Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:11

Өзбекстан: ишкерлерди текшерүү токтойт


Апта ичинде орусиялык басылмалар Тажикстанда президенттин сүрөтү менен акча банкнотун чыгаруу талкууланып жатканы, Өзбекстанда Мирзиеёв жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө жол ачканы, ал эми Кыргызстанда депутаттар мас айдоочулардын автоунааларын мамлекетке өткөрүп алуу мыйзамын сунуштап жатканы тууралуу жазышты.

"Регнум" маалымат агенттиги Казакстанда өспүрүм кыздардын үчтөн бири келечекте эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатканын жазды. Ал эми өспүрүм балдардын 20 пайызы ден соолугунун начардыгынан аскерде кызмат өтөй алышпайт. Бул тууралуу Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Роза Куанышбекова айтып чыккан. Ал мектептердеги дарылоо пункттарын Билим берүү министрлигинин карамагынан кайрадан Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берүү тууралуу мыйзам долбоорду сунуштап чыккан.

Мектептерде жүргүзүлгөн медициналык текшерүүлөр окуучулардын басымдуу бөлүгү бала чакта эле ашказан ооруларына чалдыгып, дем алуу жана көрүү органдары начарлап кетерин аныктаган.

Казакстанда январдан тарта 2,6 миллион бала медициналык текшерүүлөрдөн өтүп, 300 миңден ашуун бала каттоого алынып, 150 миңдейи стационардык, ал эми дагы 100 миңге жакыны амбулатордук дарылоого алынган. Казакстанда 15 жашка чейин 5 миллиондон ашык бала бар экени, ага кошумча быйылкы жылы 300 миң ымыркай төрөлгөнү макалада айтылат.

"Российская газета" Кыргызстанда депутаттар мас айдоочулардын автоунааларын мамлекетке тартып алуу мыйзамын сунуштап жатканын маалымдады.

Макалада Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү жол кырсыктарына каршы күрөшүү үчүн мас абалында автоунаа айдагандарды айдоочулук күбөлүктөн биротоло ажыратуу, жол кырсыгына себепкер болгон мамлекеттик кызматкерлерди үч жылга чейин кызматтан четтетүү жана соттун чечими боюнча автоунааны мамлекеттин пайдасына чегерип алуу боюнча Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү сунуштап жатканы баяндалат.

Өткөн жылы эле өлкөдө мас абалында автоунаа айдагандарга карата жазалар күчөтүлгөнү, бирок ага карабай жол кырсыгында каза тапкандардын саны 20 пайызга көбөйгөнү кошумчаланат. Былтыр Кыргызстанда 7 миңден ашуун жол кырсыгы катталаса, алардын 500гө жакыны мас абалындагы айдоочулардын катышуусу менен болгон.

EurAsiaDaily басылмасы өзбекстандык ишкерлерди камакка алуу токтойт деп баяндайт. Макалада Өзбекстан президентинин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев 1-январдан тарта жеке ишкерлерди текшерүүлөрдү токтотууну буйруганы айтылат. Мындай чечимди мамлекет башчысы жеке ишкердүүлүктү көтөрүү, жарандардын жеке менчигин коргоо жана өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу максаттары менен түшүндүргөн. Эми Өзбекстанда мыйзамсыз иш жүргүзгөн ишкерлер өз ниети менен келтирилген зыяндын ордун толтурса, административдик жана кылмыш жообуна дагы тартылбайт. Ошондой эле жеке ишкердик ачууну каалагандар үчүн мамлекеттик жол-жоболор да жөнөкөйлөштүрүлөрү белгиленүүдө.

"Регнум" Тажикстанда миң сомони жаңы акча банкнотун президент Эмомали Рахмондун сүрөтү менен чыгаруу сунушталууда деп кабарлайт. Мындай демилгени мамлекеттик “Тажиксургут” ишканасынын аймактагы жетекчиси Шариф Каримов көтөрүп чыкканы белгиленет. “Акылдуу жана калыс башчы – Аллахтын белеги” деген демилгечи банкнотту Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата чыгарууну сунуштаган.

Макалада былтыр апрелде эле окумуштуулар тобу Эмомали Рахмонго “улут лидери” деген наамды берүү демилгеси менен чыгышып, андан көп өтпөй тажик президенти өзүн “улут лидери” деп мыйзам чыгарып алганы дагы кошумчаланат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG