Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Трамптын бюджет сунушу сынга кабылды


Президент Дональд Трамп коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө жана АКШнын инфраструктурасын жакшыртууга миллиарддаган доллар каражат керектигин Конгресстеги алгачкы кайрылуусу учурунда билдирген. Вашингтон, 28-февраль, 2017-жыл.
Президент Дональд Трамп коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө жана АКШнын инфраструктурасын жакшыртууга миллиарддаган доллар каражат керектигин Конгресстеги алгачкы кайрылуусу учурунда билдирген. Вашингтон, 28-февраль, 2017-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамптын тышкы жардамга, дипломатияга бөлүнгөн акчаны кыскартуу планы сын жана тынчсыздануу жаратты. Вашингтондогу азыркы администрация Конгресске келерки жыл үчүн сунуш кылган бюджет долбооруна ылайык, Мамлекеттик департаменттин каржысы жана тышкы жардамдын көлөмү үчтөн бирге кыскарышы керек.

Президент Дональд Трамптын бюджет сунушу өлкөнүн өзүндө да, сыртында да тынчсызданууларды, сын пикирлерди жаратууда.

Вашингтондогу бийликтин дарегине багытталган кайрылуу-эскертүүлөрдүн эң алгачкылары БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерештин атынан айтылды.

Гутерештин пикиринде, "АКШнын каржылоону чукулунан кыскартышы дүйнөнүн башкаруу институттарындагы узак мөөнөттүү реформалардын таасирин жокко чыгарат". БУУнун баш катчысынын өкүлү Стефан Дужарик Нью-Йорктогу басма сөз жыйында буларга токтолду:

- Баш катчы Улуттар уюмун реформалоого жана анын максатка ылайыктуулугун камсыздап, ишинин натыйжалуулугу жогорулашына жетишүүгө толугу менен дилгир. Бирок каржылоонун чукулунан кыскаруусу узак мөөнөттүү реформалардын таасирин жокко чыгаруучу атайын чаралардын кабыл алынуусуна алып барат. Гутереш Кошмо Штаттар жана башка мүчө өлкөлөр менен биздин орток максаттардын жана баалуулуктардын ишке ашуусу үчүн чыгымы өзүн актаган уюмду кантип жаратуу маселесин талкуулоого даяр. Баш катчы терроризм менен эффективдүү күрөшүү зарылдыгына кошулат, бирок бул аскерий чыгымдарды гана камтыбайт. Терроризмдин кыймылдаткыч күчтөрүнөн арылуу үчүн жаңжалдарды алдын алууга, жөнгө салууга, кыянатчыл экстремизм менен күрөшүүгө, тынчтыкты сактоого, курууга, туруктуу жана ар тараптуу өнүгүүгө, адам укуктарын урматтоого жана бекемдөөгө, гуманитардык кризистерге өз убагында кайрылууга да каражат керек.

Президент Трамптын бюджет боюнча сунуштарына ылайык, АКШ БУУнун тынчтыкты сактоо операцияларына кошкон акчалай үлүшү азыркыдан 25-28% кыскарышы керек. Бул каражаттын жалпы көлөмү азыр 7,9 миллиард долларды түзөт.

БУУнун бейпилдик күчтөрүнүн унаасы. Ливан, 2015-жыл.
БУУнун бейпилдик күчтөрүнүн унаасы. Ливан, 2015-жыл.

Тынчтыкты сактоо операцияларынын чыгымынан тышкары АКШ БУУнун жалпы бюджетинин, анын ичинен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо, Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик өңдүү уюмдарынын жылдык чыгымынын дээрлик чейрек бөлүгүн берет.

Тынчтыкты сактоо операцияларынын чыгымын көтөрүүдө андан кийин Жапония менен Кытай туруп, 10 пайыздан, Германия менен Франция 6% төлөйт.

Вашингтон дипломатияга жана эл аралык жардамдарга каражатын кыскартууну мерчемдеп жатканына байланышкан тынчсыздануулар АКШнын өзүнөн да чыгууда. Конгресстин Эл өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Нэнси Пелоси азыркы администрациянын бюджет боюнча сунуштарын чечмелеп, буларды айтты:

Нэнси Пелоси
Нэнси Пелоси

- Бул федералдык өкмөттү кайра түзүү боюнча бюджет. Алар кайра түзүүчүлөр жана муну жашырышкан жок.

АКШнын келерки жылга жалпы көлөмү 3,8 триллион доллар деп долбоорлонгон бюджетиндеги ички жана тышкы кыскартуулар аскерий чыгымдарды азыркыдан он пайызга, же 54 миллиард долларга көбөйтүү үчүн жасалып жатат. Бирок мындай кадам Конгресстеги демократтардын жапырт, ага катар айрым белгилүү республикачылардын да нааразычылыгын жаратты.

Республикачыл сенатор Марк Рубио “тышкы жардам кайрымдуулук эместигин”, сенатор Линдсей Грэхем “коргонууга каражаттын көбөйүшү улуттук коопсуздуктун” эсебинен болуп жатканын белгиледи.

Улуттук кызыкчылыкты коргоо ар тараптуу мамилени, “анын ичинде аскерий карым-катышты гана эмес, колдо бар дипломатиялык аспаптарды толук жана жоопкерчилик менен пайдаланууну талап кылат" дейт Конгресстин Эл өкүлдөр палатасында Мамлекеттик департаментти жана тышкы жардамды тейлеген комитеттин төрагасы, республикачыл Хал Рожерс.

Ал эми Эл өкүлдөр палатасынын тышкы иштер комитетинин демократ мүчөлөрү спикер Пол Раянга жолдонгон катында коргонууну чыңдап, дипломатияны алсыратуу алысты ойлогон кадам эместигине көңүл бурушту.

“Биздин дипломаттар талаштарды ок жана бомба менен чешпеш үчүн жөнгө салып жатышат”, - деп айтылат алардын катында.

Пол Раян
Пол Раян

Спикер Пол Раян өзү болсо бюджет долбооруна байланыштуу "куралдуу күчтөрүбүздү калыбына келтирүүгө киришип жатканыбыз мени шыктандырууда. Армиябыздын бошоңдоп калганы баарыбызды камтама кылган маселе. Биз эми бул жолго салынат деп ишенип турабыз" - деген мамилесин билдирди.

Мурдараак мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон да дипломатияга акча кыскарып жатышын колдоп, дипломатияны азыраак акча менен, бирок кыйла эффективдүү жана натыйжалуу жүргүзүүчү жолдор изделе тургандыгын айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG