Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Би-Би-Си Ташкентке кайтат


Би-Би-Си медиа корпорациясынын өзбек кызматынын Ташкенттеги бюросу ишин жандантканы жатат.

Бул тууралуу аталган кызмат 5-июлда расмий сайтына жарыялады.

Өзбек бийлиги 2005-жылы Анжияндагы кандуу окуядан кийин Би-Би-Си менен "Азаттыктын" өзбек кызматтарын жаап койгон. Ал арада ушул окуядан улам өлкөдөн чыгарылган, расмий Ташкенттин адам укуктары боюнча саясатын сындап келген Human Rights Watch уюму дагы ишин улантышы мүмкүн экени маалым болду.

Лондондогу Би-Би-Синин өзбек кызматы расмий сайтына Ташкенттеги бюросу айрым бир тыныгуудан кийин ишин жандантууга камданып жатат деп жазды. Ошондой эле бюрого иштей турган журналисттерге сынак жарыялады. Анда журналисттер ишке чыгармачыл мамиле жасап, жаңы темаларды алып чыгышы, ишмердиктин түрдүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен тил табыша билиши зарылдыгы айтылат.

Ошондой эле дүйнөнүн чар тарабын кыдырууга даяр болуп, Өзбекстандагы окуяларды жергиликтүү эл үчүн эле эмес, дүйнөдөгү бардык угарман-көрүүчүлөр үчүн даярдаганга даяр болушу шарт деп көрсөткөн. Бирок Ташкенттеги бюро ишин качан жандантары так көрсөтүлгөн эмес жана бийликтер кандай шартта макул болгону да айтылган жок.

Ташкент
Ташкент

Деген менен расмий Ташкенттин 10 жылдан ашуун убактан бери жабылып турган бюронун ишин улантууга уруксат берип жатканы ар түрдүүчө талданып жатат. Буга чейин тышкы иштер министри деңгээлинде сүйлөшүү жүрүп жатканы маалым болгон.

Лондондогу Би-Би-Синин өзбек кызматынын мурдагы кабарчысы Ислам Толибов бийлик толук жумшарды деп айтууга эртелик кылат деп эсептейт:

- Ташкент ачылып жатат деп бекем айтууга азырынча эрте. Менимче Өзбекстан Би-Би-Си өңдүү дүйнөгө таанымал айрым бир медиа уюмдар менен кызматташууга даяр жана муну дүйнөлүк коомчулукка эшигин ачуунун биринчи кадам катары сыпаттаса болот. Би-Би-Синин өкүлдөрүнүн Өзбекстандын тышкы иштер министринин жолугушуусунун аки-чүкүсүн билбейм. Бирок Би-Би-Си ишин жандантуу үчүн бир жылдан бери сүйлөшүп жатканы факт. Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Би-Би-Синин өкүлдөрүн жылуу кабыл алганы да белгилүү.

Ислам Толибовдун пикиринде, эң ириде расмий Ташкент муну менен дүйнөлүк коомчулуктун алдында кадыр-баркын жогорулаткысы да келет:

- Би-Би-Си кайсы бир саясатты көздөгөн саясий уюм эмес. Бул жаңылык тараткан, бул же тигил өлкөдөгү окуяларды бейтарап, өз убагында чагылдырган медиа мекеме. Өзбекстан дүйнөлүк коомчулуктун колдоосуна муктаж деп айтса болот. Мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда булганган кадыр-баркын калыбына келтирүүнү каалап жатат. Бул үчүн медианын колдоосу керек. Мирзиеев муну жакшы түшүнүп жатат.

Би-Би-Си менен "Азаттыктын" Ташкенттеги бюролору 2005-жылдагы Анжияндагы калабалуу окуядан кийин жабылган жана журналисттер ушул тушта Өзбекстандагы окуяларды чет жерлерде туруп чагылдырып жүрүшөт.

Ал арада Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Ташкентте 5-июлда "Өзбекстан" улуттук телеканалындагы түз эфирде жарандар менен ачык баарлашууда айрым бир эл аралык уюмдар менен кызматташуудагы тыныгуу, кайра жандантуу мүмкүндүгү тууралуу суроого жооп берди. Министр алардын келиши толук мүмкүн экенин айтты:

- Биз жакында эле Human Rights Watch эл аралык уюмунун аткаруучу директору Кеннет Росстон кат алдык. Анда ал Стив Свердлов (аталган уюмдун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү) баштаган чакан топтун Өзбекстанга келип-кетишине уруксат сураган. Биз ал топту кабыл алууга даярбыз.

Абдулазиз Камилов кызматташуу бири-бирин урматтаган шартта болушу керектигин, өлкөнүн ички ишине кийлигишүүгө жол берилбей турганын, ошондой эле каада-салтты, сыйлап, аймактын өзгөчөлүгүн түшүнө билиши шарт экенин белгиледи.

Аталган эл аралык уюм Ташкент менен кызматташуунун жанданышы тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Айрым маалымат булактардын билдиришинче, Human Rights Watch Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёевге адам укуктары жаатында саясий туткундарды азат кылуу, талаада мажбурлап иштетүү ыкмасынан баш тартуу, кыйноо, басмырлоо өңдүү көрүнүштөрдү жоюу, Бириккен Улуттар уюму менен адам укуктары жаатында кызматташуу, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарына шарт түзүү өңдүү өзгөртүүлөрдү сунуштаган.

Быйыл май айында БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Зейд Раада ал-Хусейн баштаган топ Ташкентке келип кеткен болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG