Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Казакстан Европа менен жакындашат


Казак президенти Нурсултан Назарбаев жана Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу. 9-октябрь, 2014-жыл
Казак президенти Нурсултан Назарбаев жана Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу. 9-октябрь, 2014-жыл

Расмий Астана Казакстандын көп вектордуу тышкы саясатын сактап каларын дагы бир ирет бышыктады.

Астанада өтүп жаткан экономикалык форумда премьер-министр Карим Масимов келе жаткан айда Европа биримдиги менен кызматташтык жана өнөктөштүк боюнча жаңы кеңейтилген келишимге кол коюла турганын билдирди. Ошондой эле ал Астана Орусия баш болуп кирген Евразиялык биримдикти экономикалык долбоор катары гана колдой турганын жарыялады.

Астананын күтүүсүз кадамы

Карим Масимовдун билдирүүсү расмий Астана Европа биримдиги менен мамилени тереңдетүүгө кызыкдар экенин айгинеледи. Анын үстүнө өкмөт башчынын бул билдирүүсү президент Назарбаевдин жакында Батыш Европага жасаган расмий визитинен кийин болду. Соңку жылдары Астана менен Брюссель өнөктөштүктү жакшыртуу боюнча макулдашууну карап жаткан. Евробиримдик Борбор Азияда чоң экономикалык мүмкүнчүлүгү бар жана Евразиялык экономикалык союздагы Орусиянын негизги өнөктөшү болгон Казакстан менен кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экенин ырастап келатат.

Ошол эле кезде өкмөт башчы Карим Масимов өткөн шаршембиде Астана клубунда сүйлөп жатып, Казакстан бийлиги Орусиянын демилгеси менен түзүлгөн Евразиялык союзду экономикалык долбоор катары гана карай турганын айтты. “Казакстан бул долбоорду саясий жагы жок, прагматикалык мүнөздөгү экономикалык долбоор катары колдойт. Биздин позициябыз ушундай”, – деген премьер-министр Карим Масимовдун сөзүнө өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

Билдирүүгө түрткү болгон “ички чыңалуу”

Эксперт Досым Сатпаев өкмөт башчысынын бул билдирүүсү өлкө Евразиялык биримдикке киргенден кийинки казак коомчулугундагы чыңалууну жайгаруу үчүн гана айтылды деген ойдо:

- Бул биринчи кезекте Казакстандын ичиндеги интеграциялык долбоорго карата сын-пикирдин көбөйүүсүнө байланыштуу. Башында, мисалы үчүн, бул Евразиялык экономикалык биримдиктин болочогуна карата сын-пикирин Казакстан коомчулугундагы саясий жактан кызыкдар бөлүгү жана эксперттик чөйрөнүн айрымдары гана айтып келсе, азыркы учурда ишкерлер айтып чыга башташты. Бул өз кезегинде коомчулукта чыңалууну жаратып, кырдаалды курчутуп жатат. Мына ошол абалды жөнгө салуу үчүн аткаминерлер Евразиялык биримдик болгону экономикалык гана долбоор дегенди көп кайталай башташты. Бирок, турмуш бул долбоор экономикалык эмес, саясий долбоор экенин көргөздү.

Ошол эле кезде Карим Масимов Евробиримдик жана АКШ менен болгон өзгөчө мамиле улантыларын айткан. Мындан сырткары ал Казакстан Кытайдын “Бир жол, бир кур” программасын ишке ашырууга кызыкдар экенин ырастаган. Карим Масимов президент Нурсултан Назарбаев дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен жакшы мамиле түзүүгө багытталган көп вектордуу тышкы саясат жүргүзүүгө ынтызар экенин кошумчалады.

Евробиримдик менен Казакстандын ортосунда быйыл декабрь айында кол коюла турган келишим эки тараптын ортосундагы экономикалык мамилени жөнгө салууга багытталган. Анда соодада, кызмат көрсөтүүдө жана чийки зат ташуудагы техникалык эки ортодогу тоскоолдуктарды алып салуу жагы каралат. Ошондой эле ал макулдашуу аймактык коопсуздукту чыңдоодо жана террорчулукка каршы күрөшүүдө жакындан кызматташууну көздөйт.

Буга чейин Орусиянын президенти Путин Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагына бирдиктүү валюта киргизүү боюнча өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө убакыт келгенин айткан. Бирок ошол эле кезде Казакстандын экономика министринин орун басары Тимур Жаксылыков ал сунушту четке кагып, Евразиялык биримдиктин алкагында бирдиктүү валюта киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароого бир топ убакыт бар экенин белгилеген болчу.

XS
SM
MD
LG