Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:11

АКШда Сенат Орусияга каршы жаңы санкцияларды колдоо менен буга чейинкилерин да мыйзам аркылуу бекемдөө үчүн добуш берди. Сенаторлордун бул кадамы Кремлдин Вашингтондогу азыркы администрация менен мамилеси алар күткөндөй болуп оңоло албай жаткан учурга туш келди.

14-15-июнь күнкү добуш берүүлөрдө Орусияга каршы санкциялар боюнча мыйзам долбоорун америкалык сенаторлордун 98и колдоп, экөө каршы чыкты.

Бул Орусия боюнча санкциялардын бекемделишин жана кеңейтилишин Сенаттагы республикачылар да, демократтар да колдоду дегенди билдирет.

Москвага каршы жаңы чаралар Иран боюнча санкциялык мыйзамга бириктирилди.

Документ Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон соңку күндөрү Сенат комитеттеринде сүйлөгөн учурунда, мыйзамгерлерди этияттыкка үндөп, администрация Орусия менен иштешүүдө жаңы чаралардан улам “тушалып калуудан” кооптонуп турганын айтканына карабай жактырылды:

- Бизде Орусия менен татаал маселелердин чоң топтому бар. Биздин мамилелер азыр бардык мезгилдегиден эң төмөнкү деңгээлде жана начарлап жатат. Максатыбыз муну стабилдештирүү. Бир нече чөйрөдө орус өкмөтү менен алаканы калыбына келтирип, жумушчу мамиле орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатабыз. Бул биздин да кызыкчылык. Сирия боюнча да белгилүү бир аракеттер көрүлүүдө. Бирок жемишин берип жатат деп айтуу эртелик кылат. Бизде азыр сүйлөшүү үчүн айрым каналдарыбыз ачык, мен алардын жабылып калуусун каалабайт элем, - деген Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Сенат санкцияга добуш берерден бир күн мурда.

Байкоочулар Орусия санкциялары боюнча сунуштун Сенатта эки партиядан тең колдоо табышын Вашингтондогу саясий чөйрөлөрдө Москва 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишкени үчүн жазалануусу керек деген позиция боюнча консенсус бардыгынын белгиси иретинде сыпатташууда.

Мыйзам долбоор Сенаттан кийин Конгресстин Эл өкүлдөр палатасына барат. Республикачылар үстөмдүк кылган бул палатада Орусияга каршы жазалоочу чараларды жактоо маанайы анчалык күчтүү эмес.

Бирок палатанын спикери Пол Раян документти колдой турганын ишара кылды.

Жаңы чараларда Орусияга каршы анын Украинадагы аракеттеринен улам мурда президенттин жарлыгы менен киргизилген санкциялар эми мыйзам түрүндө бекемделүүдө.

Бул Орусия менен мамилени оңдоо ниетин айтып жүргөн президент Дональд Трамптын эски санкцияларды да Конгресстин макулдугу жок жоюшу кыйындайт дегенди түшүндүрөт.

Атүгүл демократтардын Сенаттагы лидери Чак Шумер “президент санкцияларды өз алдынча жоё алат деген идеяны бул мыйзам талкалады”,- деп ырастады.

Кошумча жаңы санкциялар болсо Орусия АКШнын былтыркы президенттик шайлоосуна кийлигишти деген айыптоолордон улам киргизилип жатат.

Мурдагы санкциялар Орусиянын каржы жана энергетикалык гана компанияларын камтыса, жаңысы тоо-кен, металл өндүрүү, жүк ташуу жана темир жол компаниялары үчүн да жайылтылат.

Ошондой эле адам укуктарын бузганы үчүн айыпталган орусиялыктарды бутага алат.

АКШ мыйзамгерлеринин аракетин комментарийлеп жатып,15-июндагы түз байланышта орус президенти Владимир Путин буларга токтолду:

- Мына биз АКШ Сенатында санкцияларды кеңейтүү боюнча мыйзам долбоор кайрадан жаралганын билебиз. Эмне үчүн? Адаттан тыш эч нерсе деле чыккан жок. Эмне үчүн жөнү жок эле жерден санкциялар тууралуу айта башташты? Бул АКШдагы ички саясий күрөштүн уланып жатканынын белгиси. Бирок мен муну жок жерден чыгарышты деп санайм. Крым же башка маселелер болбосо да Орусияны токтотуу үчүн башка нерсени ойлоп табышмак. Санкциялардын таасири тийдиби же жокпу? Ооба тийди. Кардиналдуубу? Андай деп ойлобойм. Бизге көбүрөөк дүйнөлүк конъюктуранын, биздин негизги товарларыбызга: мунай, газ, металл, химиялык продукцияларга жана башкаларга баанын төмөндөшүнүн таасири тийди.

Орусияны былтыркы президенттик шайлоого кийлигишти деп АКШнын мурдагы администрациясы да жазалоого жетишкен эле.

Президент Барак Обаманын кызматтагы соңку күндөрү көрүлгөн чаралар боюнча Орусиянын 30га жакын дипломаты АКШдан чыгарылып, тыңчылык максатта колдонулат делген эки дипломатиялык жай тартылып алынган.

Президент Трамптын тушунда мамиле оңолот деп үмүттөнгөн Кремл бул санкцияларга шайкеш жооп берген эмес.

Бирок Ак үй күчүндөгү санкцияларды жоё албасы, Конгресс жаңысын киргизери анык боло баштагандан бери орус расмийлери да ыктымал жооп чаралар жөнүндө айтууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG