Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Назарбаев Дариганы Батышка неге ээрчите барды?


Нурсултан Назарбаев ханыша Елизавета менен
Нурсултан Назарбаев ханыша Елизавета менен

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (2-9-ноябрь)

Британиянын басма сөзү эле эмес, айрым жарандык топтору да Лондонго акыркы мезгилде авторитардык өлкөлөрдүн лидерлери көп келип жатканын кескин сынга алышууда. Daily Mail гезити мурдагы Советтер Союзуна кирген Казакстандын диктатор башкаруучусуна эмнеге падышалык үй-бүлө кызыл килем төшөйт деген мазмундагы макала чыгарды. “75 жаштагы казак лидерин Букингем сарайынан Елизавета ханыша, кичүү уулу Эндрю жана күйөөсү Филип тосуп чыкса, аларга Нурсултан Назарбаев улуу кызы Дариганы ээрчите келген. Дарига Назарбаева азыр вице-премьер-министр кызматында, атасынын мураскору экени да айтылып келет. Ал эми Елизавета экинчинин кичүү уулу ханзада Эндрю Казакстанга британ ишмердигин арттыруу үчүн бир нече ирет каттаган. Падышалык үй-бүлө менен сый тамактан кийин Назарбаевди Дэвид Кэмерон кучак жайып Даунинг көчөсүнөн тосуп алып, баш-аягы 5 миллиард долларлык бир нече келишимге кол койгону да таң калтырбай койбойт. Себеби казак лидерин эл аралык укук коргоочу уюмдар катуу сынга алып келишкен”, - деген Daily Mail гезитиндеги бул макалага “Падыша үй-бүлөсү казак зулумун кабыл алды” деп тема койгон.

Financial Times гезити казак лидеринин Лондонго жасаган сапарына Борбор Азиядагы оор экономикалык кырдаал себеп болгонун жазат. Казакстанды бүткүл КМШ өлкөлөрүнүн ичинен экономикасы эң мыкты өлкө катары баалап, табигый ресурстары менен бул каатчылыктан оңой чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү да бар экенин аталган гезит атайын кошумчалаган.

Путин террордон өч алабы?

Батыш медиасында эгерде Мисирдин Синай жарым аралында кыйраган орус учагына “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу бомба койгону чын болсо, анда Кремлдин террордон өч алуусу ири масштабда болот деген аналитикалык макалалар чыкты.

The Washington Times гезитине журналист Тодд Вуд ушундай маанидеги макаласын жазды. “Бул ишти иликтөөдө Мисир менен Орусиянын орток кызыкчылыгы бар. Мисирдин “араб жазынан” кийин эми телчигип келе жаткан экономикасына кулаган учак чоң сокку болсо, Орусия өз элинен Украина согушунун оор жагдайларын жашырып келгендей, эми 224 кишинин өмүрүн алган учак кырсыгынын чыныгы себебин жашыра албай убара тартууда. Путин өз өлкөсүндө орустардын намысын коргогон лидер катары кадыр-баркы чоң. Кокус Синайдагы трагедия террор катары бааланса, анда Путиндин өч алуусу укмуштай кеңири масштабда болуп, көп каражатты талап кылат. Азыр Орусияда акча жок, каатчылык, бирок элдин намысы үчүн орусиялыктар кыйналып жашаганга да кайыл”, - деген көз карашын жазган америкалык журналист Тодд Вуд.

Business Insider басылмасы дагы эгерде “Ислам мамлекети” тобу учактын кыйроосун моюндаса Орусиянын Жакынкы Чыгыш менен ымаласы ыдырайт дейт. АКШдагы Вильсон борборунун эксперти Майкл Коффман: “Москва өзүнүн алгачкы Башар Асадды куткаруу планын сактап калыш үчүн учак кырсыгын “ИМ” тобуна эмес, башка тараптарга оодарууга аракет кылат. Бирок орусиялыктар “ИМ” тобунун кылганына ишенсе, анда албетте бийлик эли үчүн өч алып берет”, - деген оюн билдирген Business Insider журналына.

Канаданын жаңы өкмөтүндө гендердик баланс толук сакталды

Социалдык тармактар менен дүйнөлүк басылмаларда кызуу талкууланган тема Канаданын өкмөт башына жаңы келген либералдык партиянын лидери Жастин Трюдо болду. Американын Time журналы Трюдо өкмөтүнүн 50 % аялдардан турарын белгилеп, ага тарыхый окуя деген баа берди. Жастин Трюдо бул чечими тууралуу журналисттерге “Азыр 2015-жыл”, - деген гана жооп узаткан. Журнал андан ары өкмөтүндө аялдар көп болгон дүйнөнүн айрым өлкөлөрүн мисал келтирет. Маселен, Швецияда министрлердин 52%, парламенттин 43% аялдар болсо, Руандада парламенттин 64%, Финляндияда министрлердин 62% аялдар түзөт. Канаданын жаңы өкмөтүндө ошондой эле ар кыл улуттардын өкүлдөрү, мүмүнчүлүгү чектелген адамдар да бар.

Ватикандагы жемкорлук чыры

Британияда чыккан The Times гезитинин журналисти Том Кингтон Ватиканда ыйыктардын тизмесине кирүү үчүн баш-аягы 750 миң евро чыгымдаларын иликтеген “Храмдагы соода” аттуу китеп тууралуу макала жазды. Италиялык журналист Жанлуиджи Нуццинин бул китебинде Ватикандагы ыйыктар тизмесин түзүүдөгү жемкорлуктун схемасы баяндалган. Жалганчы кечилдер, пара алган чиркөө кызматкерлеринин коррупциядан түшкөн кирешеси миллиондогон евро экенин көрсөткөн бул китеп жарыкка чыккандан кийин Ватикан полициясы чиркөөнүн бир кечили менен дагы бир кызматкер аялды камакка алды. Рим Папасы Франциск чиркөөдөгү каржылык жаңжалды чечүүгө аракет кылып, атайын иликтөөчү комиссия түздү.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG