Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

HRW: Адам укугун лидерлер бузууда


"Хьюман Райтс Вотч" уюмунун аталышы жазылган такта
"Хьюман Райтс Вотч" уюмунун аталышы жазылган такта

"Хьюман Райтс Вотч" уюму дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү авторитардык лидерлер менен Батыштагы популисттик партиялар адам укуктарына коркунуч туудуруп жатканын эскертти.

"Хьюман Райтс Вотч" уюму соңку 12 айда 60тан ашуун өлкөдө жасалган анализде АКШ, Орусия, Түркия жана Өзбекстан, Тажикстанда адам укуктарына коркунуч күчөп баратканы белгиленет.

Орусия, Түркия жана Кытай сыяктуу темирдей бекем бийлиги бар өлкөлөрдө репрессивдик саясат күчөп, Батыштагы популист партиялардын көбөйүшүнөн улам адам укуктарына коркунуч күчөп баратканын эскертет. Уюмдун дүйнөдөгү адам укуктарына көз салган жаңы баяндамасында соңку 12 айда көптөгөн авторитардык режимдер нааразылыкка чыккандарды катуу кысымга алып, сөз эркиндигин чектөөнү күчөткөнү айтылат.

Рекс Тиллерсондун иши жана сөзү

Рекс Тиллерсондун иши жана сөзү

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп мамлекеттик катчылыкка Рекс Тиллерсондун талапкерлигин сунуштап жатат.​

Орусиянын президенти Владимир Путин 2000-жылы бийликке келгенден кийин Рекс Тиллерсон менен бир нече жолу жолуккан. Тиллерсон чет элдик мунай “магнаты” катары Путиндин колунан "Дружба" орденин да алган.

Дональд Трамптын жек көрүү менен сабырсыздыкты козуткан өнөктүгүнөн кийин Кошмо Штаттардын президенти болуп шайланганы, ошондой эле Батыш Европадагы популист лидерлер адам укуктарынын негиздерине шек келтирип, адам укуктарынын жалпы системасын коркунучка кептеди.

Орусиядагы, Түркиядагы, Филиппиндеги, Кытайдагы “күчтүү лидерлер” жеке беделин баарынан жогору коюп, мамлекеттик бийликтин жарандардын алдындагы жоопкерчилигин, бакубаттык менен коопсуздуктун кепили укуктук кол тийбестик экенин жокко чыгарууда.

Курулай пропагандага сугарылган мындай тенденциялар укуктук нормаларды бузуп, адамдын ар-намысына, сабырдуулукту жана теңдикти камсыздаган институттар менен мыйзамдарга шек келтирип жатканы уюмдун баяндмасында айтылат.

687 барактан турган дүйнөлүк баяндамада "Хьюман Райтс Вотч" уюму 90дон ашуун өлкөдө адам укуктарынын абалына сереп салат.

Баяндаманын кириш сөзүндө эле "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун аткаруучу директору Кеннет Рот АКШда шайланган президент Дональд Трамп өз жеңишин камсыздаган өнөктүк маалында айткан “кооптуу риторикасы” “ар-намыс менен теңдиктин негизги принциптерин бузду” деп белгилейт. Ошондой эле “Батыштагы популист саясатчылардын көбөйгөнү башкаларга адам укуктарын бузууга ачыктан ачык жол көрсөттү” – деп айтат.

Докладда Орусияда Владимир Путин массалык нааразылыктарды басууга репрессивдик ыкмаларды колдонуп, сөз эркиндиги менен жарандардын ээн-эркин чогулуусун ажыдаар оп тарткандай тыптыйпыл кылып, башка көз карашы барлар менен ар кандай топторго каршы катаал чектөөлөрдү киргизгени белгиленет.

"Хьюман Райтс Вотч" уюмунун Брюсселдеги кеңсесинин маалымат катчысы Андрей Штройляйн “Орусияда массалык түрдө күч менен басуу 2011-2012-жылдары эле башталган. Бирок башкаруучу режим душман деп санагандардын катмары калыңдап баратат. Юстиция министрлигинин кыртышы сүйбөгөн "чет элдик агенттер" сыяктуулардын тизмеси узарды, 150 бейөкмөт уюмдарга кошулгандар жыл сайын арбып баратат”, - деп айтты "Азаттык" радиосуна.

Мирзиёевдин Өзбекстаны

Мирзиёевдин Өзбекстаны

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президентинин милдетин аткара баштагандан бери бир топ кадрдык алмашуулар болду. Анын ишинде коңшу мамлекеттер менен мамилесин жакшыртууну көздөп жаткандай ишарат да байкалууда.

Уюмдун баяндамасынын Борбор Азия бөлүгүндө 2016-жылы Өзбекстанда жаңы бийликке келген лидер адам укуктарынын абалына көңүл бурушу мүмкүн деген оптимисттик ой айтылат. Штройляйн жаңы президент Шавкат Мирзиёев карапайым адамдардын жашоосун жеңилдетем деген убадасына карабай ага чейинки авторитардык режимдин атасы Каримовдун системасын улантууда деген пикирде:

- Бул репрессияга дуушар болгондордун, укук коргоо органдарынын колунан кыйноо көргөндөрдүн жери бойдон кала берүүдө. Жыл сайын пахта терим маалындагы мазактоолор, коопсуздук кызматтары жалпы элдин жүрөгүнүн үшүн алган жерде жаңы лидердин келиши менен жагдай өзгөрүп кетээрине ишеним аз.

Тажикстанда болсо адам укуктары өткөн 12 айда кескин начарлаганы белгиленет. “Өлкөдөгү негизги оппозициялык партиянын жетекчилери узак мөөнөткө абакка кесилгени, андан кийин адвокаттардын камалышы, бийликти сындагандарды аңдып, кармоолор Тажикстандагы адам укуктарынын абалынын караңгыга сүңгүп баратканын көрсөтөт” - деп айтылат "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун баяндамасында.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG