектарынан 25 центнер алчубуз. Башкача айтканда, кытайлыктар түрдүү багыттарда иштеп атышат.

Магбат Спанов
Магбат Спанов

Спанов: Бирок буга кылдат мамиле кылган оң. Мисалы, азыр Казакстанга бир нече миллиард доллар турган 51 заводду алып келүү же куруу пландалып атат. Муну менен Кытай биздин аймакта экономикалык таасирин бекемдегиси келет. Менин билишимче, бул өлкөнүн башка борборазиялык мамлекеттерге байланыштуу да ушундай пландары бар.

"Азаттык": Ооба, маселен Кыргызстанга 44 өндүрүш ишканалары салынышы мүмкүн деген кабар тараган...

Спанов: Өткөн жылкы жер боюнча митингдерди эстесеңиз, ага кытайлык компания Казакстанда жер алышы мүмкүн деген маалымат негиз болгон. Демек, менимче, бул маселе биздин коңшуларыбызда да жаралышы мүмкүн. Анткени кытай инвесторлору ишкана эле курбастан ал үчүн жер да сатып алышат да. Бул нааразылык жаратып, саясий жактан терс таасир бериши мүмкүн. Ошон үчүн бир жагынан чынында эле акча салган инвестор пайда болду деп оптимисттик көз карашта болгонубуз менен геосаясий жагынан буга кылдат мамиле кылуубуз керек.

Албетте биздин жетекчилер дагы да акылдуураак болуп, Борборазиялык бирикме деген долбоорду колдошсо болмок. Анткени биз коңшулар Кытай же Орусияга кылчактабай адегенде чөлкөмдө өз ара тил табышуу керек.

Талкууну толугу менен ушул жерден угуңуз

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG