Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:48

EurAsia Daily: АКШ Борбор Азияга жардамын кыскартат


Орусия Өзбекстан менен Түркмөнстанды аскерий биримдикке кошууну көздөөдө. Ал эми АКШ Борбор Азияга берип келген аскерий жана гуманитардык жардамдарды кыскартууда.

ИМ Тажикстанга тап берүүгө даярданып жатат

Правда.ру басылмасы «Ислам мамлекети» террордук тобу Түркмөнстан менен Өзбекстанга кол салууга даярданып жатканын баяндады.

Макалада Ооганстан менен чектеш Борбор Азия өлкөлөрүндө кооптуу кырдаал түзүлгөнү айтылат. Орусия Тажикстан менен Кыргызстандагы аскерий базаларын күчтөндүргөнү, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн аба майданы коргоого алынганы жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында региондо масштабдуу аскерий иш-чара пландалганы белгиленет.

Бирок Москванын аракеттерине карабай Өзбекстан менен Түркмөнстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирүүгө көнбөй жатканы региондо бирдиктүү аскерий коопсуздук абалын түзүүгө тоскоолдук жаратканы айтылат.

Аскерий биримдикке кошуу үчүн Москва Ташкентке аскерий курал-жарактар менен техниканы арзандатылган баада сатууга дагы макул болгон. Айрым эксперттер Орусиянын мындай кадамдарын НАТОнун аскерий активдүүлүгүнүн жогорулашы менен байланыштырат.

АКШ Кыргызстанга жардамын азайтат

EurAsia Daily басылмасы Америка Борбор Азия өлкөлөрүнө берчү аскерий жана гуманитардык жардамдардын көлөмүн бир кыйла кыскартканын жазды.

Трамптын бюджет сунушу сынга кабылды

Трамптын бюджет сунушу сынга кабылды

АКШ президенти Дональд Трамптын тышкы жардамга, дипломатияга бөлүнгөн акчаны кыскартуу планы сын жана тынчсыздануу жаратты.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы келерки жылы чет өлкөлөргө бериле турган жардамдын бюджетин Конгресске жөнөткөн. Анда Борбор Азияга берилчү аскерий жардам келерки жылы 15 миллион доллардан 9 миллион долларга чейин кыскартылган.

Жалпысынан аскердик кадрларды даярдоого жана терроризм менен күрөшүүгө бөлүнчү каражаттар калып, маңзат аткезчилиги менен күрөшүүгө, укук тартибин бекемдөөгө берилчү каражаттар толугу менен кыскартылган. Көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстан коншуларына салыштырмалуу АКШдан эң көп аскерий жардам - быйыл 4 миллион доллардан ашык каражат алган, ал эми келерки жылы берилчү каражат 1,5 миллион долларга чейин кыскарган.

Аскерий жардам менен бирдикте экономикалык жана гуманитардык жардамдын көлөмү дагы азайган. Быйыл АКШдан Борбор Азияга 102 миллион доллар гуманитардык жардам бөлүнгөн болсо, келерки жылга 45 миллион доллар гана каралган. Кыргызстанга бөлүнгөн гуманитардык жардам 47 миллион доллардан 18 миллионго чейин, Тажикстанга болсо 35 миллиондон 17 миллионго чейин азайган. Казакстан менен Түркмөнстанга гуманитардык жардам толугу менен кыскартылган. Ал эми Өзбекстанга берилген 9 миллион доллар гуманитардык жардам кийинки жылга өзгөрүүсүз калган.

EurAsia Daily басылмасы "Борбор Азия АКШнын саясатында маанисин жоготту, Вашингтон региондогу Кытайдын экономикалык жана Орусиянын аскерий долбоорлоруна көз салууда" деп жыйынтыктайт.

Сирия: Орусия кыйытты...

РБК басылмасы "Орусия Казакстан менен Кыргызстандын аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө" деп жазат. Мамлекеттик Думанын коргонуу боюнча комитетинин жетекчиси Владимир Шаманов Сирияда тартипти сактоо иштерине Орусиянын полициясы менен бирдикте Казакстан менен Кыргызстандын аскерлеринин катышуусу боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүү болуп жатканын маалымдаган.

Макалада Астана менен Бишкек бул маалыматты расмий тастыктабаганы белгиленет. Орусиялык эксперттер Казакстан менен Кыргызстан Орусиянын сунушуна макул болсо, бул аскерий күчтөрдү иш жүзүндө даярдыкта кармоого жакшы мүмкүнчүлүк деп баалашкан.

"Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө болгон бул эки өлкө, Орусия менен бирге Сириядагы операцияга катышканы эл аралык чөйрөдө өздөрүнө да, аскерий биримдикке да аброй алып келет" деп айтылат макалада. Кыргызстандын армиясы 20 миң, Казакстандыкы 50 миң адамдан турары эскертилип, эки өлкө Сирияга жүздөгөн аскерлерин жөнөтүшү мүмкүн деп божомолдонот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG