Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:06

"Бир кур, бир жол": Кытай Орусияны кыйгап өтөбү?


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин "Бир кур, бир жол" демилгеси талкууланган конференцияда, Бээжин, 15-май, 2017.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин "Бир кур, бир жол" демилгеси талкууланган конференцияда, Бээжин, 15-май, 2017.

Москва Бээжиндин “Бир кур, бир жол” стратагиялык планын кабыл алганы менен адистер Кытайдын дымактуу долбоору Орусияны кыйгап өтөрүн белгилешет. Кытайдын лидери Си Цзинпин «Бир кур, бир жол» демилгесин 2013-жылы Бээжиндин тышкы саясатынын өзөгү катары жарыялаган.

Кытайдын Евразия континентин аралаган экономикалык долбоору 60тай өлкөнү камтып, жаңы кара жана темир жолдорду, портторду, электр станцияларды, энергетикалык куурларды салуу үчүн жүз миңдеген долларды чапчыйт.

“Бир кур, бир жол” деп аталган долбоор эксперттердин баамында Орусиянын мүдөөсүн орундатпай, аны тескерисинче кыйгап өтчүдөй.

“Бир кур, бир жол” канчалык ачык болгон сайын ага Орусия дээрлик катышпай турганы айкын болуп калды” дейт Гаагадагы Стратегиялык иликтөөлөр борборунун аналитиги Сейбрен де Йонг “Азаттыкка” берген комментарийинде.

Кытайдан башталып Борбор Азияны, андан ары Беларус менен Украинаны камтыган долбоор Орусиянын туштүк перифериялары менен гана чектелет.

Кытай менен Европаны байланыштырган байыркы Жибек Жолун эске салган стратегиялык карта Орусиянын купулуна толбосо да Москва эл көзүнө Бээжинди кубаттагандай таасир калтырат.

15-июнда президент Путин “Биздин чогуу кызматташтыкка эч кандай шегим жок, ал иштин пайдасы Кытай менен Орусиянын элине гана эмес, глобалдык түзүлүшкө да таасир этет”, - деп айтты коомчулуктун суроолоруна жооп берип жатып.

Лондондогу эл аралык коопсуздук боюнча иликтөөлөр институтунун директору Раффаэлло Пантуччи “Кытайдын көз карашынан алганда [Кытай] орустардын эл алдында мактануусуна жол бергени менен акыр- аягында көздөгөн ишинин өтөсүнө чыгат. Орусия өзү гана оңтойсуз абалда калат”, – деген пикирде.

“Бир кур, бир жол” долбоору ишке кирсе, Орусияга тийгизчү таасир алды менен Кытай инвестициясын гана азайтпастан, Борбор Азиянын базарын кытайлык фирмалар ээлеп, Бээжинге бул аймактын табигый байлыктарын алууга дагы кеңири жол ачат.

Кытайдын лидери Си Цзинпин «Бир кур, бир жол» демилгесин 2013-жылы дүйнөнүн экинчи чоң экономикасынын башкы максатты катары жарыялаган. Кытай жаңы иш орундарын түзүп, өндүрүштүн ашыкча кубатын жаңы базарларга салып, начар өнүккөн батыш аймагын алдыга сүрөп, эл аралык алкакта Бээжиндин саясий жана экономикалык таасирин кеңейтүүнү, Европа менен товар алмашууга кеткен убакытты кыскартып, баасын арзандатууну көздөгөн. (Евробиримдик менен Кытайдын товар алмашуусу бир күндө 1 жарым млрд евродон арбын деп саналат.)

Cи Цзинпин “Бир кур, бир жолдун” түпкү максаты Бээжиндин саясий таасирин күчөтүп, аны менен Кошмо Штаттардын глобалдык позициясын алсыратат деген жүйөлөрдү четке кагып, стратегияда “саясий маселе” жоктугун белгилеп, анын жыйынтыгын дүйнөлүк “гармониялык түзүлүштүн бүтүндүгү” катары сыпаттаган.

Каржылык колдоонун басымдуу бөлүгүн Кытай өзүнө алып, ал үчүн Азия инвестициялык банкы түзүлүп, “Бир кур, бир жол” Си Цзинпиндин тышкы саясатынын өзөгү катары жарыяланган. Кытайдын бул стратегиялык долбоорго кирген өлкөлөр менен соода-сатыгы 2025-жылы эки жарым трлн долларга жетери болжолдонгон.

"Бир кур, бир жол" долбоорунун картасы
"Бир кур, бир жол" долбоорунун картасы

Москва менен Бээжин алакасына абай салсак, 2016-жылы кытайлык ишканалар эл аралык базарга 225 млрд доллар инвестиция жасаса, анын 2% гана Орусияга туура келет.

“Орустар ишенгендей Сибирдеги советтик транспорттук жолдорду модернизациялоого Кытай кызыкпай турганын” Колумбия университетинин Харриман институтунун директору Алекс Кули айтат.

Бээжиндин жаңы стратегиясына көз салган эксперттер орус-кытай мамилесинде Москванын күткөнү ордунан чыкпай жатканын белгилешет.

Гаагалык эксперт де Йонг “кытайлар орустарга эмес, тескерисинче Орусия ага муктаж” экенин айтууда. Маселен, “Сибирдин кубаты” газ кууруна Бээжин менен Москва 2014-жылы кол койгону менен Батыштын санкцияларынан улам туруп калган. Орусиянын Ыраакы Чыгышы менен Кытайдын түндүк-чыгышын бириктире турган газ куурун салуу алгачкы план боюнча 2019-жылы аяктамак. Бирок ушул тапта долбоор “ташбакадай кыбырап” калганын Йонг белгилейт.

Анын үстүнө Йонгдун көз карашында Бээжин газга “арзан баа коюп”, ал эми куур салууга бөлүнгөн насыядан Орусияда ишкердик жүргүзүүнүн “саясий-экономикалык тобокелдигинен” улам деп бир топ процентин алып коёт.

Борбор Азиядан таяныч табуу аракети

Президент Путин “Бир кур, бир жолду” орус-кытай алакасынын маанилүү жетишкендиги жана Чоң Евразия демилгеси менен үндөш долбоор катары көрсөткөн” дейт америкалык профессор Кули.

Орус президентинин үмүт арттырган мындай билдирүүсү бир жыл мурда Санкт-Петербурдагы эл аралык экономикалык форумда “чоң евразиялык өнөктөштүк” боюнча көз карашын ортого салганда айтылган. Өткөн жылы Путин Батыштын Орусияга каршы санкцияларына жооп катары “Чоң Евразия” идеясын көтөрүп, экономиканын “багыты эми Азияга буруларына” ишара кылган.

Путиндин Кытай менен экономикалык алакаларды бекемдөө идеясы эки жыл мурун түзүлгөн, курамына беш постсоветтик өлкө кирген Евразия экономикалык биримдигине негизделген.

“Эң башкысы алдыбызда ЕАЭБ менен Кытайдын Жибек Жолу демилгелеринин алкагында биздин аракеттерибизди бириктирүү максаты турат” деген Путин “Бул биздин колубуздан келет. Мен ага көзүм жетет” деп айткан.

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн расмийлери мындай сүйлөшүүлөр 10 жылдап созуларын эскерткенин Москвадагы Карнеги институтунун илимий кызматкери Александр Габуев белгилейт.

Харриман институтунун директору Алекс Кули “Орусиянын "Бир кур, бир жол” долбоору ЕАЭБны түзүүгө көмөк болуп, анан баары биригип Москва сунуштап жүргөн Чоң Евразия демилгесине кирип кетет деп үмүттөнгөнүн” түшүндүрөт.

Муну менен Кули “Борбор Азияда инфраструктура, газ куурлары, кара жана темир жолдор Кытайдын инвестициясына салынып жатканын” эске салат.

Кытайдын мындай долбоорлорго катышуусу анын саясий ролун арттырууда. Маселен, Бээжинде Кытай-Борбор Азия газ кууру боюнча үч өлкө катышкан консорциум түзулгөн. Кытай – Казакстан, Кытай – Өзбекстан жана Кытай – Түркмөнстан кирген үч биргелешкен ишкананы түзүүгө Бээжин ортомчу болгон.

ЕАЭБ + “Бир кур, бир жол” = арбыбаган кадам

Путин Си Цзинпин менен эки макулдашууга кол коюп, ЕАЭБ “Бир кур, бир жол” менен айкалышып ишке кирет десе, айрымдар Орусия көзөмөлдөгөн биримдик Борбор Азияда өз таасирин күчөтөт деген көз карашта.

Орусиянын Борбор Азиядагы таасири менен тарыхы узакка созулуп, 18-кылымга барып такалат. “Орустар бул аймакта таасирин жоготуп алуудан чочуганы менен ошол эле маалда ага бөгөт коюуга чындап колунан көп деле нерсе келбейт” дейт Йонг. “ЕАЭБге кирген өлкөлөр “Бир кур, бир жолго” кошулууга кызыкдар, иш жүзүндө акча ошол тараптан келет”.

Кытай болсо ЕАЭБге далысын салып, биримдикке кирген ар бир өлкө менен өз алдынча келишимдерди түзүп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG